Вице-премьер Валерий Диль энергетикадагы абалды «оор» деп атоодо, ошол эле маалда эксперттер кышында Кыргызстандын электр энергиясы, жылуулук жана газы жок калып, таш доорунда болуп калуу тобокелдиктеринин бар экенин айтып жатышат.
Вице-премьердин отун-энергетикалык комплекси боюнча парламенттик комитеттин башчысы Кожобек Рысбаевге жазган каты парламент тарабынан жарыяланды — анда Диль Кыргызстандын 2014-1015-жылдын күз-кыш мезгилдерине даярдануусунун фонунда отун-энергетикалык комплекстеги абалды «кризистик» жана «оор» деп атаган.
Вице-премьер энергетика тармагындагы абал тууралуу кеп кылып жатып — «оор абал» деген сөз айкашын пайдаланган.
«Биринчи кезекте бул Токтогул суу сактагычына агып келип жаткан суунун аздыгына, өлкөнүн түштүк аймактарына газ берүүнүн токтотулушуна жана энергосистемасындагы каражаттын жетишсиздигине байланыштуу», — деп жазган Диль.
Кыргызстанды 2014-2015-жылкы кыш кандай болушу мүмкүн?«Кризистик абал»
Вице-премьердин маалыматтары боюнча, азыр Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд. 800 млн. куб метр, бул былтыркы көрсөткүчтүн 75 пайызын түзөт — аны вице-премьер «кризистик абал» деп атады.
Токтогул гидроэлектрстанциясы (ГЭС) сууну суу сактагычтан сыртка чыгаруу менен электр энергиясын бөлүп чыгарат — Энергетика министрлигинин алдындагы Илимий-техникалык кеңештин эсептөөсү боюнча, 180 күндүк күз-кыш мезгилинен кийин суу сактагычта 7,1 млрд. куб метр суу калышы керек.
Токтогул ГЭСинин директору Алмаз Кушубаковдун айтымында, ошол эле маалда Кыргызстандын башкы энергетикалык станциясы ишин токтото турган «акыркы чекит» суунун 5,5 млрд. куб метрлик көлөмү болуп эсептелинет.
Kloop.kgнин редакциясынын эсептеп чыгуусуна ылайык, мындай шартта суунун дэңгээлинин Энергетика министрлиги күткөндөй болушу үчүн Токтогул ГЭСи эң көп дегенде секундасына 300 куб метр сууну сыртка чыгаруусу керек болот.Отун-энергетикалык комплекс боюнча эксперт Расул Умбеталиев Kloop.kgге берген маегинде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү — бул өлкөнүн кышка даярдыгынын башкы көрсөткүчү экенин түшүндүрдү.
«Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүнүн аз экендигин жана жаратылыш газынын жоктугун эске алганда өлкөнүн түштүкгүндө электр энергиясынын жетишсиздиги 25-30 пайызды түзөт. А түндүктө жетишсиздик 30-35 пайыздын айланасына болот», — деди ал.
Анын айтымында, суунун көлөмү 6 млрд. куб метрдин айланасында болгондо суунун станциянын агрегаттарына келүүсү токтойт да Токтогул ГЭСи электр энергиясын иштеп чыгара албай калат — Умбеталиевдин айтымында, эгер андай боло турган болсо Кыргызстан «Таш дооруна кайтып барат», а агымдын төмөн жагындагы гидроэлектрстанциялардын иши токтоп калышы мүмкүн.
Парламенттин отун-энергетикалык комплекс боюнча комитети өз чечиминде абоненттер үчүн коркунучтун бар экендигин мойунга алган.
«Күзгү-кышкы мезгилге Токтогул суу сактагычындагы суунун аз запасы менен кирүүдөн улам керетөөчүлөрдүн басымдуу бөлүгүн электр менен камсыз кылууну токтотуу коркунучунун бар экендиги чындык», — деп жазган комитет төрагасы Кожобек Рыспаев
Маал-маалы менен өчүрүүлөр болобу?
Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев үстүбүздөгү жылдын августунун ортосунда 2014-2015-жылдын күзгү-кышкы мезгилинде маал-маалы менен өчүүрүлөрдү толук болтурбай коюууга боло тургандыгын билдирген.
Бирок анын айткандары «Азаттык» радиосуна берген маектеринде жетишсиздик мезгилинде «популярдуу эмес чечимдердин» кабыл алынышы мүмкүндүгүн билдиришкен электр бөлүштүрүү компанияларынын өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнө каршы келет.
Умбеталиев мындай кырдаалда өлкөнүн түштүгүндө күнүнө 4-5 сааттан, түндүгүндө 6-8 сааттан маал-маалы менен өчүрүүлөр күтүлөөрүн айтууда.
