Чиновниктер июнь окуяларынын курмандыктары жөнүндөгү тасмадан улам жолугушуу залынан чыгып кетишти

Бийлик өкүлдөрү менен укук коргоочулардын Оштогу жолугушуусу 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө орун алган улуттар аралык кагылышуу маалындагы сексуалдык зомбулуктардын курмандыктары жөнүндөгү тасма көрсөтүлүп жаткан маалда үзгүлтүккө учурады — чиновниктер тасманын көрсөтүлбөшүн талап кылышып, залдан чыгып кетишти.

Жолугушуу 23-сентябрда коопсуздук маселелери боюнча тегерек үстөлдүн алкагында өтүп жаткан. Анда 2010-жылы кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы кагылышуунун курмандыктары жөнүндөгү тасманын көрсөтүлүшү иш-чарага катышып жаткан чиновниктердин кыжырын келтирди.

«Республика» фракциясынан депутат Назарали Арипов ал тасма «согушка көкүтүшү» мүмкүн деп эсептейт — ал укук коргоочулардан тасманы көрсөтүүнү токтотууларын талап кылып, жолугушуу жүрүп жаткан залдан чыгып кеткен.

«Ал теманы көтөрүп, өзбек кызынын зордукталгандыгы, анын жолдошунун интервью берип жаткандын көрсөтүп эмне кереги бар? Бул деген туура эмес да. Элдин тынчын кетирип кереги жок. 2010-жылдагы окуяларды чукуп башташты, мен ошондуктан чыгып кеттим», — деди депутат Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, чогулган чиновниктер анда 2010-жылдагы кагылышуу маалындагы зордуктоолор тууралуу тасмалар көрсөтүлөт деп күтүшкөн эмес.

«Биз Кыргызстандагы гендердик саясат боюнча баяндама угабыз деп күткөнбүз, а алар болсо улуттук белгилери боюнча зордукталган делинген кыздар жөнүндөгү 2010-жылдагы окуялар тууралуу тасмларды көрсөтүп башташты. Ошондуктан биз токтотуу чечимине келдик. Бул теманы таптакыр көтөрбөш керек. Жаңы гана жөнгө салынып баштабадыбы», — деди Арипов.

«Эркектер зомбулукка көздөрүн жумуп коюшат»

«Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» коомдук фондунун укук коргоочусу Толкун Тилекова Kloop.kgге берген маегинде жалпысынан жолугушууда бир нече тасма көрсөтүлгөндүгүн, бирок 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуу маалында жабыр тарткан эки кыз жөнүндөгү видео бийлик өкүлдөрүнүн катуу реакциясын жараткандыгын айтты.

«Биз 2010-жылдагы июнь окуялары маалында жабыр тарткан аялдардын тагдырын көрсөттүк. Анда эки тагдыр бар, биринчиси каза болуп калган келин тууралуу, экинчиси эрезеге жете элек зордукталган кыз тууралуу», — деди Тилекова.

Анын айтымында, активисттер зомбулук көйгөйүнө көңүл бурдуртуп, эл аралык соттордо зордукчулар кандай мөөнөттөргө соттоло тургандыктары жөнүндө айткылары келишкен.

«Биз көйгөйгө түз кароо маанилүү деп эсептейбиз. Аны баамдап, түшүнүп, кандайдыр бир чечкиндүү чараларды көрүү маанилүү. Ал эми ага көз жумуп, аны көрсөтпөө керек деп айтуу — туура эмес. Эркектер буга көз жумуп коюуга аракет кылып жатышат. Аялдар сексуалдык зомбулуктар күн сайын болуп жаткандыгын айтып атышса, эркектер ал тууралуу кеп кылбоого аракет кылышууда. Куралдуу кагылышуулар маалында аялдар өзгөчө алсыз экенин белгилегибиз келүүдө», — деди Тилекова.

«Оштун кайып кыздары»

Нафиса менен Каниеттин тагдырлары — «Азаттык» радиосунун журналисти Жаңыл Жусупжандын 2010-жылдын июнунда Ошто орун алган улуттар аралык кагылышуу маалындагы сексуалдык зомбулуктар жөнүндөгү «Оштун кайып кыздары» аттуу иликтөөсүнүн бир бөлүмү.

Этникалык өзбек Нафиса 2010-жылдагы коогалаң маалында биринчилерден болуп зомбулукка туш болгон. Аны зордуктап, өрттөп жиберишкен, сөөгү бир нече айдан кийин гана табылган.

Эрезеге жете элек Каниет июнь окуялары маалында кыйноолорго кабылып, зордукталган — ал жергиликтүү тургундарды коопсуз жайга алып кетчү автобуска батпай калып, бир нече кыз менен бирге аскер формачан адамдар тарабынан уурдалышкан.

Кыргызстандын түштүгүндөгү кагылышуу маалында зордуктоо фактысы боюнча 2010-жылы 7 кылмыш иши козголгон. Анда 12 гана аял жабырлануучу деп табылышкан.