2010-жылдын 10 жаңы технологиясы

Кыргызстандык IT-журналисттер Мансур Токтоналиев менен Юрий Громов Берлиндеги Турмуш-тиричилик электроникаларынын эл аралык көргөзмөсүнөн гаджеттер жана жаңы технологиялар дүйнөсүндөгү эң мыкты 10 жаңы түзүлүштөр тууралуу баян жазышкан.

Баяндоо Токтоналиев менен Громовдун айткандары боюнча жүрөт.

Кандай гана мааниде карабайлы күздүн башталышы дүйнөдөгү өзгөчө мезгил болот. Алсак, жылдын бул мезгилин быйыл 5-сентябрдан 10-сентябрга чейин Берлинде өтүп жаткан жыл сайын өтчү Турмуш-тиричилик электроникаларынын эл аралык көргөзмөсүнө (IFA)арноого болот.

Бул көргөзмөнүн алкагында электроника чыгаруу менен алектенген компаниялардын дээрлик бардыгы тең жаңы технологиялар тармагындагы ойлоп табууларын көрүүчүлөрдүн назарына сунушташат. Бирок биз бул баяныбызда Samsung, Sony, Microsoft, жана жакында эле ал сатып алган Nokia жана кытайлык Huawei компаниялары тарабынан иштелип чыккан гаджеттер тууралуу гана айтып беребиз.

Galaxy Note 4

Сүрөт: Flickr.com, Torsten Maue
Сүрөт: Flickr.com, Torsten Maue

Samsung компаниясы бул көргөзмөгө дароо төрт жаңы чыгарган продуктусун койгон. Биринчиден, албетте мобилдик телефондор тарыхындагы алгачкы жана эң популярдуу фаблет болуп эсептелген Samsung Galaxy Note 4.

Мында революциялык эч кандай деле өзгөрүү болгон эмес, бирок ошону бирге Note 4 жакшы жакка кыйла эле сапаттуу өзгөртүлгөн.

Анда 64 биттүү  жапжаңы Exynos 5433 процессору орнотулган. Note 3кө салыштырмалуу жыштыгы өзгөргөн эмес: 1,9 Ггц жыштыктагы төрт ядро, ага кошумча 1,3Ггц жыштыктагы дагы төрт ядро. Бирок эми бул 64-биттүү 2-нанометр өлчөмүндөгү процессор — буга чейинки Galaxy Note 32 биттүү жана 28 нанометр өлчөмдө болчу.

Жөнөкөй тил менен айтканда нанометр менен процессордун калыңдыгы өлчөнөт — процессор канчалык ичке болсо ал ошончолук азыраак ысыйт да, ошончолук энергоэффективдүүрөөк болот.

Андан сырткары ал өзүнө жаңы жана кубаттуураак — 16 жана 3,7 мегапикселдүү камераны камтыган. Негизги камера оптикалык туруктуулук менен жабдылган, а фронталдуу камера панорамалуу сүрөт кызматын алган.

Note 4түн экраны мурункудай эле 5,7 өлчөмдө калган, бирок аны менен катар QHD (2560х1440) актуалдуу уруксат алып, 2,5 D эффектиси менен Super AMOLED технологиясы боюнча аткарылган. Бул табылга кыйла эле натыйжалуу, бирок бул сыяктуу ыкмаларды буга чейин ошол эле Nokiaдан кездештиргенбиз.

Жаңы табылгалардын арасынан дактилоскопиялык билдиргич менен жүрөк ыргагын билдиргичтерди белгилеп өтүүгө болот.

Samsung Galaxy Note 4 Edge

15129468961_992d037e2c_h-768x1024Note 4 Edge — бир тарапка топтолгон меню үчүн экраны бар дүйнөдөгү алгачкы смартфон.

Samsung компаниясынын өзүнөн ийилме экрандуу смартфон ойлоп чыгаргандыктарын айтып жатышат, бирок ошол эле маалда анда жумуру тарткан экран эффектисин берген бир эле коргоочу айнек менен бириктирилген эки дисплейдин бар экендиги тууралуу унчугушпай эле.IFAАл капталдагы менюда билдирүүлөр менен башка маанилүү маалыматтар болот. Мисалы, сүйүктүү футбол командаңыздын катышуусундагы оюндун эсеби же жаңы каттын келгендиги жөнүндөгү билдирүүлөр. Калган спецификациялары Note 4түкүнө окшош эле. Болгону процессорлору гана ар түрдүү. Note 4 Edge — Snapdragon Qualcomm 805.

