Евро-2016. Кыргызстандыктарга тандап алуу оюндарынын кайсылары жеткиликтүүрөөк болот?

Футбол боюнча Европанын 2016-жылкы чемпионатына тандап алуу оюндары 7-сентябрдан тарта башталат: бир жыл аралыгында 50дөн ашык курама команда Францияда өтө турган мелдештин финалдык бөлүгүнө өтүү үчүн күч сынашат. Ал беттештердин кайсыларына баруу Кыргызстандын жашоочулары үчүн арзан болот?

Kloop.kgнин редакциясы барып-келүү үчүн билеттерге 25 миң сомдон аз каражат коротуу менен оюн көрүп келүүгө мүмкүн болгон беттештерди тандады. Анда Бишкектен сырткары Алматыдан да учуу варинаттары каралган.

Азырынча Орусия жана Түркия курамаларынын беттештеринин көбүнүн кайсыл жерде өтөөрү так белгисиз. Алар тууралуу маалыматтар дагы жаңыланат, бирок биз ал оюндарга баруу деле 25 миңден ашпайт деп божомолдоп жатабыз.

Тизмеде барып-келүү үчүн чогу эсептелген эң арзан билеттерге болгон баалар көрсөтүлгөн. Оюндарга кирүү билеттеринин баалары болсо беттештер өтө турган өлкөлөргө жараша кыйла эле айырмаланышы мүмкүн.

Жылдызча (*) менен транспорт которуп бара турган каттамдар белгиленген.

Кыргызстандын жарандары үчүн беттештер өтө турган  төмөнкү өлкөлөрдүн бирине да виза талап кылынбайт.

2014-жыл

7-сентябрь
Грузия — Ирландия

Тбилиси, Грузия. Алматыдан учуу — 20000 сомдон жогору, Эл аралык Украина аба жолдору*.

8-сентябрь
Украина — Словакия

Киев, Украина. Алматыдан учуу — 16500 сомдон жогору, Эл аралык Украина аба жолдору же Эйр Астана.

8-сентябрь
Орусия — Лихтенштейн
Химки, Орусия. Алматыдан учуу — 22500 сомдон жогору, Эйр Астана же Трансаэро (Москвага чейин учуу, бирок Химки Орусия борборунун четинде орун алган).

9-сентябрь
Каза
кстан — Латвия
Астана, Казакстан. Бишкектен учуу — 13500 сомдон жогору, Эйр Астана.

9-сентябрь
Азербайжан — Болгария

Баку, Азербайжан. Алматыдан учуу — 20000 сомдон жогору, Эл аралык Украина аба жолдору*.

10-октябрь
Түркия — Чехия
Стамбул, Түркия. Бишкектен учуу — 20000 сомдон жогору, Пегасус.

Петр Чех
Петр Чех

Комментарий:

Мирлан Эшенов, футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусунун милдетин аткаруучу:

Албетте мен машыктыруучу катары беттештердин көбүнө көңүл бурмакмын. Күйөрман катары жылдыздарды көп көргүм келет, ошондуктан Түркия менен Чехиянын беттешин тандайм. Жакшы оюн болушу керек, анткени эки команда тең европалык командалардын арасындагы рейтингде жакшы орундарды ээлешет. Чехияда жылдыздар бар.

12-октябрь
Украина — Македония

Львов, Украина. Алматыдан учуу — 16500 сомдон жогору, Эл аралык Украина аба жолдору же Эйр Астана (Киевге чейин гана).

12-октябрь
Орусия — Молдова
Санкт-Петербург, Орусия. Алматыдан учуу — 16000 сомдон жогору, Эйр Астана.

13-октябрь
Каза
кстан — Чехия
Астана, Казакстан. Бишкектен учуу — 13500 сомдон жогору, Эйр Астана.

