Футбол: Кыргызстан Казакстанга 1:7 эсебинде утулду

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы Астанада өткөн жолдоштук беттешинде Казакстанга 1:7 эсебинде утулду.

27-мүнөттө казак курамасынын жарым коргоочусу Бауржан Исламхан оң капталдан кирип келип, топту айып аянтчасында күтүп турган Сергей Хижниченкого чыгарып берди. Чабуулчу болсо топту дарбазага таамай туштай алды — эсеп 1:0.

Эки мүнөттөн кийин казактардын капитаны Талант Нурсебаев бурчтан чыгарып берилген соң экинчи голду киргизди.

42-мүнөттө ошол эле Хижниченко Исламхандын оң капталдан чыгарып берген тобун бир тийүү менен дарбазага киргизди.

Экинчи жарым бөлүк башталгандан 10 мүнөт өткөн соң — 55-мүнөттө — Бауржан Исламхан алмашууга чыккан Улан Конысбайдын көтөрүп берүүсүнөн кийин төртүнчү топту киргизди.

Беттештин 70-мүнөтүндө казак курамасынын жарым коргоочусу Бауржан Жолчиев 30 метрлик алыстыктан узаткан катуу соккусу менен топту алыскы бурчка туштап, эсепти 5:0гө жеткирди.

Эки мүнөттөн соң Кыргызстан курамасынын чабуулчусу Кайрат Жыргалбек уулу сол капталдан кирип келип, топту дээрлик дарбазачынын сызыгынан тээп киргизди — 5:1.

Калган убакыттын ичинде казакстандыктар артыкчылыктарын алты топко чейин арттыра алышты. Алгач 82-мүнөттө Жолчиевдин чыгарып берүүсүнөн кийин Конысбаев гол киргизсе, 88-мүнөттө алмашууга чыккан Азат Нургалиев Конысбаевдин оң капталдан чыгарган тобун дарбазанын жакынкы бурчуна таамай туштап, оюн эсебин жыйынтыктады.

Казакстан-Кыргызстан беттешинин толук статистикасы Sports.kz сайтына чыккан:

Топко ээлик кылуу: 60% — 40%
Дарбазаны көздөй тебилген топтор: 13 — 3
Дарбазага таамай тебилген соккулар: 12 — 2
Эреже бузуулар: 9 — 7
Дарбаза мамысына тийген соккулар: 0 — 0
Офсайддар: 1 — 0
Бурчтан көтөрүү: 4 — 1
Сары эскертүү кагаздары: 0 — 1
Алмаштыруулар: 6 — 6.

Казакстан Кыргызстан менен жолдоштук беттешин Европанын 2016-жылкы чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алдында өткөрдү. Биринчи беттешинде казакстандыктар Латвия курамасы менен 9-сентябрда беттешет. Оюн Казакстандын борбору — Астанада өтөт.

Дагы футбол тууралуу: Евро-2016. Кыргызстандыктарга тандап алуу оюндарынын кайсылары жеткиликтүүрөөк болот?

Латвиялыктардан сырткары казакстандык команданын тобунда Нидерланды, Чехия, Түркия жана Исландия курамалары бар.

Сүрөт Sports.kz сайтынан алынды.