Парламенттик КСДП жана «Ата-Журт» фракциялары криминалга байланышы бар чиновниктер менен депутаттардын мамлекеттик кызматтарда болуусуна тыюу салган мыйзамга каршы добуш беришти. Социал-демократтардын башчысы добуш берүүнүн жыйынтыктарын «түшүнбөстүктөр» болгондугу менен түшүндүрүүдө.
25-сентябрда президент, депутаттар жана чиновниктер жөнүндөгү мыйзамдардын тизмесине киргизилген өзгөртүүлөр парламенттин экинчи окуусунда өткөн жок — киргизилген өзгөртүүлөрдүн кабыл алынышына 13 добуш жетпей калды. Жалпысынан мыйзам долбооруна 120 депутаттын 80и добуш бериши керек болчу.
Мыйзам долбооруна ылайык, эгер өлкө башчысы, эл өкүлдөрү жана чиновниктер буга чейин оор же өтө оор кылмыштар үчүн соттолгон болушса, же криминал менен байланышы бар болуп, милициянын учетунда турушса учурда ээлеген кызматтарында кала алышмак эмес.
Добуш бергендердин ачыкка чыгарылган тизмесинде мыйзам долбооруна каршы социал-демократтардын жарымына жакыны, оппозициялык «ата-журтчулардын» дээрлик толук курамы жана буга чейин криминал төбөлү менен байланышы бар деп шектелип келген бир «ар-намысчы» депутат бар болуп чыкты.
Социал-демократтар (КСДП) фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков Kloop.kgге берген маегинде добуш берүүнүн жүрүшүндө «механикалык жаңылыштык» кетип, анын партиясындагы депутаттар туура эмес добуш берип алгандыктарын айтты.
«Мыйзамдар топтолуп, аларга бир күндүн ичинде добуш берилет. Ошондуктан кээ бирде депутат жаңылышып, коңшусунан бир нерсе сураган учурлар болот. Жаңылыштык болуп калды. Ал боюнча арыз жаздык. Түшүнбөстүктөр болгон», — деди ал.
Анын айтымында, кайталап добуш берүүдө мындай жаңылыштык кайталанбайт.
«Менин оюмча, бул мыйзам долбоору кайрадан каралат, анткени туура эмес түшүнүп алган депутаттар арыз жазышты», — деди Турсунбеков.
«Каршылаштарын четке чыгаруучу мыйзам»
«Ата-Журттун» депутаты Курманбек Осмонов мыйзам долбоору жаза мөөнөтүн өтөгөн адам кылмышкер катары эсептелбейт деген юридикалык нормага каршы келет деп эсептейт.
«Бул акылдан адашкандык. Кылмыш кодексинин жалпы бөлүмүндө соттолгондук деген норма бар. Анда соттолгондугу алынган жана жаза мөөнөтүн мыйзам чегинде өтөгөн адамдар соттолгон эмес деп эсептелишет — Соттолгон адамдар үчүн укуктук кесепеттер аларга карата колдонулбайт. Анда соттолгондукту алуу жана жаза өтөө институтунун эмне кереги бар? Ал түшүнүктү таптакыр эле алып салган жеңил болуп жүрбөсүн? Бир жолу соттолдунбу, болду — өмүр бою соттолгон адам катары эсептелинесиң», — деди парламентарий Kloop.kgге берген маегинде.
Анын айтымында, криминалга байланышы бар деген пункт саясий каршылаштарын четке чыгаруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн, анткени кылмыш дүйнөсүнө байланышы бар деп каалаган адамды айыптап коюуга болот.
«Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп каалаган адамды жаманатты кылып коюуга болот. А ал болсо далилденип, соттун чечими менен гана аныкталышы керек. Келечекте каршылаштарын, оппоненттерин четке чыгаруу аракеттери байкалууда. Бирок бул азырынча божомолдоолор гана», — деди Осмонов.
Депутат эгер «Ата-Журт» фракциясы ал мыйзамга каршы добуш берген болсо, ал криминалды колдойт же ага жан тартат дегенди түшүндүрбөстүгүн айтты.
«Бизди «Ата-Журт» кылмышкерлер менен уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү тарапта дегендей көрсөтүп коюшту. Бирок, эгер сиздер байкасаңыздар, жарыяланган тизмеде мыйзамга каршы добуш берген бийликчил партиялардын да депутаттары бар. КСДПнын лидеринин өзү жана түшүнүгү бар Галина Скрипкина сыяктуу депутаттар да каршы болушкан. Бул маселеде партиялык интрига жок», — деди ал.