Филармониянын режиссеру маданият министри кызматына талапкер болуп тандалды

«Ар-Намыс» фракциясы маданият министри кызматына Улуттук филармониянын башкы режиссеру Алтынбек Максүтовдун талапкерлигин тандады.

«Ар-Намыстын» жыйыны 19-сентябрда болду — анда парламентарийлер маданият министри кызматына талапкерди тандашты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын башкы режиссеру, актёр Алтынбек Максутов баарынан көп добуш алды — ал үчүн «Ар-Намыстын» 25 депутатынын 13ү добуш беришкен.

«Алтынбек Максүтов 13 добуш менен өттү», — деп жазды парламентарий Дастан Бекешев өзүнүн твиттер-эккаунтуна.

Улуттук китепкананын башчысы Жылдыз Бакашева 9 добуш алган — аны талапкер катары парламенттик көпчүлүк коалициясынын лидери жана «Ар-Намыс» партиясынын төрагасы Феликс Кулов сунуштаган.

«Мен бул кызматка профессионалдуу талапкер катары Бакашованын талапкерлигин көрсөткөм. Менин партиялаштарым Максутовду колдошту. Мен аны буга чейин билчү эмесмин. Эми бул маселе палатада каралат, бирок чечим албетте өкмөт тараптан болот», - деп жазган АКИпресс агенттиги Куловдун айткандарын.

Ырчы Урмат Үсөнов үчүн 3 депутат добуш берген.

Алтынбек Максүтов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышынын коюучусу катары белгилүү. Сүрөт анын «Фэйсбуктагы» баракчасынан алынды.
Алтынбек Максүтов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышынын коюучусу катары белгилүү. Сүрөт анын «Фэйсбуктагы» баракчасынан алынды.

Тандап алуунун жол-жобосуна ылайык, министрик кызматка талапкер адам алгач профилдик комитетте, андан соң көпчүлүк коалициясында, жыйынтыгында парламент жыйынында сунушталат.

Анда депутаттар анын талапкерлигин көпчүлүк добуш менен жактыруулары же кабыл албай коюулары керек болот.

Жалпысынан маданият министри кызматына 13 кишинин талапкерлиги көрсөтүлгөн, алардын арасында режиссер Садык Шер-Нияз, маданият министринин орун басары Максат Чакиев жана КТРКнын мурунку башчысы Кубат Оторбаев бар болгон.

Маданият министрлигине талапкерлер мекеменин мурунку башчысы Камила Талиева мекеме башчылыгынанкеткенден тандалды. Талиева «ар-намысчылар» тарабынан элеген кызматына татыктуу эмес деп табылган соң өлкө башчысынын жарлыгы менен 16-сентябрда ээлеген кызматынан бошотулган.