Тендерлерди ийгиликсиз өткөргөндүгү үчүн «Электр станциялар» ишканасынын экс-башчысы тергөө абагына камалды

Кыргызстандын башкы энергетикалык компаниясы болгон «Электр станциялар» ишканасынын мурунку жетекчилерине каршы кылмыш иши Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алуу боюнча тендерлерди ийгиликсиз өткөргөндүгү үчүн козголгон.

«Электр станциялар» ишканасынын мурунку директорлору Кемел Иманов менен Абдылда Исраилов Бишкектеги Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) бир нече булактан көмүр сатып алуу боюнча тендерлерди ийгиликсиз өткөргөндүктөрү үчүн айыпталып жатышат, деп билдирүүдө «Вечерний Бишкек» жаңылыктар порталы.

Иманов 22-сентябрь күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМКнын) тергөө абагына камалган, а Исраилов учурда ооруканада.

УКМКнын басма сөз кызматынан азырынча «Электр станциялар» ишканасынын мурунку жетекчилерине каршы кылмыш ишинин козголгондугу боюнча маалыматка ээ эмес экендиктерин билдиришти.

Исраилов менен Иманов Бишкек ЖЭБсине көмүрдү бир эле булактан алуу чечими кабыл алынгандан кийин 18-сентябрда кызматтарынан алынышкан. Жылуулук электр борборуна көмүр сатып алууга үч жолу тендер өткөрүлгөн, бирок түрдүү себептерден улам алардын үчөөсү тең өткөрүлгөн жок деп табылган.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Расул Умбеталиев тендерлер көмүр сатып алуудагы коррупциялык схемалардан улам ишке ашпай калган деп эсептейт.

«Луговая» станциясында казак көмүрүнүн бир тоннасынын орточо баасы 29 доллардан 34 долларга чейин болууда. Качан 42 доллардан сунушташканда албетте, алар чоң акчаларды жасашат — 6 млн. доллардан 8 млн. долларга чейин. Бул «Электр станциялардын» жетекчилиги өз чөнтөгүнө салгысы келген айырма», — деди ал 26-сентябрда журналисттер менен болгон жолугушуусунда.

Өз кезегинде энергетика министри Осмонбек Артыкбаев көмүр сатып алуулардын ишке ашпай калышына камсыздоочулардын документтеринин тендердин талаптарына дал келбей калгандыгы себеп болгондугун айткан.

Каржы министрлиги экинчи жолу жеңүүчү болгон «Прогресс компанини» өткөрбөй койгон. Жылуулук берүү сезону жакындап калгандыктан көмүрдү  «бир булактан алуу» ыкмасы менен сатып алуу чечими кабыл алынган», — деп жазган «Вечерний Бишкек» Артыкбаевдин айткандарын.

«Электр станциялар» ишканасынын мурунку жетекчилерине каршы кылмыш иши жылуулук берүү сезонунун жакындашы, энергетикалык жана газ каатчылыгынын фонунда козголууда.

Электр тармагындагы көйгөйлөр Токтогул ГЭСинин суу сактагычындагы суунун аздыгынан улам келип чыккан.