Galaxy Gear S

14873569468_6f8373edcd_k-980x1024Жаңылышпасам, бул Samsungдун бешинчи акылдуу сааты. Жаңы үлгүсү сим-карта үчүн слотко ээ. Чынында бул өз алдынча түзүлүш, а факты жагынан алганда — ал колго тагылган кичи-смартфон.

Кимдир бирөө Gear Sти «начар» деп атоого жетишти, а башкалары анын ийгиликтүү ишке ашканын айтып жатышат.IFA1Gear Sтин сатып алуучулары табылат деңизчи, бирок алар деле саатка олуттуу аксессуар катары эмес, оюнчуктай мамиле жасашат.

Samsung Gear VR

15129468511_7c0bd4c2f9_k-1024x688VR (Virtual Reality) — виртуалдуу реалдуулуктун шлеми.

Техникалык жактан түзүлүштүн өзү резинка жана эки кош линзадан турган шлемди гана элестетет, тактап айтканда, бул толук иштелип бүткөн түзүлүш эмес. Анын иштеши үчүн ага Galaxy Note 4 смартфонун туташтыруу керек. Ошондо гана сиздер виртуалдуу реалдуулукка чөмүлө аласыздар. Албетте, бул катуу айтылды.IFA2Бет ачаарында мен ал шлемди кийип, «Темир адамды» ойной алдым, бирок мен ал түзүлүштүн эмне үчүн ойлоп чыгарылгандыгын жакшы түшүнгөн жок окшойм.

Линзалар аркылуу экранды экиге бөлүп, 3D эффектисин түзө турган атайын колдонмолор орнотулган Note 4түн дисплейин карайсың. Теория боюнча мобилдик колдонмолорду иштеп чыгуучулар Gear VR үчүн оюндардын атайын бир өзүнчө версиясын иштеп чыгуулары керек, а бул перспектива кыйла эле тунарган сезилүүдө. Азырынча бул технологиялардын мындай сегментинде катышууга болгон билдирме жана өз иштеп чыгууларын көрсөтүү.

Sony Xperia Z3

xperia-z3-white-1240x840-430fa6376c394cf59a94a9edca67ed7d-1024x693Sony компаниясы үчүн IFA көргөзмөсү — бул салттуу түрдө кардарларына Xperia Z линейкасындагы түзүлүштөрүн тааныштыруу маалы. Эң башкысы — бул Xperia Z3 жаңы флагманынын презентациясы.

Техникалык жактан алганда ал мурунку муундагысынан дээрлик айырмаланбайт.

Жаңы өзгөчөлүктөрү:

— көлөмүнүн кичинекейлиги;
— камерасынын өтө сезгичтиги;
— корпусунун жаңы түстөрү: коло-күрөң жана боз-жашыл.

Флагманы менен бирге Sony смартфондун кичи-версиясын — Z3 Compactты койгон. Кичи-версиясынын мүнөздөмөлөрү ошондой эле, бирок дисплейи кичирээк.

Sony Xperia Z3 Compact Tablet

xperia-z3-tablet-compact-gallery-05-1240x840-a34bb042fcd055e54eb2dac823fd6b96-1024x693Планшеттин аталышы кыйла эле узун, Sonyнин буга көңүл буруусуна убакыт деле келди го. Sony Xperia Z3 Compact Tablet дегенге караганда iPad Mini жакшы угулат эмеспи.

Жаман эмес көрүнүшкө ээ жана көп жагынан алганда — бул өтө перспективдүү планшет. Ал жеңил, өтө ичке жана чындыгында эле жыйнак. Аны менен катар Compact Tablet суудан коркпойт, а бул артыкчылыгы азырынча планшеттерде сейрек кездешет.

Негизги техникалык мүнөздөмөлөрү Z3 смартфонунукундай эле, бирок камерасы начар — 8 мегапикселдүү. Z3 Compact Tabletте nanoSIM үчүн слот бар, тактап айтканда, интернетке чыгуу мүмкүнчүлүгү болот. Андан сырткары Sonyнин бул планшетин телефон катары да пайдалансаңыздар болот.

Sonyнин жаңы планшети ак жана кара түстөрдө чыгат.

Sonyнин жаңы чыгарган продуктуларындагы эң кызык нерсе — бул компания оюн консолдору үчүн жаңыланууларды чыгаргандан кийин смартфонуңузда же планшетиңизде Playstation 4 оюндарын ойноо мүмкүнчүлүгүнүн пайда боло тургандыгы. Технология Remote Play деп аталат жана ал Wi-Fi туташуусу бар болгондо иштейт.IFA4

Sony Smartband Talk

SmartBand-Talk-SWR30-gallery-03-1240x840-2554ae275bd121c97a68078a7dd88376-1024x693Smartband Talk — бул чалууларга жооп берүү үчүн колдонула турган жаңы браслет. Ал үчүн браслет атайын динамика жана микрофон менен жабдылган. Smartband Talk 1,4-дюймдук электрондук китептерди окуу үчүн пайдаланылчу E-Ink экранга ээ — бул өтө энергоэффективдүү детал.

