Милиция Бажы биримдигинин каршылашына «саясаттан эс алуу» кеңешин берди

Токмок милициясы Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине каршы болуп келген жергиликтүү активист менен маектешти. Андан Путин менен Атамбаевге болгон көз караштары жөнүндө сурашып, «саясаттан эс алуу» кеңешин беришкен.

Социалдык түйүндөрдө Руслан Кыргызбаев деген лакап ат менен белгилүү Бактияр аттуу (фамилиясын атабай эле коюубузду өтүндү) интернет-активист саясий көз караштары тууралуу маектешүү үчүн 19-августта жергиликтүү милиция бөлүмүнө чакырылган.

РИИБде Бактиярды апасынын көзүнчө саясий көз караштары, анын ичинде Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине каршы онлайн-активдүүлүгү тууралуу сурашкан.

«Менин Путиндин, Атамбаевдин саясатына кандай көз карашта экендигимди сурашты. «Сен эмне бандеровчуларды колдойсуңбу?», «Сен ким менен сүйлөшөсүң?» деген сыяктуу суроолор болду. Мен аларга жооп бердим. Путин Украинанын аймагына кирип баруу менен эл аралык мыйзамды бузгандыгын, «Кыргызгазды» сатпаш керек болчу экендигин — андан улам биз Орусияга көз каранды болуп калгандыгыбызды айттым», — деди Бактияр.

Андан соң милиционерлер Бактиярдын артынан Токмок шаарындагы Борбордук китепканага келишкен — анда активист дайыма бекер вай-фай менен пайдаланып жүрчү.

Анда аны менен алты киши маектешкен, алардын бири жарандык кийимчен болгон.

Бактиярдын айтымында, алардын эч кимиси өзүн тааныштырган эмес.

«Мага [китепканада] жарандык кийимчен бир киши келип, шектүү жана сүрдүү карап туруп: «Телефонуңду бер» деди. Мен телефонум менен күндөгүдөй эле интернетке кирип, социалдык түйүндөрдөгү досторум менен сүйлөшүп жаткам. Ал баарын карап баштады. Анан формачан дагы бир нече милицияонер пайда болду. Алар да өздөрүн тааныштырышкан жок, дароо эле «Сен кимсиң? Каяктансың?» деп, фамилия жана башка маалыматтарды сурап башташты», — деди Бактияр Kloop.kgге берген маегинде.

«Саясаттан эс алуу»

Бактияр милицияга кирээрдин алдында диктофонду иштетип койгон.

Активисттин айткандарын уккандан кийин милиция кызматкерлери ага «саясаттан, социалдык түйүндөрдөн, интернеттеги жигердүү коомдук ишмердүүлүктөн эс алуу» кеңешин беришкен.

Бактияр аны социалдык түйүндөрдөгү активдүүлүгү үчүн кармашты деп эсептейт — анда ал түрдүү оппозициялык топтордун мүчөсү.

Өз билдирүүлөрүндө ал Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине байма-бай каршы чыгып келет.

Май айынын башында ал Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө каршы Бишкекте өткөн акцияга катышкан.

Ошондой эле Бактияр өзүн Орусиянын сырткы саясатынын каршылашы деп эсептейт.

«Биздин маалымат мейкиндигибиз телевидение түрүндө — анда орусиялык каналдар өтө көп. А интернет болсо — бул алтернатива, биз ал аркылуу Кыргызстандын элине туура маалымат жеткиребиз», — деди ал.

Токмоктун милициясы активист менен болгон маек боюнча түшүндүрмө алуу үчүн азырынча жеткиликсиз болууда.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчыларына бул окуя боюнча эч нерсе билбей тургандыктарын айтышты.

Бактиярдын милиция кызматкерлери менен болгон маеги: 

https://soundcloud.com/kloop-1/okqazy7yjmqs