Маданият министри кызматына талапкер Алтынбек Максүтов Kloop.kgге берген маегинде тармактагы абал оор болуп турганда маданият менен туризмди кантип өнүктүрө тургандыгы жөнүндө айтып берди.
Улуттук филармониянын көркөм жетекчиси Алтынбек Максүтов Kloop.kgге берген маегинде өз ишин мекеменин ачыктуулугун арттырып, министрликтин «бардык пландары тууралуу жарыялоого мүмкүн болгон» сайт ачуудан баштай тургандыгын билдирди.
«Министрликтин сайтына бүт баарын жарыялайм, бүт баары каалаган күнү көргүдөй кылам. Бүт баары — актерлор, музейде иштегендердин бардыгы түшүнгүдөй жасайм. Анткени азыр заманбап болуш керек, технология ошондой. Алар уюлдук телефондон же компьютерден көрүшөт», — деди ал.
Максүтов аны министрликтин башчылыгына бекиткен алгачкы эки айдын ичинде Кыргызстан үчүн «жакшы маданий продукт» жасай тургандыгын убадалады.
Анын айтымында, Кыргызстанда туризм тармагы эгер өлкө өзүнүн «этникалык, тарыхый жана руханий өнүгүүсүн» жана кыргыз жаратылышынын кооздугун көрсөтсө өнүгүшү мүмкүн.
«Биз шаарларыбыз менен же башка нерселерибиз менен мактана албайбыз, биз сыймыктана ала турган ушул тоолорубузу менен, өзүбүздүн жакшынакай жерибиз менен мактана алабыз. Анан этно деп коет эмеспи, мунуку ата-бабаларыбыз калтырып кеткен руханий байлыктар менен сыймыктанып, биз дүйнө жүзүнө эч нерседен тайманбай көрсөтсөк болот. Биз ошол жагынан жакшы өнүксөк болот», — деди Максүтов.
Ал маданият министри кызматына талапкер болуп мекеменин буга чейинки башчысы Камила Талиева «Ар-Намыс» фракциясынын чечими жана андан соң президенттин жарлыгы менен кызматтан кеткенден кийин тандалган.
Максүтовдун мекеме башчылыгына талапкерлиги «Ар-Намыс» фракциясындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында сунушталган. Эми анын министрликке талапкерлигин парламенттин жалпы жыйынында жактыруулары керек.
Максүтов менен болгон маектин тексттик версиясы:
Кыргызстандагы маданияттын абалы жөнүндө
Маданият деген эмне?
Kloop.kg: Элдин күзгүсүбү?
Ооба, элдин күзгүсү. Элдин үлгүсү да, орусча айтканда эталон. Ошого адамдын баары умтулуш керек.
Азыр Кыргызстандын маданиятында 18 миң киши иштейт деп айтып жүрүшөт. Мен айтаар элем, 18 миң эмес, биздин Кыргызстанда канча адам болсо ошонун баары маданиятка карайт. Өлкөнүн жалпы калкы — 5 млн. — ошолордун бардыгы маданиятка карайт деп эсептейм. Мындайча айтканда, маданияттын адамдары көп.
Бир четинен маданияттын абалын оор десек болот, а бир чети маданият үчүн эмгектенип жаткандарды — күчтүү адамдар десек болот. Маданият кыргыздын чыгаан, эң чыгармачыл адамдарынан куралат.
Маданият министрлиги — бул эң татаал министрлик, анткени буга чек жок, чыгармачыл адамдарда чек жок. Ошондуктан башкаруу да кыйын.
Мени ушундай козголуулар болуп жаткандыгы сүйүндүрөт.
Биринчиден, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу маданият, маалымат жана туризм министрине сынак болгондугу кубандырат. Мен өзүмдүн өткөнүм үчүн эмес, а ушундай өзгөрүүлөрдүн болуп жатканына кубануудамын.
Саясаттагы тажрыйбасыздык жөнүндө
Угушумча, азыр көпчүлүктө: «Бул бала мурун саясатта иштебесе, чыгармачыл бала болсо кантип бизди башкарат?» деген сөздөр болуп атат.
