«Азаттык»: Аскердеги ур-токмоктун запкысы

Соңку кезде милдетин өтөп жүргөн жоокерлердин аскер кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынганы көп катталууда.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» радиосунун сайтына чыккан. Авторлор — Ыдырыс Исаков жана Мария Колесникова.

Аскер кызматын өтөй баштагына эки ай толбой жатып, бөлүктүн офицерлери тарабынан токмоктолгон жоокердин сол бутуна экинчи жолу оор операция жасалганы турат. Бирок окуя болгондон бери үч ай өтсө да жоокердин бөөдө токмоктолушуна байланыштуу бир дагы кызматкер жазаланган эмес.

Зырапа Бөрүбаеванын айтымында, небереси Асилбек Ажиев ушул жылдын апрель айында аскерге чакырылып, Оштогу №30-626 бөлүгүндө милдетин өтөп жаткан.

- Неберем жети айлык болуп төрөлгөн. Бармактайынан өзүм бактым. Аскер кызматында иштейм деген ниети бар эле. 1-курсту бүткөндөн кийин бизге айтпай, аскерге жазылып алыптыр. «Бата бериӊиздер, мен армияга барам, кызмат кылып келем» деп калды. Асилбек ант берген күнү он баламды чогултуп, Ошко алып келдим. Добушу бийик экен деп, антты Асилбекке окутуптур. Көрүп сыймыктанып кеткенбиз.

Асилбектин өзүнүн айтымында, ошол ант берген күндөн туура бир ай өткөндө, аскер бөлүктүн лейтенантынан себепсиз таяк жеген.

- 20-май күнү биринчи жолу эшик сакчылыгына нөөмөттө тургам. Кечинде лейтенант Ырысбек уулу Эрлан келип, аскердик милдеттерим эмнелер экенин сурады. Мен жооп берип жаткан учурда колундагы жарым метрдей келген таяк менен бир нече жолу сол бутка чапты. Мен жыгылып кеткен кезде бул тууралуу эч кимге ооз ачпашымды айтып, чыгып кеткен. Бутум ошондон кийин шишип, аксап калгам. Бирок аны эч кимге билдирбегенге аракет кылып жүрдүм.

Асилбек сылтып жүргөн кезде бутка экинчи жолу аскердик кур менен чабышкан. Ошондон кийин жарааты ырбап кеткен.

- 21-июнь кырк жоокер мончодо жуунуп жатканбыз. Күтүүсүздөн ошол эле аскер бөлүктүн серженты Нургазы Чекиров кирип келип, баарыбызды катарга тизип, кур менен чапкылап кирди. Мени башка, бөйрөккө, ошол ооруп турган бутка бир нече жолу чапты.

Асылбек Ажиев 24-июнда аскер госпиталына жаткырылып, 27-июнда бутуна операция жасалган. Жоокердин ата-энеси ушундан кийин, Ош гарнизондук аскер прокуратурасына арызданышкан. Бирок арыз эки ай мурун келип түшсө да, азыркыга чейин кылмыш иши козголгон эмес. Ош гарнизондук аскер прокуратурасынын тергөөчүсү Куштарбек Маматов таякталган жоокердин арызы боюнча кылмыш иши козголор же козголбоосу тууралуу айтууга азыр эрте экенин билдирди:

- Соттук медициналык экспертизанын корутундусунда жараат Асилбек Ажиевдин өзүнүн оорусунан улам пайда болгон деп берилген. Эми кайрадан баарын текшерүү үчүн комиссиялык экспертизаны аныктадык. Ошондуктан бул ишти кароого бир ай мөөнөт бар. Ошол комиссиянын корутундусуна карап, бул иш боюнча кылмыш ишин козгоону же козгобоону аныктайбыз. 

Бул арада Асылбектин бутуна экинчи ирет операция жасалганы турат. Дарыгерлер жараат ырбап, сөөккө өтө баштаганын, бут кесилиши мүмкүн экенин туугандарына эскертишкен экен.

