Мигранттар «кулчулукка» каршы Москвада масштабдуу митинг өткөрүшөт

Эмгек мигранттары Москвада «кулчулукка» каршы 100 миңге чукул кишинин катышуусундагы митинг өткөрүшөт, деп билдирди тажик мигранттарынын башчысы. Орусия борборунун бийлиги азырынча бул билдирүүгө карата эч кандай реакция жасай элек.

Үстүбүздөгү жылдын октябрында Москвада борбордук базарлардын ээлери менен жумуш берүүчүлөрдү жоопкерчиликке тартуу талабы менен масштабдуу митинг өтөт. Мигранттар аларды «эмгек кулчулугун» пайдаланып жатышат деп айыпташууда.

Жалпы орусиялык «Тажик эмгек мигранттары» бирикмесинин башчысы Каромат Шарипов Kloop.kgге берген маегинде митинг атайын ушул маселени кароо үчүн Москвада чогула турган этникалык тажиктердин съезди жактыргандан кийин өтөт.

«Жарандардын саны 100 миңден кем болбойт, анткени каалоочулар өтө көп, Москва шаары менен Москва облусунда эле Тажикстандын жарандарынын саны 500 миңге жетет. Коюла турган талаптардын бири — эбак эле мекенине кайтып кетиши керек болгон кулчулукта жүргөн тажиктердин бошотулушу», — деди Шарипов.

Анын айтымында, митингди өткөрүү мигранттар кабылып жаткан кулчулук, эмгектин адам чыдагыс шарттары жана айлыктын кечиктирилиши сыяктуу көйгөйлөргө Орусия бийлигинин көңүлүн буруу үчүн зарыл.

«Ал митингдер болот. Демократиянын пункттарынын бири митинг деп аталат. Адамдардын санына ылайыктуу орун берүү өтүнүчү менен Москванын жетекчилигине билдирме жолдонот. Алар: «Жок урматтуулар, 100 миң эмес, 10 миң» деп айтуулары мүмкүн. А биз андай болсо деле утуп чыгабыз — анткени биздин добушубуз угулат», — деди Шарипов.

Анын айтымында, укук коргоо органдары тарабынан эч кандай басым жасоолор болгон эмес.

Ал митингге кыргыз мигранттарынын катышаар-катышпасы белгисиз.

Азырынча Москванын бийлиги мигранттардын Орусиянын борборунда 100 миңдеген кишилердин катышуусунда митинг өткөрүү боюнча билдирүүсүнө карата эч кандай реакция жасай элек.