Украинадагы «Евромайдан» жөнүндөгү тасманы Бишкекте көрсөтүү электр жарыгынын күтүүсүздөн өчүп калышынан улам үзгүлтүккө учурады, деп билдиришти иш-чараны уюштурган «Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо кыймылынан.
«Майдандагы кагылышуунун бурулуш күнү жөнүндөгү жыйырма далил» тасмасы 25-август күнү кечинде Бишкектеги Кино үйүндө көрсөтүлүшү керек болчу.
Бирок тасманы көрсөтүү электр жарыгынын өчүрүлүүсүнөн улам үзгүлтүккө учураган — уюштуруучулардын айтымдарында, жарыкты өчүрүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМКнын) кийлигишүүсү менен ишке ашкан.
«Бир Дүйнө — Кыргызстан» кинофестивалынын директору Төлөйкан Исмаилова Kloop.kgге берген маегинде аларга тасманы көрсөтүүгө маданият министринин орун басарларынын бири уруксат бергендигин айтты.
«Ал (министрдин орун басары) бизге телефон аркылуу уруксат берген. Анан [«Кыргызфильмфонддун» директору] Урмат Айталиев келди [...] анан эле беш мүнөттөн кийин электр жарыгын өчүрүп салышты. Бирок журналисттер чыгып бара жатканда биринчи кабатта жарыктын күйүп тургандыгын көрүшкөн», — деди Исмаилова.
Укук коргоочунун айтымында, Кино үйү, «Кыргызфильмфонду» жана Маданият министрлиги аны менен болгон сүйлөшүүлөрүндө тасманы көрсөтүүгө тыюу салуу УКМК тарабынан айтылгандыгын билдиришкен.
«Бул Кино үйү, фонд жана Маданият министрлиги тарабынан жасалган чоң чагымчылдык болду. Алар УКМК тыюу салгандыгына шилтеме жасап айтып жатышат», — деди Исмаилова.
УКМКнын басма сөз кызматынан бул боюнча маалыматтын жоктугун айтышып, укук коргоочунун айткандары боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.
«Кыргызфильмфонддун» башчысы Урмат Айталиевдин өзү Kloop.kgге берген маегинде тасма Кино үйүнүн биринчи кабатында жайгашкан кафедеги техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам көрсөтүлбөй калгандыгын айтты.
«Мен ал тасманы көрүп чыктым, анда коркунучтуу деле эч нерсе жок. Ал жакка Төлөйкандын чакыруусу менен баргам. Инженерлер мага түшүндүрүшкөндөй, төмөнкү кабаттагы кафеде бир нерсе күйүп кеткен. Бүгүн анда түшкө чейин электр бригадасы иштей тургандыктарын айтышты», — деди Айталиев.
«Евромайдан» тууралуу тасма
Режиссер Максим Спасовдун «Майдандагы кагылышуунун бурулуш күнү жөнүндөгү жыйырма далил» аттуу документалдуу тасмасы «Евромайдан SOS», Ukrlife.TV интернет-телеканалы жана Адам укуктары боюнча Украин-Хельсинки союзунун коомдук демилгеси менен тартылган.
Тасманын өзү:
Тасманын авторлорунун бири Александра Романсова Kloop.kgге берген маегинде кинотасма үстүбүздөгү жылдын 20-февралында Киевдин борборунда болгон демонстранттар менен милициянын кагылышуусуна арналгандыгын билдирди.
«Бул бийлик өз ыйгарым укуктарын ашырып жибергенде кандай гана бийлик үчүн болбосун коркунучтуу экендиги тууралуу тема. Ошондуктан мен бийлик ыйгарым укуктарын ашырып жиберүү менен ушунчалык трагедияга алып келген Майдан темасы силердин да бийлик структураларыңар үчүн коркунучтуу болушу мүмкүндүгүнүн жеңил көрсөткүчү болушу ыктымал деп ойлойм», — деди Романсова.
«Евромайдан» жана Кыргызстандын реакциясы
«Евромайдандын» митингдери 2013-жылдын ноябрында, Украинанын Европага багыт алып өнүгүүсү үчүн уюштурулган демонстрациялар менен башталган, бирок бара-бара президент Виктор Януковичтин бийликтен кетишин талап кылган ири митингдерге айланган. Митингдердин радикалдуу мүнөзгө өтүүсүнө укук коргоо органдарынын маал-маалы менен чогулгандарды кууп таратуу аракеттери түрткү болгон.
Эң көп кан төгүлгөн күн — 2014-жылдын 20-февралы — 100дөн ашык кишинин өлүмү, андан кийин Украинада бийликтин алмашуусу жана президент Виктор Януковичтин өлкөдөн качып кетиши менен аяктаган.
Кыргызстандын бийлиги «Евромайдандын» митингдерине карата мамилесин бир канча жолу өзгөрткөн.
Бийликтин эң алгачкы реакциясы алардын Украинанын Европага багыт алган саясаты үчүн митингке чыгып жаткандарды ачык колдоп чыккан белгилүү бишкектик активист Илья Лукаш менен болгон маегинде ачык көрүнгөн.
Анда милиция Лукаштан «Евромайданга» байланышкан бардык акциялары тууралуу алдын ала эскертип туруусун өтүнгөн.
Украинада бийлик алмашкандан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Януковичтин легитимсиз экендиги тууралуу бир нече жолу күтүүсүз билдирүү жасаган, мекеменин мындай билдирүүлөрү Кыргызстан негизги өнөктөш катары эсептеген Орусиянын позициясына каршы келген.
Бирок Кыргызстандын бийлиги өз позициясын Крымды Орусиянын курамына киргизген референдумдан кийин өзгөрткөн — өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги ал фактыны «объективдүү чындык» деп атаган.