Раппопорт аллеясынын кыйылып жатышын сындагандыгы үчүн Отунбаеванын уулун «коркутуп жатышат»

Экс-президент Роза Отунбаеванын уулу, активист Атай Садыбакасов Чолпон-Ата шаарынын жанындагы белгилүү Раппопорт аллеясындагы бактардын кыйылышын сынга алгандан кийин коркутууларга дуушар болгондугун билдирди.

Садыбакасов 2-сентябрь күнү өзүнүн «Фэйсбукдагы» баракчасына эгер ал Чолпон-Ата шаарынын чыгышындагы теректерден турган Раппопорт атындагы аллеядагы бактардын кыйылышын сынга алуусун уланта турган болсо компроматтык маалыматтарды ачыктап, физикалык таасир көрсөтө тургандыктарын айтып коркуткандыктарын жазган.

«Эгер мен оозумду жаппасым, мени менен «сүйлөшө тургандыктарын» айттырып жиберишкен. Бул терминди мен кайсыл бир «компроматтын» (баарыбыз эле периште эмеспиз да, баары үчүн табылат)ачыкталышы, ошондой эле физикалык таасир көрсөтүү болушу мүмкүн деп түшүнүшүм керектигин билдиришти», — деп жазган ал.

Садыбакасов коркутууларды тааныштарынын бири аркылуу айттырып жибергендиктерин жазган.

Активисттин айтымында, коркуткандардын үстүбүздөгү жылдын сентябрынын ортосунда өтчү мамлекеттик масштабдагы спорттук иш-чара болуп эсептелген Көчмөндөр оюндарын уюштурууга тиешелери бар.

Сүрөттүн автору: Атай Садыбакасов
Сүрөттүн автору: Атай Садыбакасов

«Ал адамдардын Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга тиешелери бар өңдөнөт. Аларга «көптөгөн айлар бою жасаган эмгектерин сыйлабагандыгым жана алардын Кыргызстанга туристтерди тартууга кошкон салымдарын баалабагандыгым жакпайт жатыптыр», — деп жазган экс-президенттин уулу.

Азырынча Көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары Садыбакасовдун билдирүүсүнө эч кандай реакция жасаша элек.

Ысык-Көлдүн жээгин бойлой кеткен Раппопорт аллеясындагы бактарды кыюу тарыхый жайдын жок болуп жаткандыкгына нааразы болгон активисттердин сын айтууларын жаратты.

Садыбакасов социалдык түйүндөрдүн бирине бактардын кыйылып жаткандыгы тартылган сүрөттөрдү жайгаштырып, бул Чолпон-Атадагы ат майдандын жанына унаа токтотуу жайын куруу үчүн жасалып жаткандыгын кошумчалаган.

Буга жооп катары Ысык-Көл облустук администрациясы бийлик куурап калган бактарды гана кыйып жаткандыгын билдирди.

Өз кезегинде активисттер куурап калган гана бактар эмес, ичтери тазалары да кыйылып жаткандыгына ишендирүүгө аракет кылышып, аллеядагы бактарды кыюу иштерин сүрөткө тартып, интернетке чыгара башташты.

Раппопорт атындагы аллея 1934-жылы курорттук Чолпон-Ата шаары менен Бостери айылынын ортосундагы жолду жээктей тигилген.