Кыргызстандын нефтетрейдерлери Евробиримдик Орусиянын «Газпромнефть», «Роснефть» жана «Транснефть» мунай-газ корпорацияларына каршы жаңы санкцияларды киргизгенден кийин өлкөдөн күйүүчү майга болгон баалардын жогорулай тургандыгын билдиришүүдө.
Евробиримдик Орусияга каршы жаңы санкцияларды «Украинадагы абалдын турукташпай жатканынан» улам 12-сентябрда киргизди. Аларга Орусиянын үч мунай-газ алпы — «Газпромнефть», «Роснефть» жана «Транснефть» компаниялары кабылышкан. Алардын алгачкы экөөсү Кыргызстанга күйүүсү-майлоочу майларды жеткиришет.
Кыргызстандын Нефтетрейдерлер биримдигинин мурунку башчысы Жумакадыр Акенеев жаңы санкциялар менен өлкөдө бензинге болгон баалардын жогорулашын байланыштырууда.
Анын айтымында, баарынан да дизель отуну менен 92 маркасындагы майдын колдонуучулары көбүрөөк жабыр тартуулары мүмкүн, алардын 1 литрине болгон баа 50 сомдон ашып кетиши ыктымал. Учурда АИ-92 45,8 сом, а дизель отуну — 44,5 сом турат.
«Орусиянын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 70 пайызын экспортко кетип жаткан күйүүчү-майлоочу майлар менен мунай продуктулары түзгөндүктөн ал өлкөнүн ичинде да, бизде да жогорулайт. Эми санкциялар конкреттүү компанияларга, алсак, Кыргызстанга алынып келинип жаткан күйүүчү-майлоочу майлардын 90 пайызын жеткирип жаткан «Газпромго» каршы киргизилди», — деди Акенеев.
Анын айтымында, баалардын өсүшү Нефтетрейдерлер биримдиги менен Кыргызстандын ичиндеги бааларды көзөмөлдөгөн Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин өз ара түшүнүшүүсүнө байланыштуу болот.
«Нефтетрейдерлердин дизелдик отун менен АИ-80ге болгон бааларды өтө жогорулатпоонун амалын кылып, эбин табууга аракет кылып жаткандыктарын көрүп атам. Негизинен баалардын өсүшү жогорку сапаттагы бензинге (АИ-92, АИ-95, АИ-98) тиешелүү», — деп белгиледи Акенеев Kloop.kgге берген маегинде.
Кыргызстандын Нефтетрейдерлер биримдиги сыяктуу эле Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин өкүлдөрү да бул боюнча түшүндүрмө алууга жеткиликсиз болуп жатышат.
Нефтетрейдерлердин мурунку башчысы Кыргызстандын бийлиги күйүүчү майга болгон баалардын жогорулашы көйгөйүн алыскы келечекте чече алмактыгын кошумчалады — айтымында, орусиялык чиновниктер менен болгон сүйлөшүүлөрүндө 800 миң тоннага чейин мунай иштеп чыгып жаткан Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү заводго үзгүлтүксүз мунай жеткирүү боюнча макулдашуу жолу менен.
«Тилекке каршы бирок ал [мунайды кайра иштетүүчү заводу] бүгүн иштеп жатканы менен, анда иштелип чыккан продукциянын бардыгы эмнегедир Тажикстан менен Ооганстанга жөнөтүлүп жатат. Эмнеге андай болуп жатканын билбейм», — деди Акенеев.
«Газпром нефть Азиянын» басма сөз кызматы макала жарыяланып жаткан маалга карата Kloop.kgнин жөнөткөн сурамына жооп берген жок.
Жаңы санкциялар
Санкциялардын тизмеси 12-сентябрь күнү Евробиримдиктин расмий журналынын сайтына жарыяланды — андагы документке ылайык, санкциялар Орусия бийлиги 50 пайыздан ашык акцияларына ээлик болгон — «Газпромнефть», «Роснефть» жана «Транснефть» компанияларына каршы киргизилген.
Европа компанияларына Евробиримдиктин санкцияларына кабылган орусиялык корпорациялар менен 30 күндөн ашык мөөнөткө инвестициялык операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат.
