Мелис Турганбаев тынчтык митингдерин «жарандардын укуктарын бузуу» деп атады

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мелис Турганбаев кээ бирде тынчтык митингдери «жарандардын укуктарын буза тургандыгын» билдирди. Ал мындай билдирүүсүн тынчтык митингдерде милиционерлер жарандардын укуктарын бузушат деген пикирге жооп катары айтты.

Ички иштер министрлигинин (ИИМдин) башчысынын милдетин аткаруучу Мелис Турганбаев парламенттик комитеттин 23-сентябрдагы жыйынында кээ бир митингдер «жарандардын укуктарын бузгандыктан» алар милиция тараптан токтотулуп жаткандыктарын айтты.

«Эл митингдерден тажады. Кээ бирде бала бакчалар, мектептер иштерин токтотушат, мага ишкерлер келип даттанышат. Кайсыл жакка барба митингдерди токтотууну өтүнүшөт. Көпчүлүк учурларда митингке келгендердин өзүлөрү эмне үчүн келгендиктерин билишпейт. Бул деген нааразычылык акциясы 2-3 гана кишинин кызыкчылыгында экендигин көрсөтүүдө», — деп жазган АКИпресс агенттиги анын айткандарын.

Анын айтымында, эгер тынчтык жыйын «кайсыл бир көйгөйлөрдү чечүүгө багытталып, ошол эле маалда жарандардын күнүмдүк жашоосуна тоскоолдук жаратпаса» анда милиция кызматкерлери коомдук тартипти камсыз кылышат.

Турганбаев Нарындагы нааразычылык акциясынын токтотулгандыгы тууралуу да кеп кылды — анда жергиликтүү тургандар үч фазалуу электр камсыздоо системасын пайдаланган абоненттер үчүн электр энергиясына болгон тарифтердин жогорулатылышына каршы митингке чыгышкан болчу.

Ал акциянын уюштуруучулары менен катышуучулары митинг «мыйзамсыз» болгондуктан кармалышкан — ИИМ башчысынын милдетин аткарып жаткан Турганбаевдин айтымында, ал митингке «10 дүжүр аял» катышкан.

Ошондой эле Турганбаев укук коргоо органдарынын системасындагы акыркы эки жыл ичинде бир дагы митинг кууп таратылбагандыгын кошумчалады.

«Биз ал [конституциялык] укукту [тынчтык митингтерди өткөрүү укуктарын] сыйлайбыз. Мисалы, мен жетекчилик кызматта турган эки жыл ичинде митингди кууп тараткан бир дагы учур болгон жок, митингчилерге карата ок атуу ниетибиз жок», — деп жазган АКИпресс Турганбаевдин айткандарын.

Тынчтык митингдер жөнүндө качан комитет жыйынында социал-демократтар партиясынын (КСДП) депутаты Исмаил Исаков милиция жарандардын тынчтык жыйындарга чогулууга болгон укуктарын бузуп жаткандыгы тууралуу айткандан кийин кеп козголгон.

«Акыркы кездерде силер тынчтык митингдер өтүп жатканда алардын уюштуруучуларын кармап, аларга карата тергөө иштерин баштап жатасыңар. Анан канча бир убакы өтүп, митинг өткөрүү актуалдуулугун жоготкондон кийин бошотуп жатасыңар. Менин оюмча, бул туура эмес. Милиция тынчтык митингдерин өткөрүүгө көмөктөшүп, нааразычылык акциялар өтүп жаткан маалда коомдук тартипти сактап берүүлөрү керек», — деп жазган АКИпресс Исаковдун айткандарын.

Видео: Атамбаевге каршы Бишкекте өткөн митингди кууп таратуу

«Катуу киши»

Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча парламенттик комитет 23-сентябрда Турганбаевдин ички иштер министрлиги кызматына талапкерлигин жактырды — эми анын талапкерлиги парламент жыйынында каралат.

Турганбаев министрлер кабинетиндеги орун алмаштыруулардын фонунда Абдылда Суранчиев кызматынан кеткенден кийин ИИМ башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

«Азаттык» радиосунун редакциялык материалында автор Жылдыз Ороспакова Турганбаев өзүн «ал үчүн эч кандай авторитет жок, катуу киши» катары көрсөтүп келгенин жазган.

Адил Турдукулов, учурдагы оппозиционер, мурунку — дипломат.
Адил Турдукулов, учурдагы оппозиционер, мурунку — дипломат.

«Парламент жыйынындагы жаакташуу маалында Турганбаев Нариман Түлеевди [Бишкектин мурунку мэри, депутат] «бекитем» деп айтканын эстегилечи. Мелис Турганбаевдин өзүнө жүктөлгөн милдеттерди кантип аткарып, уюшкан кылмыштуу топторду кантип «бекитээрин» убакыт көрсөтөт», — деп жазган «Азаттыктын» автору.

Оппозиционер жана мурунку дипломатиялык кызматкер Адил Турдукулов «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына Турганбаевди Курманбек Бакиев кезинде ички иштер министри болуп турган Молдомуса Конгантиевге окшоштурду.

«Турганбаевдин ыкмалары – биз милициядан күтүп жаткан ыкмалар эмес. Мен бандиттерден да, милициядан да бирдей кооптоном. Милициянын башына ишенүүгө мүмкүн болбогон адам келди. Анын ыкмалары жемелөөлөр менен шектенүүлөрдү жаратууда», — деп жазган Турдукулов.

Анын пикиринде, Турганбаевдин Ички иштер министрлигинин башына келиши президент Алмазбек Атамбаевдин «эгер оппозиция митингке чыга турган болсо аларды күч менен басуу жолун» тандагандыгын түшүндүрөт.

«Чоң басымды күтүүгө болот, бул биз силерди чындап эле катуу кууп таратабыз деген өңүттөгү оппозицияга берилген эскертүү сыяктуу», — деди оппозиционер.