«Баарынан да айылдар менен райондордо өчүрүүлөр көп болот. Бишкек жана Ош шаарлары өчүрүүлөргө анча дуушар болушпайт, а райондор, айылдар жана кичинекей шаарларда 6-8 саатка чейин өчүрүлөт. [...] Бир эле маалда 10 миңден 15 миңге чейинки абонент өчүрүлөт», — деп эсептейт ал.Вице-премьер Дилдин айтымында, учурда өкмөт энергетикалык каатчылыкты жеңип, калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн бир катар чараларды көрүп жатат:
- электр энергиясын колдонууга чектөө киргизүү — лимиттердин сакталышы жаңы «акылдуу» эсептегичтердин жардамы менен көзөмөлдөнөт, алар ар бир үйдөгү электр энергиянын пайдаланылышын жана тармактагы чыңалууну аныктап көрсөтүп турат;
- электр энергиясын Тажикстандан алуу — жалпысынан «Барки Точик» тажик ишканасы кыргыз «Электр станцияларына» 212 млн. киловатт-саат электр энергиясын жеткириши керек. Вице-премьердин айтымында, ал электр энергиясы Баткен облусундагы керектөөчүлөргө багытталат;
- Казакстандан 500 млн. киловатт-саат электр энергиясын алуу. Кыргызстан ал электр энергиясын Казакстанга кийинки жылдын жай айларында кайтарып берүүнү убадалап жатат;
- 120га чукул көмөк чордон подстанциялары орнотулуп, 70 чакырымдан ашык аба чубалгылары курулган; дагы 3000ден ашык көмөк чордон подстанциялары оңдоодон өткөрүлгөн.
Электр энергиясын үнөмдөө боюнча чаралардын алкагында 4-сентябрь күнү өкмөт экономика тармактары менен калкты күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жөнүндөгү токтомго өзгөртүүлөрдү киргизген — ал өзгөртүүлөр үстүбүздөгү жылдын сентябрынын аягында күчүнө кирет.
Өзгөртүлгөн токтомго ылайык, сауналар, мончолор, кафе-ресторандар, курулуш объектилери, унаа жуучу жана техникалык оңдоо жайлары жылуулук жана ысык суу үчүн пайдаланылган электр жылыткыч жабдууларысыз калышат.
Үч фазалуу электр камсыздоо системаларын пайдалангандар эмне болот?
Үч фазалуу электр камсыздоо системасы бар абоненттерге байланышкан маселе ачык бойдон калууда — өкмөттүн маалыматы боюнча, алар жалпы керектөөчүлөрдүн 10 пайызын гана түзүшкөнү менен жалпы электр энергиясынын жарымын пайдаланышат.
«Түндүк электр» ишканасынын Бишкектеги бөлүмүнүн басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде азырынча үч фазалуу электр камсыздоо системасы бар абоненттерге карата эч кандай чара көрүлбөй жатканын айтты. Буга чейин энергетика министри андай керектөөчүлөрдүн электрди үй жылытуу үчүн пайдаланышына тыюу салынышы мүмкүндүгүн билдирген.
«Азырынча бул маселе боюнча түшүндүрмө бере албайбыз, токтом чыга элек. Токтомдун үстүнөн Энергетика министрлигинде иштеп жатышат», — деп билдиришти «Түндүк электр» ишканасынан.
Министрликтин өкүлү учурда жетекчилиги парламентте экендигин айтып, токтом боюнча жүрүп жаткан иштер боюнча Kloop.kgнин кабарчысына түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.
Бишкектеги «Комфорт» базарынын аты-жөнүн айткысы келбеген сатуучусу Kloop.kgге учурда кыш жакындаган сайын үйлөр менен имараттарды жылуулоо үчүн материалдарды саткан соодагерлер тарабынан сатып алуучулардын санынын көбөйүп жаткандыгы байкалып аткандыгын билдирди.
Энергетика министрилигинин алдындагы отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент 1-сентябрдан тарта үч фазалуу электр камсыздоо системасын пайдаланган абоненттер үчүн электр жарыгына болгон бааларды киловатт-сааты үчүн 1,2 сомго чейин көтөргөн, ага чейин алар 70 тыйындап төлөп келишкен.
Баалардын жогорулатылышы бийик тоолуу райондордун жашоочуларын нааразычылыгын жараткан — нааразы болгондор 16-сентябрда Нарын шаарындагы аянтка митингке чыгышкан, бирок көп өтпөй алардын акциясы милиция тарабынан таратылган.
Отун-энергетикалык комплекс боюнча парламенттик комитет өкмөткө тариф саясатын кайрадан карап чыгууну сунуштады — анткени үч фазалуу электр камсыздоо системасы бар абоненттер үчүн электр энергиясынын кымбат болушу «калктын калган катмарын дискриминация кылышы» мүмкүн.