Андан сырткар ал сиздин басып өткөн жолуңузду эсептеп, активдүүлүгүңүзгө көз салып турат.

IFA5Технологиялык браслет Android 4.4 операциялык системасынын базасындагы бардык смартфон менен иштей алат.

Аны менен катар Sony Android Wear базасында иштеген Smart Watch 3 аталышындагы акылдуу сааттарын койгон.

Мен платформалар менен анча тааныштыгым жок, бирок сыртынан караганда сааттар өтө жагымдуу көрүнөт. Негизи эле азыр рынокко чыгып жаткан акылдуу сааттардын бардыгы эле техникалык жактан бири-бирине абдан окшош.

Huawei: Ascend Mate 7 жана Ascend G7 үлгүлөрү

hw_366496Huawei Ascend Mate чоң телефондордун сүйүүчүлөрүнө жакшы тааныш.

Биринчи муун 6,3 дюймдук экраны менен мактана алчу. Экинчи муунунда экраны бир аз — 6,2 дюймга чейин кичирейтилген. Үчүнчү Mate версиясы табышмактуу түрдө аталышына 7 санын кошуп алганы менен экраны кезектеги жолу 6 дюймга чейин кичирейтилген, бирок бул баары бир деле смартфондун экраны үчүн чоң.

Mate 7 — iPhone 5S (20 аракеттин 17си), Galaxy S5тен (20 аракеттин 15и) жакшы иштеген (Huaweiдин жыйынтыгы 20 аракеттин 20сына барабар) бүтүндөй металлдан жасалган манжа издеринин сенсору бар моноблок.

Жаңы фаблет 13 мегапикселдүү жаңы камера менен жабдылган. Андан сырткары Huawei Ascend Mate 7 өзү иштеп чыккан сегиз ядролуу процессор менен жабдыган.hw_366468Huawei Ascend G7 смартфонунун экраны 5,5 дюймду түзөт, бирок тулкусу мурункудай эле металл моноблок. Huaweiдин флагмандарында пластикадан толугу менен баш тартышы кардарларды өзүнө тартууда. Баса, кытай компаниясынын эки жаңы чыгарган продуктусу тең LTE тармактарында иштейт.

Nokia-Microsoft: Lumia 830 жана Lumia 730/735 үлгүлөрү

Nokia-Lumia-830-hero1-jpg-1024x512Lumia 830 жана Lumia 730/735 — бул Nokiaнын америкалык компьютер алпы Microsoft компаниясына сатылгандан кийинки алгачкы үлгүлөрү.

Эгерде Азиянын өндүрүүчүлөрү өз ойлоп табууларын тааныштырууда жаңы техникалык табылгалары тууралуу көп айтып, инновациялары менен мактанып жатышса, Microsoft болсо ишенимдүү түрдө жөн гана: «биз сиздерге селфи үчүн укмуш функцияларды жасадык» деп айтып жатышат. Телефондордун флагман катары эсептелбегендигине карабастан кээ бир функциялары чындыгында эле кызыгууларды жаратат.

Lumia 830 — бул салттуу «камерофон». Анда фирмалык PureView технологиясы жана оптикалык туруктуулугу бар 10 мегипикселдүү Carl Zeiss модулу колдонулат. Калганы 930 үлгүсүнүн анык көчүрмөсү.

Lumia 730/735 — булар ошондой эле «камерофондор», бирок учурда популярдуу болуп жаткан өзүн өзү сүрөткө тартуу үчүн (селфи) түзүлгөн. Алар сапаттуу фотосүрөттөр жана скайп менен ыңгайлуу сүйлөшүү үчүн 5 мегапикселдүү фронталдуу камералар менен жабдылган.Lumia-730-Dual-SIM-hero1-1024x512Lumia 730 — эки симкалуу жана үчүнчү муундагы 3G тармагында гана иштей алат.

Lumia 735 — бир гана сим-карта менен бирок LTE түрүндөгү тармак ичинде иштейт. Microsoft компаниясынын өкүлдөрү башка техникалык мүнөздөмөлөрүн ачыкка чыгарышкан эмес.

Твиттердеги авторлор@mansur_tt (Мансур Токтоналиев) жана @GromovYU (Юрий Громов)