Мен 25 жылдан бери маданияттамын. Мен анын ичинде бышып, ичинде толгонуп... Менде сөз менен эмес иш менен аткара турган иштер көп, бул тармакты сыртынан эмес, ичинен билем.
Мен мурун чиновник болгон эмесмин. Өз чыгармачылык ишмердүүлүгүмдө монтажердон баштап, көркөм жетекчиликке чейин өсүп жеттим.
Ар бир чыгармачыл адам маданият министрлигин кантип өнүктүрүү керектигин ойлонот. Алардын ой толгоолору менен менен ой толгоолорум бирдей, менде өзүмдүн программам бар. Кудай буюрса аны бир айдын ичинде көрсөтөм.
Чыгармачыл адамдарга колдон келишинче башымды ийип, канча убакыт болсо да кызмат кылууга даярмын. Күндүр-түндүр иштөөгө даярмын.
«Сектантчылык» жана алкоголь жөнүндө
Азыр кээ бир аксакалдарыбыз айтканбы, ким айтканын билбейм, мени сектант, жайсанчы деп чыгарып жатышыптыр. Айтып коеюн, мен жайсанчы эмесмин. Ушул алтынчы, дем алыш күндөрү бош убагымда Саякбай Каралаев атабыздын 120 жылдыгына даярдалып аткан манасчыларга атайын барып сүйлөшүп, мамлекеттик деңгээлде өткөрөлү, биздин Манасыбызды, манасчылык өнөрүбүздү дүйнө жүзү таанысын деп жардам бергени барып келдим. Аны кээ бир адамдарыбыз башка жакка которуп атышыптыр.
Экинчиден, кээ бирлери артисттердин баары ичет, эки күндөн бери ичип жоголуп кетти деп атышыптыр. Жок, мен жумуш кылып, жакшы жөрөлгө болсун, министр болбосом да өз жумушумду кыла берейин деп барып келдим. Мен ичкен эмесмин, деги эле ичпейм. Алкоголь канда бир жума, он күн сакталат дейт, канымдан текшеришсе болот.
Кыргыз тили жөнүндө
Үчүнчүдөн, бүт баары мени орусча билбейт деп күнөөлөп атышыптыр. Мен өзүм Москвада окугам, Ташкентте режиссураны окугам, Күрөңкеевден музыка жагын окугам, сүрөтчүлүктү окугам. Ушул убакка чейин азыр көп сабактар орусча болуп келет. Москвада мага орусчадан кыргызчага эч ким түшүндүрүп бермек эмес, мен орусча билем.
Биз өзүбүздүн тилибизди сыйлабасак, анда бизди эч ким сыйлабайт. Маданият министри орусча сүйлөп турса ал туура эмес болуп калат. Биз башка жакка барганда да котормочу алып барышыбыз керек. Алар биздин тилде сүйлөшпөйт да. Ошондуктан биз дагы өз тилибизди сыйлашыбыз керек.
Башында айткандай, биз үлгү болушубуз керек. Ушул заманбап жашоодо жашап, жарымын кыргызча, жарымын орусча кылып сүйлөп калдык. Биздин тилибиз бай, мен дагы ошол бай тилде нукура сүйлөгүм келет, кыргызча үйрөнгүм келет. Орусча эмес, кыргызча үйрөнгүм келет, а орусча түшүнөм.
Өнүктүрүү программасы жөнүндө
Биринчиден, мен бир айдын ичинде өз программамды тактайм.
Эгер мен министр болуп кала турган болсом министрликтин сайтына бүт баарын жарыялайм, бүт баары каалаган күнү көргүдөй кылам. Бул жактагылар эле эмес, Баткенде отургандар, көлдүн ары жагындагылар, Нарындагылардын баары, актерлор, музейде иштегендердин бардыгы түшүнгүдөй жасайм. Анткени азыр заманбап болуш керек, технология ошондой.