«Үч фазалуу электр камсыздоо системасын пайдаланган абоненттер үчүн тарифтердин жогорулатылышы калктын белгилүү бир катмарынын дискриминацияланышына алып келиши мүмкүн, аны менен катар керектөөчүнүн жарандык кодекс тарабынан кепилденген мүлккө (электр энергиясына) болгон укуктары бузулууда», — деп жазган комитет өз корутундусунда.
Газ каатчылыгынан чыгуу жолдорун издөө
2014-жылдын апрелинин ортосунан тарта Өзбекстан тараптан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнүн токтотулушу Ош шаары менен анын айланасындагы райондорго терс таасирин тийгизди — өлкөнүн ал бөлүгүндөгү 60 миң абонент бүгүнкү күнгө чейин көгүлтүр отунсуз жашап жатышат.
Түштүктөгү газ каатчылыгы жергиликтүү тургундарды тамак жасоонун альтернативдүү ыкмаларын, анын ичинде электр энергиясын пайланууга мажбурлоодо.
Оштун Жаймила Кадырова аттуу жашоочусу «Азаттык» радиосуна берген маегинде беш айдан бери газсыз жашоо ага кыйын болуп жаткандыгын айткан — «Газпромдун» башчысы Алексей Миллер Кыргызстанга келгенде анда газ маселеси чечилип калабы деген үмүт пайда болгон.
«Ош шаары боюнча газ жок кыйналып эле жатабыз. Мына кыш келе жатат, кыштан газы жок, электр жарыгы жетишсиз болсо кантип чыгабыз деп башыбыз маң. Буга чейин “Газпром” сүйлөшүп атат деп жатышты эле, анын деле дайыны жок болуп калды окшойт», — деген ал.Вице-премьер Валерий Диль Рыспаевге жөнөткөн билдирүүсүндө газ каатчылыгынын фонунда 2014-2015-жылкы күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүүгө багытталган бир нече чараны атаган:
- түштүк аймакты электр менен камсыздоону күчөтүү үчүн өкмөт энергетикалык компаниялар менен Оштун мэриясына 261 млн. сом бөлдү — бул акчага жергиликтүү бийлик трансформаторлордун кубаттулугун көбөйтүп, калк үчүн суюлтулган газ плиталары менен баллондорду сатып алуулары керек;
- үстүбүздөгү жылдын августунун аягында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жылуулук берүү сезонуна даярдык көрүү боюнча ыкчам штаб түзүлгөн;
- Кыргызстан борбордун жашоочуларын үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу үчүн орусиялык мунай-газ алпы «Газпром» менен жаратылыш газынын 1000 куб метрин 165 доллардан Бишкектеги жылуулук электр борборуна (ЖЭБ)жеткирүү боюнча макулдашкан;
- жергиликтүү бийликтегилер 2014-2015-жылкы күзгү-кышкы мезгилге даярдануу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат;
- жергиликтүү бийликтегилер көмүр сатып алуу керектиги жөнүндө маалыматтык өнөктүктөрдү өткөрүп жатышат — касыл жерлерде, кандай баада жана кандай көлөмдө көмүр сатып алууга боло тургандыгы көрсөтүлгөн аймактардын отун карталары иштелип чыккан.
Бийлик көмүр камдап алуугу чакырууда
Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев августтун ортосунда эле Кыргызстандын жашоочуларын күзгү-кышкы мезгил үчүн көмүр камдоого чакырган — анын айтымында, өкмөт көмүр сатуу жайларын Кыргызстандын бардык аймактарында ачып жатат.
Вице-премьер Дилдин айтымында, андай жайлардын зарыл болгон саны Баткен, Ысык-Көл облустары жана Бишкек шаарынан башка бардык жерлерди ачылды.
Кыргызстандын аймактарында көмүрдүн бир тоннасына болгон баалар:
Облустар | Көмүрдүн бир тоннасына болгон баалар | Сатуу жайларынын саны |
Баткен облусу | 3600 сомдон 9500 сомго чейин | 77нин 58и |
Ысык-Көл облусу | 3600 сомдон 5500 сомго чейин | 89дун 63ү |
Ош облусу | 2900 сомдон 6000 сомго чейин | 83төн 83ү |
Талас облусу | 4200 сомдон 5000 сомго чейин | 63түн 60ы |
Жалал-Абад облусу | 3200 сомдон 6000 сомго чейин | 129дун 129у |
Нарын облусу | 1200 сомдон 3500 сомго чейин | 69дун 69у |
Чүй облусу | 3500 сомдон 3800 сомго чейин | 30дун 30у |
Бишкек | 3200 сомдон 3600 сомго чейин | 63төн 10у |