Комментарий:

Рафик Амиров, футбол боюнча Кыргызстан улуттук командасынын башкы машыктыруучусунун жардамчысы:

Бул эки кураманын беттешин көргүм келет. Биринчиден, чех командасынын дарбазасында Петр Чех тургандыктанал дарбазачы мага абдан жагат. Экинчиден, Казакстан анчалык деле алыс эмес, жолго да көп акча кетпейт. Негизи эле командалар ортосундагы беттештер анчалык жогорку деңгээлде эмес — а Казакстан менен Чехия дал ушундай курамалардан — демек өтө кызык болот.

14-ноябрь
Грузия — Польша

Тбилиси, Грузия. Алматыдан учуу — 20000 сомдон жогору, Эл аралык Украина аба жолдору*.

16-ноябрь
Азербайжан — Норвегия

Баку, Азербайжан. Алматыдан учуу — 20000 сомдон жогору, Эл аралык Украина аба жолдору*.

16-ноябрь
Т
үркия — Казакстан
Стамбул, Түркия. Бишкектен учуу — 20000 сомдон жогору, Пегасус.

2015-жыл

28-март
Казакстан — Исландия
Астана, Казакстан. Бишкектен учуу — 13500 сомдон жогору, Эйр Астана.

28-март
Азербайжан — Мальта

Баку, Азербайжан. Алматыдан учуу — 20000 сомдон жогору, Эл аралык Украина аба жолдору*.

29-март
Грузия — Германия
Тбилиси, Грузия. Алматыдан учуу — 20000 сомдон жогору, Эл аралык Украина аба жолдору*.

2405039_full-lnd
Германия курамасынын жарым коргоочусу Марио Гётце 2014-жылдагы Дүйнө чемпионатынын финалында «алтын» гол киргизүүдө, анда немис оюнчулары Аргентина курамасына каршы ойношкон.

Комментарийлер:

Мирлан Эшенов, футбол боюнча Кыргызстан курамасынын башкы машыктыруучусунун милдетин аткаруучу:

Германия — футбол боюнча дүйнө чемпиону. Бул тизмеде немистер үчүн грузиндерге каршы Тбилисидеги беттеши биринчиси болот. Ал оюн кызык болуп, жыйынтыгында абдан жакшы таасир калтырышы керек.

Ойноо стили жагынан Грузия курамасы Азербайжан жана Орусия командаларына окшош, бирок Германия сыяктуу машинага каршы алар оюн талаасында өздөрүн кантип алып жүрө тургандыктарын көрүү өтө кызык болот.

12-июнь
Каза
кстан — Түркия
Астана, Казакстан. Бишкектен учуу — 13500 сомдон жогору, Эйр Астана.

Казакстан кайрадан ири мелдештин финалдык бөлүгүнө өтүүгө аракет кылат
Казакстан кайрадан ири мелдештин финалдык бөлүгүнө өтүүгө аракет кылат

14-июнь
Украина — Люксембург

Львов, Украина. Алматыдан учуу — 16500 сомдон жогору, Эл аралык Украина аба жолдору же Эйр Астана (Киевге чейин гана).

14-июнь
Орусия — Австрия
Кайсыл жакта болоору так белгисиз.

Комментарий:

Рафик Амиров, футбол боюнча Кыргызстан улуттук курамасынын башкы машыктыруучусунун жардамчысы:

Орусия командасынын күйөрманы болгондугум үчүн аны ушул беттешинде өтө көргүм келүүдө, анткени австриялыктардын командасы жаман эмес. Аны Фабио Капеллонун командасы ута алабы? Деги эле дүйнөлүк чемпионаттагы ийгиликсиз оюнунан кийин Орусия кандай болот? Негизи мен орусиялык команданын бардык беттештерине баргым келет.

3-сентябрь
Азербайжан — Хорватия
Баку, Азербайжан. Алматыдан учуу — 20000 сомдон жогору, Эл аралык Украина аба жолдору*.

Хорватия курамасынын башкы гол киргизүүчүсү Марио Манджукич.
Хорватия курамасынын башкы гол киргизүүчүсү Марио Манджукич.

