Mail.Ru Group «ВКонтакте» түйүнүн сатып алды

Mail.Ru Group компаниясы Blesmir Development Limited менен Palagon Limitedден акцияларынын 48,01 пайызын сатып алып, «ВКонтакте» социалдык түйүнүнүн акцияларынын толук көзөмөлүнө ээ болду.

16-сентябрда Mail.Ru Group компаниясы «ВКонтакте» түйүнүнүн акцияларынын 100 пайызына ээ болду. Келишимдин суммасы 1,47 млрд. АКШ долларын түздү, ал эми буга чейинки төлөмдөрүн эсептегенде жалпы жонунан Mail.Ru Group социалдык түйүндү 2,07 млрд. АКШ долларына сатып алды.

Ошондой эле келишим түзүүдө инвестициялык United Capital Partners (UCPге тиешелүү Blesmir Development жана Palagon компаниялары) тобунун Павел Дуровго болгон дооматтары жөнгө салынды.

Эске салсак, Дуров «ВКонтакте» социалдык түйүнүнүн башкы директорлук кызматынан кеткенден кийин жеке кат жазуулардын жашыруундуулугу менен корголушуна басым жасаган Telegram аттуу колдонмо-мессенджер иштеп чыккан. Бирок Telegram соода маркасы UCPде каттоодон өткөндүктөн AppStore колдонмосун чыккандан көп өтпөй эле эки тараптуу соттук териштирүүлөр башталган.

Дуровдун билдиришинче, макулдашуу боюнча бир бүтүмгө келишкенден кийин Telegram жеке анын көзөмөлүнө өткөн. Ошол эле билдирүүсүндө ал  «UCPге болгон дооматтарын алгандыгын ырастаган».

Mail.Ru Groupтун башкы директору Live Plus басылмасына берген маегинде социалдык түйүндүн келечеги боюнча компаниянын бир катар пландарын ачыкка чыгарган. Алсак, ал «Одноклассники» (бул социалдык түйүн да Mail.Ru Group компаниясына таандык) менен «ВКонтакте» түйүндөрүнүн биригүүсүн күтпөй эле койсо болоорун, социалдык түйүндү учурдагы командасы эле башкараарын жана жаңы башкы директордун аты-жөнү жакынкы күндөрдө белгилүү боло тургандыгын айткан.

Эксперттер «ВКонтакте» түйүнүнүн жаңы башкы директору болуп дайындалуу ыктымалдыгы жогорураак талапкер катары социалдык түйүндүн иштеп чыгуу бөлүмүнүн жетекчиси Андрей Рогозовду айтып жатышат.

«ВКонтакте» — 2006-жылдын октябрында Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин студенти Павел Дуров тарабынан ишке киргизилген ири европалык социалдык түйүн. Сайттын күнүмдү аудиториясы 60 млн. колдонуучуга жетип, популярдуулугу боюнча дүйнөдө 21-орунда турат.

2014-жылдын апрелинде Павел Дуров Федералдык коопсуздук кызматы түйүндүн жетекчилигинен «Евромайдандын» уюштуруучуларынын жеке маалыматтарын талап кылгандыгын билдирген. Беш күндөн соң социалдык түйүндүн ээлери Павел Дуровдун башкы директорлук кызматтан кетүү тууралуу жазган арызын канааттандырышкан. 22-апрелде ал кайра кайтып келбей тургандыгын айтып, Орусиядан чыгып кеткен.

Автор: Азамат Өмүралиев