Атамбаев: Кыргызстандын түндүгү үчүн газ бир жарым эсеге арзандайт

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев «Газпром» мунай-газ корпорациясы менен өлкөнүн түндүгүнө арзан газ жеткирүү боюнча макулдашты — өлкө башчысынын айтымында, бул газдын баасынын бир жарым эсеге арзандашына алып келет.

Орусиялык газ монополисти «Газпром» 2014-жылдын 1-октябрынан тарта Кыргызстандын түндүк аймактарына бир миң куб метр газды 165 доллардан жеткирип баштайт.

Президенттин айтымында, бул учурда 244 АКШ долларын түзүп жаткан көгүлтүр отунга болгон баадан бир жарым эсеге арзан болот — бул тууралуу Атамбаев 31-август күнү Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоо сөзүндө билдирди.

«Тактап айтканда, Бишкекте жана өлкөнүн түндүгүндөгү башка шаарларда газ дээрлик бир жарым эсеге арзандайт», — деди ал.

Атамбаев 2014-жылдын ноябрынан тарта «Газпром» «Майлы-Суу IV» жана «Көкарт» газ кендерин иштетип баштай тургандыгын билдирди. Президенттин айтымында, ал кендердин запасы 2,5 миллиар куб метрге чейин жетет — бул тууралуу өткөн аптада Кыргызстандын жетекчилиги менен болгон жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараткан пресс-релизинде «Газпром» да жазган.

Ошондой эле президент өз сөзүндө Кыргызстандын түштүгүндө беш айдан бери уланып келе жаткан газ каатчылыгына байланышкан маселени да козгоду.

Анын айтымында, андагы газ каатчылыгы 2016-жылга чейин созулат.

Президенттин айткандарына ылайык, эки жыл ичинде Кыргызстандын бийлиги менен «Газпромдун» өкүлдөрү республиканын түштүгүн газ менен камсыз кылуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча иштелип жаткан эки долбоордун — өлкөнүн түндүгүнөн түштүгүнө газ түтүгүн куруу же Баткен облусунда көмүрдөн газ өндүрүү боюнча завод куруу —  бирин тандап алышат.

«Бирок 2016-жылга чейин эки жыл бар, эки кыштан чыгышыбыз керек. Түштүктүн жашоочулары ал эки кыштан оор көйгөйлөрсүз чыгышы үчүн биз колдон келген аракеттердин көрүшүбүз керек», — деп билдирди Атамбаев.

Түштүктөгү газ каатчылыгы

Президент газ каатчылыгынын 2016-жылга чейин чечилишинин жолу катары «ага чейин өлкөнүн түштүгүн үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоону» атады   — өлкө башчысынын айтымында, «Газпром» Кыргызстандын Энергетика министрлигине 20 млн. АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлүп берүүгө макул болду.

«Энергетика министрлиги ал каражатты максаттуу түрдө, Ош шаары жана башка калктуу аймактардын электр энергиясы менен камсыз кылынышын жакшыртуу жана газдын ордуна электр энергиясын же башка альтернативдүү электр менен камсыздоону ишке киргизүү үчүн гана пайдаланышы зарыл. Муну өкмөт катуу көзөмөлгө алуусу керек», — деп билдирди президент.

Кыргызстандын түштүгүндөгү газ каатчылыгы беш айдан берип уланып келет — Өзбекстан көгүлтүр отун берүүсүн 2014-жылдын апрелинде эле токтоткон.

«Газпром» өлкөдө көгүлтүр отунду бөлүштүрүү жана ташып жеткирүүгө жооптуу болгон мамлекеттик «Кыргызгаз» ишканасын сатып алгандан кийин Өзбекстан газ жеткирүү боюнча келишимди узартуудан баш тарткан.

Түштүктөгү газ каатчылыгы жарандык активисттер менен өлкөнүн ал бөлүгүндө жашаган адамдардын бир нече жолку нааразычылыктарын жараткан. Июндун башында Ошто көгүлтүр отундун жоктугуна нааразы болгон активисттер «ТезекПром» акциясын өткөрүшкөн.

Анда активисттер парламент депутаттарын эшикке чыгып, бир каптан тезек алып кетүүгө чакырышкан. Бирок акция 20 мүнөткө да созулган эмес, милиция аларды кармап баштаган.

Учурда өлкөнүн түштүгүндөгү 60 миңге чукул абонент газы жок бойдон калууда.