1-сентябрь күнү Асылбектин жакындары №30-629 аскер бөлүктүн командири менен жолугуп, жоокерди таяктаган кызматкерлердин жазаланышын талап кылмай болушту. Бирок ал аракетинен майнап чыккан жок. Өзүн аскер бөлүктүн командиринин орунбасары деп тааныштырып, атын айтуудан баш тарткан аскер кызматкери Асылбектин жакындарын окуядан такыр кабарсыз экенин, командири эс алууда экени айтып, жолго салды.

Аскерге небересин жиберип, эми азабын тартып отурган Зырапа Бөрүбаева мындан ары неберелерин аскерге жөнөтпөөнү чечкен.

- Мен эми армияга Асилбекти да, башка неберелеримди да, тууган-уругумдун балдарын да жөнөтпөйм. Армияны ушунчалык жакшы көрчүмүн, келиндерим уулдуу болсо, алар чоңойгондо армияга барат деп сүйүнчү элем. Армиянын акыбалын өз көзүм менен көрдүм. Неберемдин аскер кызматкери болсом деп эңсеген үмүт-тилеги кыйрады. Мени камаса камап салышсын, мындан ар бир дагы баламды армияга жибербейм.

Ысык-Көл: капитандын муштуму

Ал арада Каракол шаарындагы чек ара кызматынын  №2028 аскердик бөлүгүндө 31-августан биринчи сентябрга караган түнү чек арачы капитан катардагы жоокерди ур-токмокко алганы белгилүү болду.

Катардагы жоокер Улан Акылбеков ур-токмокко алынгандан кийин облустук ооруканага түнкү саат бирден өткөндө жеткирилген. Жоокердин апасы Курманжан бул тууралуу эртең менен укканын айтты:

- Таң атпай уюлдук телефонума чалыптыр, жооп бергенге үлгүрбөй калдым. Аңгыча үй телефонуна чалып “Мама эмне себептен телефонду алган жоксуз?” деди. Колум бошобой калганын айтсам өчүрүп койду. Көкүрөгүм бир кызык болуп, кайра өзүм чалып “тынч элеби, баары жакшыбы?” десем, ооруканада экен. Таяк жегенин билбей эле баргам, бетинде тамтык жок, мурду кыйшаган, эки көзү көгала. Сурасам, Айсарахунов деген капитан “Жеңең сок ичкиси келип жатат, барып алып кел” деген экен. Уулум акчасы жоктугун айтса токмоктоптур.

Облустук оорукананын Травматология бөлүмүнүн башчысы Сыдык Чолпонбаев жоокердин абалы тууралуу мындай деди:

- 22 жаштагы Акылбеков Улан Акылбекович башынан жабык жаракат алган, мээси чайкалып, мурду сынган. Азырынча акбалы канааттандыраарлык, бетинин жана мурдунун ичиндеги шишик тарап атат. Бизде бир жумача дарыланат го.

Аскер бөлүгүндө болгон бул чатак иликтенип жатканын Чек ара кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева “Азаттыкка” билдирди:

- Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүндөгү аскер кызматкерлери ортосунда болгон чатак боюнча атайын иликтөө иштери жүрүп жатат. Андан тышкары капитан М. Айсарахунов кызматтык милдетинен четтетилди. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлмөкчү. 

Жабыркаган жоокер Улан Акылбеков 2013-жылдын июль айынан бери аскер бөлүгүнө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан. Учурда анын жакындары Аскер прокуратурасына арыз менен кайрылышты.

Жоокерлердин токмоктолушу биринчи жолу болуп аткан жок. Буга чейин да аскер кызматын өтөп жаткан жоокерлердин сабалганы же каза тапканы боюнча фактылар катталган эле. Адистер мындан улам кыргыз армиясы олуттуу реформага муктаж экенин айтып келишет.