Экинчиден, алты ай же бир жыл дебейм эки айдын ичинде бир резонанс кылып, жакшы бир иш кылганга аракет кылам.
Туризм жана маалымат жөнүндө
Туризм тууралуу айта турган болсок, быйылкы эле өткөн Көчмөндөр оюндарын айталы. Анда эң туура оюн жүрдү, бүт баары туура кетти. Анткени ал толугу менен маданият министрлигине тиешелүү иш болду.
Биринчиден, биз дүйнөгө маданиятыбызды көрсөттүк. Экинчиден массалык маалымат каражаттары аркылуу бүт көрсөтүлдү, өзүбүздү алганда эле канчалаган журналисттер, техника иштеди.
Эми туризм жөнүндө.
Туризм жагынан мен өзүм он жыл бою сүрөтчү болуп, көлдүн жээгинде мобундай болсо, туризм өнүксө элибиз көтөрүлмөк эле деп келгем. Биз шаарларыбыз менен же башка нерселерибиз менен мактана албайбыз, биз сыймыктана ала турган ушул тоолорубузу менен, өзүбүздүн жакшынакай жерибиз менен мактана алабыз.
Анан этно деп коет эмеспи, мурунку ата-бабаларыбыз калтырып кеткен руханий байлыктар менен сыймыктанып, аларды дүйнө жүзүнө эч нерседен тайманбай көрсөтсөк болот. Биз ошол жагынан жакшы өнүксөк болот.
Маданият менен экономика тең өсүшү керек. Маданият артта болуп, экономика өсүп кете албайт, же маданият астыда болуп экономика өспөй калбайт.
Экөө эриш-аркак өсүш керек. Мисалы, Францияда маданият жана француз тилинин министрлиги деп аталат. Менин сиздерге кыргыз тилинде интервью берип жатканым ошондон.
Менеджмент жана маркетинг жөнүндө
Көйгөй маданий жайлардын имараттарында эмес, а маркетинг менен менеджменттин жоктугунда.
Мен театр чөйрөсүндө 20 жыл иштегем. Анда абал мындай — мамлекеттен акча бөлүнүп спектакль коюлат, премьера болот да андан кийин көрүүчүлөр жок. Эмне себептен? Бул көрүүчүнү чакыруунун, аларга маалыматтын жетпегендигинен улам.
Бизде андай штаттар жок. Бир администратор бар, ал болсо билет сатканга гана жетишет. А элди аралап, театр дүйнөсүн көрсөтүп эч ким жарнама кылбайт. Телеканалдар дагы, башка жактар да көрсөтүшпөйт. Анткени театрдын акчасы жок, мамлекеттик ишкана, өлбө жаным өлбө болуп ушул убакка чейин келе жатышат. Абалы өтө оор.
А мына бул филармония тууралуу айта турган болсок, бул башка нерсе. Бул жакта элибизден чыккан нерселер көп болгондуктан элибиз тартылып, азыр иши жакшы жүрүп жатат. Анан жакшы жышаана болуп, жакшы иштер болуп азыр күнүнө бирден эмес, үчтөн концерт жүрүп атат.
А калгандарында абал оор.
Ал эми жанагыл бузулуп аткан имараттар боюнча айта турган болсок, ал имараттардын бардыгын оңдоого азырынча мамлекеттин күчү келбейт. Муну биз өзүбүз аракет кылып, буга чейин сактап келгенибизди сактап, четинен оңдоп башташыбыз керек.
Ал үчүн биз тышкы эмес, ички инвесторлорго кайрылышыбыз керек. Анткени маданият биздин элге керек.
Инвесторлордун үйүн кычыратып салганы жакшы, бирок анын да өзгөчөлүгү болуш керек, улуттук нерсебизге жакын экен деп үлгү алгыдай кылыш керек. Мен биздин чыгаан ишкерлерге ишенем, өзүнүн элин жакшы көрөт, жардам берет деген ойдомун.
Авторлор: Улан Мырза жана Нурмухаммед Атамбаев