Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу: жаракат алгандар бар экендиги кабарланууда

Кыргыз жана тажик арачыларынын атышуусунун жыйынтыгында Тажикстандын беш жараны жаракат алышты, деп билдирүүдө «Азия-Плюс» порталы. Кыргызстандын бийлиги биринчилерден болуп тажик аскерлери ок чыгаргандыктарын айтууда.

Атышуу 25-август күнү Баткен облусунун Лейлек районундагы Сай аймагында орун алган — Кыргызстандын бийлигинин версиясы боюнча, тажик чек арачылары чек аранын такталбаган аймагына чек ара бекетин орнотууга аракет кылышкан.

«Аны менен катар Тажикстандын жарандары — Овча-Калача айылынын жашоочулары — экскаватордун жардамы менен Кыргызстандын жарандары Сай аймагына өтчү Гулькандоз дарыясындагы көпүрөнү бузууга аракет кылышкан», — деп билдирүүдө кыргыз чек арачыларынын басма сөз кызматы.

Кыргызстандын бийлигинин билдирүүсү боюнча, алгачкылардан болуп кыргыз аскерлерине каршы минометтерду колдонгон тажик чек арачылары ок чыгарышкан.

Кыргыз тарапта жаракат алгандар жок.

Чек ара кызматынын бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө режимине өткөрүлгөн — бийликтегилердин билдирүүлөрү боюнча, учурда чек арада абал чыңалган бойдон калууда.

«Азия-Плюс» тажик жаңылыктар порталы чек арачылардын ортосундагы атышуунун жыйынтыгында беш кишинин жаракат алгандыгын билдирүүдө — басылма Тажикстандын Согди обладминистрациясындагы булагына шилтеме жасаган.

Булактын билдирүүсү боюнча, ок атышуу кыргыз бийлигинин Ходжа Бокиргон дарыясы аркылуу көпүрө куруу аракетинен кийин болгон.

«Кыргыз чек арачыларынын ачык ок атууларынын жыйынтыгында Калача кыштагынын беш жашоочусу жаракат алган. Окуя болгон жерге жетип барган тажик чек арачылары жооп катары ок атышкан эмес», — деп жазган «Азия-Плюс» өз булагына таянуу менен.

Басылманын билдирүүсү боюнча, азыр жаңжал чыккан жердеги абал Тажикстандын чек арачылары тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Жаракат алгандар ооруканага жаткырылышкан.

«Тажик чек ара кызматы Кыргызстандын маалымдоо каражаттары менен чек арачыларынын алардын жооп катары ок чыгаргандыктары тууралуу айткан билдирүүлөрүн четке кагууда — ал чындыкка дал келбейт», — деди Kloop.kgге берген маегинде «Азия-Плюстун» кабарчысы Аваз Юлдашев.

Бул Тажикстан менен болгон чек арадагы алгачкы кагылышуу эмес, алардын эң акыркысы үстүбүздөгү жылдын июлунун ортосунда орун алган — анда чек арачылардын ортосундагы атышуунун жыйынтыгында Тажикстандын бир жараны каза болуп, кеминде дагы беши жаракат алган.

Мындай жаңжалдар тажик анклавын айланып өтчү жолдун курулушу боюнча сүйлөшүүлөрдүн фонунда орун алууда.

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанстандын аймактары Фергана өрөөнүн бириктирип, өлкөлөр ортосунда татаал чек ара системасын түзүп турат. Ошондой эле өлкөлөрдүн бири-биринин аймактарында анклавдары да жайгашкан.

Өлкөлөр ортосундагы чек аранын кыйла бөлүгүнүн дагы деле делимитацияланбагандыгынан улам жергиликтүү жашоочулардын, кээ бирде чек арачылардын ортосунда да тез-тез жаңжалдар чыгып келет.

Акыркы жылдардагы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эң катуу кагылышуу 2014-жылдын январында болгон. Анда эки өлкөнүн чек арачылары  Ворух анклавын айланып өтүүчү жолдун кайсыл аймактарда курулушу керектиги боюнча талашып-тартышуулардан улам бири-бирине ок атууга барышкан.