Комментарийлер:

Улугбек Акишев, Kloop.kgнин редактору:

2014-жылкы дүйнө биринчилигинин тандап алуу бөлүгүнүн акыркы оюну баарыңардын эсиңиздерде болсо керек — Азербайжан он оюнчусу менен беттештин акыркы мүнөттөрүндө тең чыгууга жетишкен оюнду. Анда оюн Бакуда өткөн. Бул жолкусунда курамага күчтүүрөөк атаандаш туш келиптир, бирок азербайжандык оюнчулар хорваттар менен да бүт күчүн жумшап ойношот. Ал эмес  хорваттардын Марио Манджукич, Иван Ракитич жана Лука Модрич сыяктуу супер жылдыздары да көйгөй жаратпай калат. Сөзсүз жакшы оюн болот — мен буга 100 пайызга ишенем.

3-сентябрь
Т
үркия — Латвия
Кайсыл жерде өтөөрү так белгисиз.

4-сентябрь
Грузия — Шотландия

Тбилиси, Грузия. Алматыдан учуу — 20000 сомдон жогору, Эл аралык Украина аба жолдору*.

5-сентябрь
Украина — Беларусь
Киев, Украина. Алматыдан учуу — 16500 сомдон жогору, Эл аралык Украина аба жолдору же Эйр Астана.

5-сентябрь
Орусия — Швеция
Кайсыл жерде өтөөрү так белгисиз.

Футбол боюнча Швеция курамасынын капитаны жана башкы жылдызы Златан Ибрагимович.
Футбол боюнча Швеция курамасынын капитаны жана башкы жылдызы Златан Ибрагимович.

Комментарий:

Улугбек Акишев, Kloop.kgнин редактору:

Швециялыктардын лидери Ибрагимович Бразилиядагы Мундиалга барган эмес, ошондуктан Франциядагы мелдешке болгон күчүн жумшап таза чыгууга аракет кылат. Ага орусиялык футбол тууралуу жакшы билген Ким Чёльстрем, Расмус Эльм жана Понтус Вернблум жардамчы болушат.

6-сентябрь
Түркия — Нидерланды
Кайсыл жакта өтөөрү так белгисиз.

2196356_full-lnd
Түркия менен Нидерландынын оюнчулары алгачкы жолу беттешишпей эле. Сүрөттө: Дэйли Блинд менен Олкан Айдин топ үчүн күрөшүп жатышат.

Комментарий:
Мирлан Эшенов,
футбол боюнча Кыргызстан курамасынын башкы машыктыруучусунун милдетин аткаруучу:

Түркия менен Нидерландынын ортосундагы беттеш өтө курч болот. Түркия үйүндө ойнойт, үйүндө алар көбүнчө эмоционалдуу жана ачыгыраак футбол ойношот. Өз кезегинде голланддыктарда жаңы машыктыруучу, андыктан алар Адвокаттын башкаруусунда (Дик Адвокат, футбол боюнча Нидерландия курамасынын башкы машыктыруучусу) өздөрүн кантип алып жүрө тургандыктарын көрүү кызык болот.

Шерзот Шакиров, футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын жана Оштун «Алай» клубунун коргоочусу:

Бул командалардын ортосундагы беттешти стадиондун өзүнө барып көргүм келүүдө. Эки команда тең оюндун абдан жакшы түзүмүнө ээ. Биз алардан көп нерсени үйрөнүшүбүз керек, анткени алардын оюну — биз үчүн «ачык окуу китеби». Голладдыктар өтө ылдам жана тажрыйбалуу оюнчулар, өз кезегинде Түркиянын оюнунун тактикасы өтө жакшы.

8-октябрь
Грузия — Гибралтар

Тбилиси, Грузия. Алматыдан учуу — 20000 сомдон жогору, Эл аралык Украина аба жолдору*.

10-октябрь
Казакстан — Нидерланды
Астана, Казакстан. Бишкектен учуу — 13500 сомдон жогору, Эйр Астана.

Робин ван Персинин Испаниянын дарбазасына алгачкы голду киргизип жатканда тартылган белгилүү сүрөтү, ал Мундалдагы эң кооз голдордун бири деп табылган.
Робин ван Персинин Испаниянын дарбазасына алгачкы голду киргизип жатканда тартылган белгилүү сүрөтү, ал Мундалдагы эң кооз голдордун бири деп табылган.

