Орусия ТИМи: Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча сүйлөшүүлөр аяктап калды

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши республика бийлигинин алдында турган көйгөлөр менен маселелердин чечилишине түрткү болушу мүмкүн, деп билдирди Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Мындай билдирүүнү ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен болгон жолугушуусунан кийин жасаган.

ИТАР-ТАСС маалымат агенттигининин билдирүүсү боюнча, Орусия ТИМинин башчысы Кыргызстандын интеграциялык бирикмеге «кирүү процессинде» кыргыз экономикасын колдой турган Бажы биримдигинин алкагында кызматташуу жөнүндөгү кыргыз-орус документтери боюнча макулдашуулар аяктап калгандыгын билдирген.

«Жакынкы убакта аларга [документтерге] кол коюлат деген үмүттөмүн», — деп жазган ИТАР-ТАСС Лавровдун айткандарын.

Орусия тышкы иштер министринин айтымында, Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши өлкө башчыларынын алдында турган маселелердин чечилишине түрткү бериши мүмкүн.

Кыргызстандын өкмөтү Евразиялык экономикалык мейкиндик менен Бажы биримдигине кирүү үчүн кабыл алуу керек болгон 21 мыйзам долбоорунан турган пакетти 29-августта жактырган.

Эми кабыл алынган мыйзам долбоорлорун Кыргызстандын парламенти карап, жактырышы керек.

Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдүн башчылары кабыл алган жол картасына ылайык, Кыргызстан интеграциялык биримдикке кирүүдөн мурда алгач 181 пункттан турган тизмени аткарышы зарыл.

«Бажы биримдигине альтернатива жок»

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата сүйлөгөн сөзүндө республика 2014-жылдын аягына чейин Бажы биримдигине кире тургандыгын билдирген.

«Чынын айтканда бизде Бажы биримдигине толук жарамдуу альтернатива  жок. Өлкө же изоляцияда калат, же социалдык-экономикалык өнүгүүгө күчтүү түрткү алат». Аны менен катар Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдүн бизге карата эч кандай аймактык дооматтары жок экенин белгилеп кетким келет», — деп билдирген өлкө башчысы.

Андан сырткары Атамбаев эгер Кыргызстан Бажы биримдигине 2014-жылдын аягына чейин кире турган болсо өлкөдө «ал экономикалык биримдикти башкарууга катышуу мүмкүндүгү болоорун» белгилеген.

Түрдүү мамиле

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы башталган, бирок ал идея өлкөдө ар түрдүү пикирлерди жаратып келет.

Бажы биримдигине кирүү идеясын колдогондор Кыргызстандын ишкерлери үчүн Казакстан, Орусия сыяктуу ири сатуу рыноктору ачылат деп эсептеп жатышат.

Ал эми каршы болуп жаткандар Кытайдан алынып келинген товарларды КМШ өлкөлөрүнө кайра экспорттоо менен Кыргызстандын экономикасына кыйла эле салым кошуп келген ишкерлердин банкрот болушу ыктымалдыгынан, ошондой эле Орусиянын Кыргызстанга саясий таасиринин күчөшүнөн чочулашууда.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө каршы активисттерден турган топ Бишкекте бир нече жолу нааразычылык акцияларын өткөрүүгө аракет кылган, бирок ар дайым аларга укук коргоо органдары тоскоолдук кылып келишет.