Кыргыз өкмөтүнүн сайты белгисиз адамдар тарабынан чабуулга кабылып, анын башкы барагына киргенде валюталык рыноктогу соодага арналган ресурс ачылууда.
Сайттын бузулгандыгы 24-август күнү кечинде белгилүү болгон — өкмөттүн сайтынын башкы бетине киргенде валюталык рыноктогу соодага арналган indoforextrading.com ресурсу ачылууда.
Өкмөттүн басма сөз катчысы Гүлнура Төралиева «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасына берген маегинде сайттын ишиндеги мүчүлүштүктөр 25-августта жоюлаарын билдирген.
Анын айтымында, азырынча сайттын бузулуп ачылышынын себептери белгисиз.
Кыргызстандын министрлер кабинетинин сайты буга чейин да чабуулдарга кабылган — эки жыл мурун аны сириялык хакерлер бузуп ачышып, башкы бетине Сириядагы өкмөткө каршы өткөн митингдер менен согуштар тартылган видеону жайгаштырып коюшкан.
Кыргызстандын өкмөтүнүн сайтынын өзү популярдуу WordPress платформасында жасалган.