Комментарий:

Гүлжан Токтогулова, футбол күйөрманы:

Албетте азыр тандап алуу оюндарын Алматыда өткөрбөй калгандыктары жаман болду, бирок ал Астанага барып келүү мүмкүнчүлүгүн берет да. Транспорттун каалаган түрүн — автобус, поезд, жогорку ылдамдыктагы поезд же учакты тандап алса болот. Казакстан — европалык командалар үчүн эң ылайыксыз атаандаш, алар алыс жерде жайгашкан жана оңой эле утуп алууга болот.

Голланддыктар быйылкы Дүйнө кубогунда күтүүсүз жакшы жыйынтыктарга жооптуу болгон Луи ван Гаалсыз, бирок Орусияда өзү жөнүндө анча жакшы эмес таасирлерди калтырган Адвокаттын башкаруусунда. Бул фаворит аутсайдерге каршы деген баскычтагы беттеш болот болуш керек, бирок беттештер дайыма эле көркөмдүүлүгү үчүн гана жакшы көрүнө бербейт дакээ бирде жөн гана жылдыздарды көрк-сөөлөтү менен көрүүнү каалайт эмеспизби.

10-октябрь
Азербайжан — Италия
Баку, Азербайжан. Алматыдан учуу — 20000 сомдон жогору, Эл аралык Украина аба жолдору*.

2110811_full-lnd
Италия курамасынын алмашкыс дарбазачысы Джанлуиджи Буффон.

Комментарийлер:

Гүлжан Токтогулова, футбол күйөрманы:

Европалык күйөрмандар футбол менен Азербайжандын жалгыз байланышы катары — Азербайжандын Туризм министрлиги тарабынан Испаниянын чемпиону «Атлетико Мадридге» демөөрчүлүк кылып жаткандыгын айта алышкан. Бирок Европа лигасынан голландиялык «Твентени» сүрүп чыгарып, топтук беттештерге өтө алган «Карабах» клубу Азербайжанды футбол менен байланыштырууга дагы бир себеп жаратты. Улуттук команданын өзүндө жылдыздар көп эмес. Азырынча азербайжандыктар бир дагы ири футболдук мелдештерге катышыша элек, бирок жыл өткөн сайын жакшы оюн көрсөтүп келе жатышат.

Евро-2012нин финалисти азыр италиялыктарда да муун алмашуу жүрүүдө, аны менен катар кураманын башкы машыктыруучусу болуп «Ювентустун» мурунку насаатчысы Антонио Конте келди. Италия футболу түрдүү коррупциялык талаш-тартыштары менен үрөй учуруп, клубдары еврокубоктордо ийгиликсиз оюндарды көрсөтүүлөрү мүмкүн, бирок улуттук команда ал ийгиликсиздиктерди жаап, өзгөчөлөнүп турат.

12-октябрь
Украина — Испания
Киев, Украина. Алматыдан учуу — 16500 сомдон жогору, Эл аралык Украина аба жолдору же Эйр Астана.

Испания Европа чемпиону наамын 2016-жылы коргоого аракет кылат
Испания Европа чемпиону наамын 2016-жылы коргоого аракет кылат

Комментарийлер:

Мирлан Эшенов, футбол боюнча Кыргызстан курамасынын башкы машыктыруучусунун милдетин аткаруучу:

Акыркы Мундиалда Испания жеңилүү ызаасын толугу менен сезген. Алар 2008-жылдан бери алты жыл бою Европанын жана дүйнөнүн чемпиондору болуп турушту, бирок 2014-жылы алар утулуунун эмнеге экенин сезишти. Топту толук көзөмөлдөө философиясын калтырышабы, курамын өзгөртүшөбү, эски жылдыздар калабы? Испания курамасы боюнча суроолор көп. Украина да толук түшүнүксүз, азырынча биз алардын өлкөсүндө, анын ичинде футбол жаатында эмне болуп жаткандыгын билбейбиз да, ошондуктан алардын кандай ойной тургандыктары да кызык.