«[...] Орусияда негизделген, акцияларынын 50 пайыздан ашыгына мамлекет ээ болгон, жалпы активдери 1 трлн. рублге бааланган жана чийки мунай же мунай заттарын сатуу же ташуудан кеминде кирешелердин 50 пайызын алып келген юридикалык компания же органдар», — деп жазылган Евробиримдиктин документинде.
Еврокеңештин төрагасы Херман ван Ромпей Украинанын түштүк-чыгышындагы жикчилдер Киев менен элдешүүнүн шарттарын аткарып жаткандыктан, 2014-жылдын сентябрынын соңунда европалык дипломаттар жолугушуп, Орусияга каршы киргизилген санкцияларды кайрадан карап чыга тургандыктарын билдирди.
Евробиримдик Орусияга каршы бул санкцияларды «Украинадагы абалдын турукташпай жатканынан» улам киргизди — Батыш менен АКШ Орусияны Крым жарым аралын мыйзамсыз кошуп алууга жана Украинанын чыгышындагы кагылышууларды күчөтүүгө айыптап жатат.
Өз кезегинде Орусия Евробиримдиктин бул аракеттерин Украинанын чыгышындагы жикчилдер менен расмий Киевдин элдешүүсүнүн фонунда «орунсуз жана көрөгөчсүздүк» деп атап, дарегине айтылган айыптоолорду четке кагууда.
«Жаңы чектөө чараларын киргизүү менен бирге Европа комиссиясы менен Евробиримдиктин тышкы саясат кызматына санкцияларды өзгөртүү, токтото туруу же толугу менен алып салуу жөнүндөгү сунуштоолорду берүүнү тапшыруу — алардын инерция боюнча гана иштебестен, аракеттеринин логикадан чыгып, акылга сыйбай тургандыгын да түшүндүрөт», — деп жазылган Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин түшүндүрмөсүндө.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин жардамчысы Андрей Белоусов европалык санкцияларга жооп катары Орусия өз санкцияларын киргизиши ыктымалдыгын билдирди — Москва Европа өлкөлөрүнөн автоунаалар менен кийим-кечектердин алынып келинишине тыюу салышы мүмкүн.
Украин каатчылыгы
Украин каатчылыгы өлкөнүн Европага багыт алып өнүгүүсүн колдогондор тарабынан уюштурулган 2013-жылдын ноябрында башталган нааразычылык акцияларынан кийин күчөп баштаган. Акцияга чогулгандар Украинанын мурунку президенти Виктор Янукович Евробиримдик менен тыгыз байланыш түзүүгө кол коюудан баш тарткандыгына нааразы болушкан.
Үч айдан узак мезгилген созулган митингдер демонстранттар менен укук коргоо органдарынын ортосундагы кагылышууларга чейин жеткен.
Эң көп кан төгүлгөн күнү — 2014-жылдын 20-февралында — 100дөн ашык киши каза болгон. Андан соң Украинада бийлик алмашып, президент Виктор Янукович өлкөдөн качып кеткен.
Орусиячыл саясатчы деп эсептелген Януковичтин бийликтен кетиши Украинанын жаңы бийлиги менен Орусиянын ортосундагы мамилелердин солгундашына алып келген.
Бийликтин алмашышы менен Украинанын чыгышында башаламандыктар башталып, талаштуу референдумдун жыйынтыгында Крым Орусиянын курамына өтүп кеткен.
Анда Украинанын жаңы бийлиги менен Батыш өлкөлөрү Орусияны өлкөнүн чыгышындагы кагылышууну күчөтүп жатат деп айыпташкан. Кремль менен Орусиянын Тышкы иштер министрлиги дагы деле ал окуяларга тиешеси жоктугун айтып келет.
Сентябрдын башында Украинанын президенти Петр Порошенко менен Донбасс жана Лугансктагы жикчилдердин лидерлери убактылуу элдешүүгө кол коюшкан, ага ылайык, тараптар Украинанын түштүк-чыгышындагы куралдуу каршылашууну токтотууга милдеттенишкен.