«Вечерний Бишкек» гезити басылманы «рейдерлик басып алуу» башталганын билдирди

Кыргызстандагы популярдуу «Вечерний Бишкек» гезитинин редакциясы жарнамалык фирмасынын акцияларынын 50 пайызы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы адамдарга берилгендиги тууралуу билдирди — басылма муну «рейдерлик басып алуу» деп атоодо, бирок өлкө башчысынын аты менен байланыштырбай эле.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен «Вечерний Бишкек» басылмасынын каржы борбору болуп эсептелген жарнамалык «Рубикон» фирмасынын акцияларынын жарымы ЖЧКнын мурдагы негиздөөчүлөрү  Александр Рябушкин менен анын аялы Галина Рябушкинага берилди, деп билдирүүдө редакция.

«Рябушкиндер 2000-жылы өз үлүштөрүн Аскар Акаевдин күйөө баласы Адиль Тойгонбаевге сатышкан, өз кезегинде ал документтерди жасоо жолу менен «Вечерканы» басып алган», — деп жазган «Вечерний Бишкек».

Басылма муну «рейдерлик басып алуу» катары баалоодо.

«Бул жылы да баары кайталанып жатат. Болгону Адил Тойгонбаевдин [Аскар Акаевдин күйөө баласынын] ордуна Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин айланасында жүргөндөр чыгууда», — деп жазган редакция.

Аны менен катар басылма соттун чечимин Атамбаевдин өзү менен байланыштырбай эле.

«Алар президенттин атына жамынып алып, өз аракеттери менен анын беделине шек келтирип атат. «Вечерний Бишкекти» басып алуунун артында президент турбайт деп ишенебиз. Анткени ал буга чейин демократиянын принциптери, мыйзамдуулук бийик тураарын көп жолу айтып, «ажыдаар» болбоого убада берген эмеспи», — деп билдирүүдө басылма.

«Вечерний Бишкектин» интернет-басылмасынын башкы редактору Дина Маслова «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына «басылманы басып алуу» 2015-жылдагы парламенттик шайлоолорго байланыштуу болушу мүмкүндүгүн жазган.

«Бийликтегилер шайлоого даярданып башташкандай. Медианы колдоруна алып жатышат. Макул анда. Каршы чыгууга даяр турчу мезгил жакындоодо. Азырынча башка түшүндүрмө бербейбиз», — деп жазган ал.

Маслованын өзү Kloop.kgнин редактору менен онлайн-жазышуусунда окуянын чоо-жайынын көбү кийинки аптада гана белгилүү болоорун билдирди — башкы редактордун айтымында, «рейдерлик басып алууга» жогорку кызматтагы чиновниктердин тиешелери бар, бирок азырынча басылма ал чиновниктердин аты-жөндөрүн атабай эле.

«Тилекке каршы, биздин өлкөдө жеке ишкердин иши ийгиликтүү жүрө баштаганда, чиновниктердин бири ага таасир этүүгө аракет кыла баштайт. Өз учурунда редакция мындай этапты башынан өткөргөн. Оор тажрыйбаны башыбыздан өткөргөн биз чиновниктерге кантип укуктук формада каршы турууну билебиз. Алдыда шаардык жана Жогорку сот бар», — деди Маслова.

Ал эгер жогорку баскычтагы соттор Биринчи май райондук сотунун чечими менен макул болсушса, ал «Вечерний Бишкек» гезити менен интернет-басылмасынын каржылык туруктуулугуна таасирин тийгизээрин кошумчалады.

«Редакциялык саясат жөнүндө айтсам, азырынча өзгөрүүсүз бойдон калат. Биз кандай гана окуя болбосун болушунча объективдүү чагылдырууга аракет кылабыз. Мунун артында жогорку кызматтагы чиновниктердин бири турат деген маалыматтар тууралуу айтсам, бизде белгилүү бир сунуштар бар. Азырынча редакция аларды айтпай эле», — деди Маслова.

«Рубикондун» негиздөөчүлөрүнүн бири Александр Рябушкин Kloop.kgге берген маегинде азырынча жагдай боюнча түшүндүрмө бербестигин айтты.

«Окуянын кандай өңүттө уланаарын көрөбүз. Кийинки аптага жакын өз позициямды билдирем», — деп кошумчалады ал.

Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов vb.kgга берген маегинде Биринчи май райондук сотунун чечими Кыргызстандагы маалымат чөйрөсүн начарлата тургандыгын билдирген.

«Соттун иштин жайын тез эле түшүнүп, бир тараптын пайдасына чечим чыгаргандыгына ишенүү кыйын. Эгер бул чын болсо, анда ал профессионалдуулуктун жетишсиздигинен гана деп үмүттөнөм. Президент Алмазбек Атамбаев дайыма ЖМКлардын да, жеке бизнестин да кызыкчылыктарын жактап келген. Анонимдүү адамдардын бул ишти өлкө башчысы менен анын жакын адамдарын байланыштырышы да толугу менен негизсиз жана чагымчыл максатта жасалгандыгы көрүнүп турат», — деген Ниязов.