Кыргызстанда кантип бекер билим алууга болот?

Kloop.kgнин редактору Эльдияр Арыкбаев Кыргызстанда туруп чет элдик жогорку окуу жайларынын сапаттуу билимин кантип алууга мүмкүн экендиги тууралуу окурмандар менен ой бөлүштү.

Кыргызстандагы билим берүүнүн сапатынын төмөндүгү — бул жыл сайын кимдир бирөө тарабынан көтөрүлүп чыгып, талкууланып, бирок тынчсызданган ата-энелер, жарандык активисттер же бийликтегилердин өзүлөрү ал тема тууралуу кайрадан айтып баштаганга чейин унутулуп кала турган көйгөй.

Кыргызстан эки жолу — 2006чы жана 2009-жылдары — мектептеги билим берүүнү баалоочу PISAнын дүйнөлүк рейтингинде акыркы орунга ээ болгон, кийинчерээк Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржылоонун токтотулгандыгынан улам рейтингге таптакыр эле катышпай калган.

Бирок көйгөйлөр тууралуу чексиз айта берсе болот, эң башкысы — аларды чечүү жолдору. Андай жолдордун бири — интернет аркылуу билим алуу.

Мамлекеттик байланыш агенттигинин 2013-жылкы расмий маалыматтарына ишенсек, Кыргызстанда 4 миллиондон ашык интернет колдонуучу бар.

Бул өлкөнүн жалпы калкынын 70 пайыздан ашыгы — ар бир төрт кыргызстандыктын үчөөсү — интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ дегенди билдирет, өз кезегинде бул өзүнчө окуп билим алууга эң сонун мүмкүнчүлүк болуп эсептелет.

Интернет аркылуу кайсыл ресурстардан өз алдынча билим алса болот:

Coursera

Coursera — дүйнөнүн алдыңкы университеттеринин бекер онлайн-курстары топтолгон билим берүү аянтчасы.

Алсак, анда сиздер бизнес-планды кантип түзүү керектигине, кантип экологияга зыянын тийгизбестен экономиканы өнүктүрүүгө боло тургандыгына, шаарларды кантип долбоорлоо же башка адамдарды кантип окутуу керектигине үйрөнө аласыздар.

Ал курстардын көпчүлүгү Кыргызстанда мамлекеттик деңгээлде чечимдерди кабыл алып жаткан адамдар — чиновниктер, өкмөт мүчөлөрү, депутаттар үчүн да пайдалуу болмок.

Coursera ресурсунда курсту аяктагандыгы тууралуу сертификат алуу мүмкүнчүлүгү да каралган, бирок ал үчүн 50 АКШ долларына чукул каражат төлөө керек болот.

Coursera курстарынын студенттеринен талап кылынчу жалгыз нерсе — бул алардын англис тилин билүүсү.

Албетте, Courseraда орус тилиндеги лекциялар бар, бирок алардын саны өтө эле аз — бул жылы Жогорку экономика мектеби менен Москва физика-техникалык институтунан гана лекциялар болду.

«Универсариум»

«Универсариуи» — Coursera ресурсунун орусиялык аналогу, бирок англис тилин билбеген жана орусиялык стандарттар боюнча билим алгысы келген адамдар үчүн.

«Универсариумдагы» курстар да бекер жана ал дагы анчалык көп эмес каражат үчүн күбөлөндүрчү сертификатын сунуштайт.

Бирок курстар анчалык деле көп эмес — анда негизинен ишкердик, искусство жана биологияга байланышкан лекциялар бар.

Эгер сиздер үй-бүлөлүк бюджетти кантип пландоо, кантип тез сүрөт тартуу же революциялык толкундоолор маалында Орусинын кантип өзгөргөндүгүн билгиңиздер келсе, анда «Универсариум» — сиздер үчүн.

«Билимкени»

«Билимкени» — Кыргызстандын мектеп программасындагы сабактар боюнча видео-лекцияларды сунуштаган билим берүү долбоору.

Акыркы жолу сайттагы активдүүлүктүн бир жыл мурун байкалгандыгына карабастан ал бул тизмеде болууга татыктуу. «Билимкенинин» курстарынан мектеп окуучулары алгебра, химия, биология, тарых жана геометрия сабактары боюнча көбүрөөк маалымат ала алышат.

Анда окутуучулар катары кыргыз мектептеринин мугалимдери сабак өтүшөт.

Udacity

Udacity — дээрлик Coursera ресурсундай эле билим берүү аянтчасы. Бирок анын эки башкы өзгөчөлүгү бар.

Биринчиси — мында негизинен программисттер менен иштеп чыгуучуларга гана арналган курстар топтолгон. Экинчиси — лекцияларды жогорку окуу жайлардын окутуучулары эмес, Google же Facebook сыяктуу ири интернет-компаниялардын өкүлдөрү окушат.

Курстар татаалдыгы боюнча бир нече баскычтардан турат — билимиңиздерге ылайыктуу лекцияларга катышуу үчүн сиздер өз деңгээлиңиздерди тандап алсаңыздар болот.

Курстардын көпчүлүгү бекер жана англис тилинде окутулат.

iTunes U

Студенттер Appleдин iTunes U колдонмосу менен алдыңкы университет, музей жана медиалык уюмдардын билим берүү лекцияларын угуп, көрө алышат. Анда англис тилин милдеттүү түрдө билүү зарыл.

Codecademy

Программалоо эч качан Codecademy сайтындагыдай жеңил болгон эмес. Ресурс программалоону интерактивдүү жол менен үйрөнүүнү сунуштайт — алгач сиздерге теория түшүндүрүлөт, андан соң нускамага ылайык дароо аткарышыңар керек болгон тапшырмалар берилет.

Сайт жок дегенде тег, код, программалоо тилдери деген эмне экендигин билгиси келгендер үчүн да, ошондой эле өз билимин бекемдөөнү каалаган алдыңкы адистер үчүн да пайдалуу.

Жакында эле Codecademy ресурсунун кыргыз тилдүү версиясы пайда болду (http://soros.kg/archives/15317). Азырынча анын орус тилдүү версиясы жок.

Эгер сиз өз жашооңузду колдонмолорду, сайттарды же программаларды иштеп чыгууга байланыштырбасаңыз дагы, кур дегенде программалоонун эң жөнөкөй нерселеринен баштай турган курстарга жазылып койсоңуз ашыкча болбойт.

Edx

Edx — Дүйнөнүн алдыңкы окуу жайлары болуп эсептелген Гарвард жана Массачусетс технологиялык институттарынын биргелешкен долбоору.

Edx сайты Coursera жана Udacity сыяктуу эле билим берүү аянтчасы, анда каалаган колдонуучу 28 багыт боюнча бекер онлайн-курстардан өтө алат.

Эгер сиздер Edx сайтында курстан өткөндүгүңүздү өз резюмеңизде пайдалангыңыз келсе, ресурс 50 доллардан 100 долларга чейинки суммага (болжол менен 2650 сомдон 5300 сомго чейин) окууну аяктагандыгы тууралуу сертификат сатып алууну сунуштайт.

Урматтуу окурмандар, эгер бул макала сиздер үчүн пайдалуу болсо жана анда камтылган маалыматтар тууралуу сиздердин досторуңуздар менен тааныштарыңыздар билсин десеңиздер, анда материал менен бөлүшүңүздөр. Кыргызстандагы билим берүү тууралуу пикириңиздер кандай? Анын сапатын кантип жогорулатса болот?