Кулов министрликтердин санын эки эсеге кыскартууну сунуштады

Парламенттик көпчүлүк коалициясынын лидери Феликс Кулов министрликтердин санын 15тен 8ге чейин кыскартууну сунуштады. Анын пикиринде, бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Кулов өкмөттүн курамында Улукттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен 8 министрликти гана калтырууну сунуштап жатат:

- каржы министрлиги;

- өнүгүү жана соода министрлиги;

- инфраструктура министрлиги;

- билим берүү министрлиги;

- коргоо министрлиги;

- тышкы иштер министрлиги;

- ички иштер министрлиги;

- юстиция министрлиги.

«Учурда министрлер кабинетинин түзүмүндө өз алдынча орган катары иштеп жаткан Салык жана Бажы кызматтары каржы министрлигинин курамына кирет», — деп жазган парламенттин басма сөз кызматы Куловдун айткандарын.

Андан сырткары парламенттик көпчүлүк коалициясынын лидери мамлекеттик агенттиктер менен кызматтардын санын 18ден 8ге чейин кыскартууну сунуштады.

Кулов тарабынан сунушталган долбоордо өзүн өзү каржылоо принцибинде иштей турган мамлекеттик корпорацияларды түзүү тууралуу айтылган.

«Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр бирин-бири кайталаган түзүмдөрдүн кыскартылышы жана мамлекеттик корпорацияларды түзүүнүн эсебинен бюджеттик каражаттарды кыйла эле үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет», — деп жазган парламенттин басма сөз кызматы Куловдун айткандарын.

Депутаттын «Азаттык» радиосуна берген түшүндүрмөсүнө ылайык, өкмөт менен министрликтер саясатты иштеп чыгышат, а мамлекеттик корпорациялар — өз тажрыйбаларына таянып аларды ишке ашырышат.

«Корпорациялар түзүлөт, мисалы, туризм корпорациясы. Кыргызстан – туризм өлкөсү, бирок ал тармакка бюджеттен жылына болгону 2 миллион гана сом бөлүнөт. Ал акча менен эмне кылууга болот? Биз өзүн өзү актай турган корпорация түзүп, анын балансына «Ысык-Көл» мейманканасын, «Аврора» пансионатын, лыжа базаларын жана башка объектилерди берүүнү сунуштап жатабыз. Ал объектилерди башкаруу менен чиновниктерди тартып, бир нерсе кылууга болот. Бирок албетте ал өнөктөштүктөгү үлүштүн чоң бөлүгү мамлекеттин колунда болушу керек», — деп жазган «Азаттык» Куловдун айткандарын.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн депутаттын өзү жеткиликсиз болуп чыкты.

Учурда өкмөттүн түзүмү 15 министрлик жана УКМКдан турат. Сүрөт: Светлана Зеленская.
Учурда өкмөттүн түзүмү 15 министрлик жана УКМКдан турат. Сүрөт: Светлана Зеленская.

Куловдун «шайлоо алдындагы өнөктүгү»

Саясат таануучу Марат Казакпаев Kloop.kgге берген маегинде Куловдун министрликтердин санын кыскартуу боюнча идеясы «актуалдуу» экенин билдирди. Айтымында, министрликтердин аппараттары «ар дайым өсүп» жатат.

«Министрликтирди эбак эле кыскартыш керек болчу. Бабановдун [премьер-министр Өмүрбек Бабанов] убагында эле [министрликтердеги] аппараттарды кыскартуу маселеси көтөрүлгөн, бирок ал азырынча натыйжа бере элек, анткени системалуу эмес, башаламан ишке ашырылууда», — деп эсептейт ал.

Аны менен катар саясат таануучу Куловдун сунушу 2015-жылдагы парламенттик шайлоолордун алдындагы шайлоо өнөктүгүнүн бир бөлүгү болушу ыктымалдыгын кошумчалады.

«Анүстүнө бул күзгү-кышкы мезгилдин алдында анча актуалдуу эмес. [...] Бул жагынан министрликтерди кыскартып, ылгоо сыяктуу иштерди жүргүзүү — мүмкүн эмес», — деди Казакпаев.

Анын пикиринде, өкмөттүн жаңы түзүмүн бийлик 2014-2015-жылдын жылуулук берүү сезонундагы кыйынчылыктарды жеңип чыккандан кийин, жаз айларынан баштап өзгөртүү зарыл.

«Азыр органдардын, алардын ичинде парламенттин, өкмөттүн жана президенттин командасынын бардык күчү социалдык нааразычылыктарды басаңдатууга багытталышы керек», — деди саясат таануучу.

Акыркы жолу өкмөттүн түзүмү Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турганда 2011-жылы өзгөртүлгөн болчу.

Анда 4 министрлик — жаратылыш ресурстары, социалдык коргоо, эмгек жана мамлекеттик мүлк министрликтери жоюлган.

Өкмөттүн түзүмүн өзгөртүүнүн жыйынтыгында эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен социалдык өнүктүрүү министрлиги түзүлгөн.

Өкмөттүн учурдагы түзүмүндө — 15 министрлик, 1 комитет, 7 агенттик жана 10 кызмат бар.