«Ар-Намыс» маданият министрлигине талапкерлерди тандап жатат

Парламенттик «Ар-Намыс» фракциясы маданият министрлиги кызматына талапкерлерди карап баштады. Бул кызматты буга чейин ээлеген Камила Талиева анын ээлеген кызматына татыксыздыгы тууралуу кептердин фонунда кызматынан бошотулган.

«Ар-Намыстын» жыйыны парламентте 19-сентябарда, Талиева президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен кызматынан бошотулгандан үч күн өткөндөн кийин өтүүдө.

«Ар-Намыс» маданият министри кызматына талапкерлерди тандоо мүмкүнчүлүгүнө парламенттик көпчүлүк коалициясы түзүлгөндөн кийин ээ болгон.

«Ар-намысчы» Дастан Бекешевдин айтымында, учурда министрлик кызматына 13 талапкер ат салышууда, алардын арасында — «ырчылар, депутаттын жардамчысы жана басма сөз кызматтын өкүлү» бар.

«Менин оюмча, ырчы эмес, а менеджер керек [...] Маданиятка экономист менен кризис-менеджердин көзү менен карай ала турган адам керек», — деп жазган Бекешев өзүнүн твиттер-эккаунтуна.

Ал өз окурмандарын бул кызматка татыктуу талапкер катары кимди көрүп жаткандыктары боюнча өз пикирлери менен бөлүшүүгө чакырган.

Кыргызстандыктар комментарийлеринде көбүнчө режиссер Садык Шер-Ниязды, маданият министринин орун басары Максат Чакиевди, продюсер Канат Култаевди жана КТРКнын мурунку башкы директору Кубат Оторбаевди сунуштап жатышты.

Жаңы министр маданиятты да, туризмди да өнүктүрүү менен бирге натыйжалуу менеджер да болуусу керек. Сүрөт: Dunya Nomad, Flickr.
Жаңы министр маданиятты да, туризмди да өнүктүрүү менен бирге натыйжалуу менеджер да болуусу керек. Сүрөт: Dunya Nomad, Flickr.

Талапкерлердин тизмеси, 24.kg агенттигинин маалыматы боюнча:

1. Кайрат Иманалиев, учурда КТРКнын башкы директорунун орун басары болуп иштейт;

2. Мукталы Бектеналиев, КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Кинематография департаментинин директору;

3. Гүлмира Жумагулова, Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору;

4. Роза Аманова, ырчы, Кыргыз-түрк «Манас» университетинин алдындагы консерваториянын жетекчиси;

5. Жылдыз Бакашова, К.Баялинов атындагы Улуттук китепкананын директору;

6. Исирадин Аманбаев, музыкалык мектептин директору, парламент депутаты Урмат Аманбаева менен КРнын акыйткачысы Бактыбек Аманбаевдин бир тууганы;

7. Эркинбек Кайымов, журналист, буга чейин Жалал-Абад телевидениесин (ЖТР) жетектеген;

8. Кубат Оторбаев, КТРКнын мурунку башчысы;

9. Алтынбек Максутов, актер, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын режиссер-коюучусу;

10. Садык Шер-Нияз, «Курманджан датка» аттуу акыркы тасмасы укмуштуудай ийгиликке жеткен режиссер, парламенттин «Ата Мекен» фракциясынан депутаты Болот Шердин бир тууганы;

11. Максат Чекиев, Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору;

12. Айнагүл Чылабаева, Жогорку Кеңештин депутаты Мамытбай Салымбековдун жардамчысы, ага чейин Бишкектин Свердлов райадминистрациясын жетектеген;

13. Урмат Үсөнов, ырчы.

Камила Талиева, мурунку маданият министри
Камила Талиева, мурунку маданият министри

Жол-жобосу жана мурунку министр тууралуу

«Ар-Намыс» бул кызматка талапкерди тандап алгандан кийин анын талапкерлиги алгач профилдик комитетте, андан соң көпчүлүк коалициясында, жыйынтыгында  парламент жыйынында каралат.

Депутаттар көпчүлүк добуш менен маданият министри кызматына талапкерди жактыруулары же кабыл албай коюулары керек.

Мекеменин мурунку башчысы Камила Талиева «ар-намысчылар» аны элеген кызматына татыктуу эмес деп табышкандан кийин кызматтан кеткен.

Бекешев «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү билдирүүсүндө Талиева «2011-жылы кимдир бирөөнө фракциядагы [«Ар-Намыс»] биримдикти бузууга жардам бергендиги» үчүн партиялаштарынын арасында «эч кимге кереги жок болуп калгандыгын» жазган.

«Анда фракциянын бир бөлүгү коалициянын курамына кирип кеткен», — деп жазган ал.

«Ар-Намыстын» башка депутаты Турунбай Бакир уулу тескерисинче, Талиеванын министрлик кызматтагы ишин жакшы баалагандыгын айткан.

«Мен эч нерсеге карабастан анын ишин жактырып, калсын деп ачык добуш бердим. Бирок, тилекке каршы, маданият министринин тарапташтарына караганда каршылаштары көп болуп чыкты. Анан фракция мүчөлөрү көпчүлүк добуш менен ал кызматтан кетиши керек деп чечишти», — деген Бакир уулу.

Талиева 2010-жылдан 2012-жылга чейин «Ар-Намыс» фракциясынан парламент депутаты болуп турган, андан соң 2012-жылы вице-премьер-министр болуп, 2014-жылдын башында маданият министри кызматына келген.