Видео: Орусияда окуган кыргызстандыктарды ал өлкөнүн аймагына киргизбей жатышат

Орусиянын жогорку окуу жайларында окуган ондон ашык кыргызстандык студентти ал өлкөнүн аймагына киргизбей жатышат. Алар Орусиянын Федералдык миграция кызматынын кара тизмесине киргизилишкен, учурда ал тизмеде 40 миңден ашык кыргызстандык бар.

Орусияда окуган 14 кыргызстандык студент аларды Орусия аймагына киргизбей койгондон кийин Эмгек, жаштар жана миграция министрлигине кайрылышты — алар Орусиянын Федералдык миграция кызматынын кара тизмесине киргизилген.

Студенттерге алардын эмне себептен кара тизмеге киргизилгендиктерин айтышкан эмес.

Кыргызстандын миграция министрлиги студенттер Орусиянын мыйзамын бузгандыктан улам кара тизмеге киргизилген болуулары мүмкүн деп божомолдоодо — бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде чет элдик жумушчу күчтөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Улугбек Бокенов билдирди.

«Анда автоматташтырылган система иштейт, эгер чет элдик жаран Москвада кайсыл бир мыйзамды же миграциялык эрежелерди буза турган болсо, ал тууралуу маалыматтардын бардыгы тең автоматтык түрдө базага барып түшөт. Анан ал жарандарды программанын өзү кара тизмеге киргизет», — деди ал.

Жалпысынан Федералдык миграция кызматынын кара тизмесине 40 миңден ашык кыргызстандык киргизилген.

Бокенов мында студенттерди каттоо менен алектенген орусиялык жогорку окуу жайлар, ошондой эле учетко турууну унутуп калган же Орусиянын мыйзамын бузган кыргызстандыктардын өзүлөрү да күнөөлүү болуулары мүмкүн деп божомолдойт.

Кыргызстандык Салкын Москвада окуйт — ал быйыл университетти аякташы керек болчу, бирок Орусиянын аймагына кире алган жок.

Ал кара тизмеге байланышкан бул окуядан улам аны окуу жайдан чыгарып салуулары мүмкүн деп тынчсызданууда.

«Биз Орусияда окучубуз, анан акыркы жылы кара тизмеге кирип калып, Орусиянын аймагына киргизбей жатышат. Азыр ары-бери чуркап, арыздарды жазып атабыз, бардык министрликтерде болуп чыктык. Ал тизмеге эмне себептен кирип калганыбызды билбейбиз. Мен университетти ушул жылы аякташым керек болчу, бирок Орусияга бара албай жатам. Кайсыл жакка кайрылуу керектигин билбейбиз. Окуу жылы башталды да, бизди окуудан чыгарып жиберүүлөрү мүмкүн», — деди Салкын Kloop.kgге берген маегинде.

Орусиянын Федералдык миграция кызматынын кара тизмеси дээрлик бир жыл мурун киргизилген — эми Орусия Федерациясынын миграциялык же башка мыйзамдарын бузган башка өлкөнүн жарандары автоматтык түрдө ал өлкөгө кирүү укугунан ажыратылат.