Гүлжан Токтогулова, футбол күйөрманы:

Испаниялыктардын дүйнө чемпиону наамын жактай албай, мелдештен уят болуп учуп кеткени менен алар дагы деле Европанын учурдагы чемпиону. Чемоданды чогултуп, билет сатып алууга ушул эле жетиштүү. Испаниянын «алтын муунундагы» бир катар оюнчулары курамадагы карьераларынын аяктагандыгы тууралуу билдиришти, мындан улам бир жыл мурун Европанын 21 жашка чейинкилердин арасындагы чемпонатын утуп алышкан жаш оюнчулардан турган, жаңыланган команданы көрүү андан кызык.

Биринчи кезекте бул беттеш мен үчүн «Реал Мадрид» клубунун Касильяс, Рамос, Иско, Карвахаль өңдүү оюнчуларын көрүү мүмкүнчүлүгү бар экендиги менен кызык. Испандыктарда Киев тууралуу жакшы гана элестер калган болушу керек2012-жылы алар дал Киевде Европа чемпиону наамын коргошкон. А Украина болсо быйылкы дүйнөлүк чемпионатка чыгуу үчүн таланттуу Франция курамасы менен аягына чейин күрөшкөн, ошондуктан көңүлсүз болбойт. Оюндун Киевде боло тургандыгы оңтойсуздандырбай эле койсуназыр анда биздеги 2005чи жана 2010-жылдагы эки революциядан кийинкиден начар эмес.

12-октябрь
Орусия — Черногория
Кайсыл жакта өтөөрү так белгисиз.

Орусия курамасы 8 жылдан кийин 2008-жылдагы ийгилигин кайталоого аракет кылат
Орусия курамасы 8 жылдан кийин 2008-жылдагы ийгилигин кайталоого аракет кылат

Комментарийлер:

Шерзот Шакиров, футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын жана Оштун «Алай» клубунун коргоочусу:

Мен бул оюн кызык болот деп эсептейм. Баарынан да Орусия курамасын акыркы дүйнө чемпионатынан кийин жана Европа чемпонатынын алдында көргүм келүүдө. Алар кандай оюн көрсөтүшөт? Курамы кандай болот? Насаатчы тарабынан кандай тактика тандалып алынат? Топто канчанчы оорунга ээ болушат? Менимче алар Черногория курамасы сыяктуу эле беттешке жакшы даярданышат, стадиондогу күйөрмандар уктап калбайт.

Улугбек Акишев, Kloop.kgнин редактору:

Орусиянын төмөнкү баскычтардагы командалар менен болгон беттештери дайыма телевизиондук драмага айланат. Адамдар Жер шарындагы эң чоң өлкөнүн курамасына жаңы гана ишенип баштаганда ал кайсыл бир команда тарабынан катуу соккуга кабылаталардын кеминде акыркы 12 жыл ичиндеги ийгиликтерин эстесеңер (Евро-2008ден башкасын, бирок анда деле испандыктар таш-талканын чыгарган) — ал эң жооптуу учурларда утулуп келет. Менимче тандап алуу беттештеринин эң акыркы баскычындагы Черногорияга каршы оюну деле күтүүсүздүк жаратпайт. Балкан командасынын учурдагы күчтүүлүгүн эске алганда — Стефан Йоветич («Манчестер Сити») менен Мирко Вучинич («Ювентус» клубунун мурунку оюнчусу) Игорь Акинфеевди, дон Фабиону жана жалпы эле 140 миллион орусиялыктарды катуу капа кылып коюуулар мүмкүналбетте эгер Орусия курамасы мелдештин финалдык бөлүгүнө өтүүсүн ал беттешке чейин эле камсыздап койбосо.

13-октябрь
Т
үркия — Исландия
Кайсыл жерде өтөөрү так белгисиз.

Урматтуу окурмандар! Бул тизмедеги беттештердин касынысына барат элеңиз? Чынында эле барып көрүп келейин деген оюңуз барбы? Эмнеге?