Кримтөбөлдүн атасынын ысымын алып жүргөн ат майдандын аты өзгөртүлдү

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында криминал төбөлү Камчы Көлбаевдин атасынын ысымын алып жүргөн Чолпон-Атадагы ат майдандын аты өзгөртүлдү — мындай чечим Бостери айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынды.

Чолпон-Ата шаарынын мэриясы ат майдандын аты өзгөртүлгөндүгүн Kloop.kgге ырастады. Буга чейин ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин атасы, эмгек сиңирген машыктыруучу Асанбек Көлбаевдин ысымын алып жүргөн.

Чолпон-Атанын мэри Болот Бакиров Kloop.kgге берген маегинде депутаттардын эмне себептен ат майдандын атын өзгөртүү чечимине келгендиктерин түшүнбөй жатканын айтты.

«Ал адам — спорттун эмгек сиңерген чебери жана көк-бөрү спортунун негиздөөчүсү. Эки жыл мурун, ат майданга анын ысымын ыйгаруу маселелси чечилгенде — бардыгы мыйзамдуу болгон. Бул маселени эмнеге көтөрүп жаткандыктарын түшүнгөн жокмун», — деди ал.

Ат майдандын аталышын өзгөртүү маселеси Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышы алдында көтөрүлгөн.

Ат майдандын атын өзгөртүү зарылдыгы тууралуу парламенттик «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирип чыккан — анын партиясы 2010-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында кылмыштуулук менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл бура тургандыктарын билдирген болчу.

Текебаев кримтөбөлдүн атасынын ысымы ат майданга мыйзамсыз ыйгарылгандыгын айтып, анын аталышын өзгөртүү керектигин билдирген.

Үстүбүздөгү жылдын август айынын ортосунда Ысык-Көл облустук прокуратурасы айылдык кеңешке ат майдандын атын өзгөртүү тууралуу кат жолдогон, бирок анда депутаттар аны мурунку аталышында эле калтыруу үчүн добуш беришкен болчу.

Тема боюнча: Кыргызстан көчмөндөр оюнунан даярбы?

foto-Mannergejma-008-e1389087936637