Премьер УКМК кызматкерлеринин багбандан акча «талап кылынгандыгын» иликтөө тапшырмасын берди

Өкмөт башчысы атайын кызматтагылар менен прокурорлорго Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМКнын) кызматкерлерин «акча талап кылууга» айыптаган багбандын кайрылуусу боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Ош облусунда жашаган Шавкат Байбабаев аттуу багбандан УКМКнын кызматкерлери «акча талап кылгандыктары» жазылган жазуу түрүндөгү арыз алды.

Кайрылууда 2014-жылдын июнь айында Байбабавдин үй-бүлөлүк кокон гилас бакчасында «УКМКнын Араван райондук бөлүмү менен Чек ара кызматынын куралдуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз иштеген жумушчуларды аныктоо боюнча бир нече жолу негизсиз текшерүүлөр болгондугу» жазылган.

Оторбаев багбандын күч түзүмдөрүнө койгон дооматтарын кылдаттык менен иликтеп чыгуу тапшырмасын берди.

«Мамлекеттик органдар калктын таза иштеп, үй-бүлөлөрүн багууларына тоскоолдук кылбастан тескерисинче аларды колдошу керек», — деп жазган өкмөттүн басма сөз кызматы Оторбаевдин айткандарын.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Kloop.kgге берген маегинде бул боюнча эч кандай түшүндүрмө бере албастыгын айтты. Бирок ал иликтөө иштери премьердин тапшырмасына чейин эле башталгандыгын белгиледи.

Юрист Жибек Кенжебекова «акча талап кылуу» ишин иликтөө менен прокуратура гана алектениши керек жеп эсептейт.

«Анын (премьердин) иликтөө иштерин УКМКга тапшыргандыгы — бул албетте, туура эмес. Мындай шартта алар болгону ички териштирүү иштерин жүргүзүп же аскер прокуратурасынын кароосунда боло алышат», — деди Кенжебекова Kloop.kgге берген маегинде.

Фермер тарабынан тартылган видео:

Буга чейин Байбабаев «Азаттык» радиосуна берген маегинде УКМКнын кызматкерлери анын кокон гилас багынан түшкөн кирешесине өтө кызыгып, «үлүш» талап кылгандыктарын билдирген.

Ал буга премьердин Ош облусунун Араван районуна болгон иш-сапарында өлкө башчысына кирешеси көп экендиги тууралуу айткандыгы себеп болгон деп эсептейт.

«Бакка келсем эле 3 киши туруптур. Бирөө аскер формачан чек ара кызматынан, экөө жарандык кийим кийген УКМК кызматкерлери экен. Анан эле себепсиз бакты текшерип башташты. Өздөрүнүн документтерин көрсөтүшкөн деле жок, текшерүү боюнча кагаз деле беришкен жок», — деген Байбабаев.

Айтымында, аны чарбасынын аймагында өзбекстандыктар мыйзамсыз иштеп жатат деп айыптап, эгер каршылык көрсөтүшсө бардыгын кармай тургандыктарын айтышкан.

«Артында автоматчан кишилери да бар экен, алар бакта иштеп аткан адамдарды кармап чыгышып, коркута башташты. Анан мен эптеп бир нерсе чыгарыш үчүн келгенин билдим да, эми эмне кылабыз десем, «Гиластан түшкөн кирешеден 20 миң доллар бересиң. Болбосо гиласың сатылбайт, Араванда биз кожоюнбуз дешти», — деп жазган «Азаттык» багбандын айткандарын.

Байбабаев бул окуянын баарын видеокамерага тартып алып, анын негизинде Башкы прокуратурага, президентке, өкмөткө жана акыйкатчыга кайрылуу жазган.