Укук коргоочу Токтакунов Экономика министрлигинин чиновниктери тарабынан сабалды

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакунов унаасын Экономика министрлигинин унаа токтотуу жайына койгондугу үчүн мекеменин кызматкерлери тарабынан сабалды.

Окуя 17-сентябрь күнү Экономика министрлигинин унаа токтотуу жайынын жанында болгон.

«Мен кирип унаамды токтоттум. Кароолчу азыр министр келип кирет же чыгып кете турганын айтты. Мен жакын эле жерде болоорумду билдирип, эгер зарылдык болсо унаамды ала турганымды айттым. Ал башка унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук кылбай четте турган», — деди Токтакунов Kloop.kgге берген маегинде.

Качан укук коргоочу кайтып келгенде мекеменин чиновниги менен үч кызматкери унаасынын номурун чечип алгандыктарын көргөн.

«Экономика министрлигинин иш башкармалыгынын башчысы Нурбек Султановдун номурумду алып бара жатканын көрдүм. Мен номурумду кайтарып беришин өтүнүп, анын ким экендигине жана номурумду эмнеге алып алгандыгына кызыктым. Ал баш тартты. Анын жанында кол алдында иштеген бир нече кызматкер бар болчу», — деди юрист.

Андан кийин Токтакунов номурун тартып алууга аракет кылган, бирок министрликтин кызматкерлери кол салышкан.

«Бирок ал номурумду унаамдын үстүнө ыргытып жиберди. Анан мен номурду берсин деп анын номурун чечип баштадым. Ошол маалда ал төртөө мага кол салышып, колумду кайрып, далыма бир нече жолу уруп жиберишти», — деди ал.

Андан соң укук коргоочу милиция чакырган — милиция кызматкерлери окуянын катышуучуларынын бардыгын тең Биринчи май райондук милиция бөлүмүнө алып барышкан.

Учурда Токтакунов министрликтин мамкызматкерлеринин аракеттерине юридикалык баа берүү ниетинде.

Азырынча Экономика министрлигинин расмий реакциясы белгисиз.

Алгач Токтакуновдун «милиция формасындагы үч адам тарабынан сабалгандыгы» айтылып жаткан — көп өтпөй ал маалыматты Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен милициянын Бишкек штабы тарабынан четке кагышкан.

«Мында милиция кызматкерлеринин таптакыр тиешелери жок. Жарандык адамдар өз ара урушуп кетишкен. Учурда алар Биринчи май РИИБсинде бири-бирине карата арыз жазып атышат», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

«Ал жерге милицияны чакырышты, андан соң алар — Токтакунов менен экономика министрлигинин кызматкери — бири-бирин жакалап Биринчи май РИИБсине келишти. Тергөөчү кыз аларды тынчытты, анан алар утурлама арыз жазышты, бири-бирине эч кандай дооматтары жок», — деп жазган ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев «Фэйсбуктагы» баракчасына.

Нурбек Токтакунов «Прецедент» өнөктөштүк тобунун башчысы жана укук коргоочу. Ал мамлекеттик органдар менен компаниялардагы коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп келгендиги менен белгилүү.