Украинадагы каатчылык жана Кыргызстанга негизги отун жеткирүүчү болуп эсептелген Орусияга каршы санкциялардын киргизилиши өлкөдө бензинге болгон баанын кескин өсүүсүнө алып келди. Kloop.kgнин редакциясы акыркы 12 жылдын ичинде күйүүчү майга болгон баалардын кандай өскөндүгүнө анализ жүргүздү — бул аралыкта бензиндин баасы төрт эсеге кымбаттаган.
Kloop.kgнин редакциясы 12 жылдан бери апта сайын АИ-95 үлгүсүндөгү бензинге болгон баалардын өзгөрүшүн таблицага түшүрүп келген кыргызстандык Искен Сыдыковдун байкоолоруна таянат.
Инфографикада ар бир жылдын башындагы баалар жана алардын жогорулоосунун себептери көрсөтүлгөн.
2002-жыл — 11-сентябрдагы теракттан кийинки абал жана Венесуэладагы көтөрүлүш жасоо аракеттери
Мунай экспорттогон өлкөлөр уюмунун (ОПЕК) статистикасына ылайык, 2002-жыл мунайга болгон дүйнөлүк баалардын 35 пайызга арзандоосу менен башталган.
2001-жылдын сентябрынан 2002-жылдын январына чейинки аралыкта «кара алтынга» болгон баалардын төмөндөшү 2001-жылдын 11-сентябрындагы террористтик актынын жыйынтыгына байланыштуу болгон. Анда Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борбору жайгашкан эгиз-мунаралар кыйраган.
Жылдын аягына жакын мунайдын баасы кайрадан жогорулап баштап, АКШнын бийлиги тарабынан Ирак лидери Саддам Хуссейнде массалык жок кылуу куралы бардыгы тууралуу билдирүүлөрүнүн фонунда 30 долларга барып токтогон.
Мунайга болгон баалардын өсүүсүнүн себептеринин бири Венесуэладагы көтөрүлүш жасоого болгон ийгиликсиз аракеттер болгон — анда президент Уго Чавестин реформаларына нааразы болгон өлкөнүн ишкер элитасы бир нече күнгө бийликти басыл алышкан, а мунай өндүрүп, дүйнөлүк рынокторго жеткирүү бир канча убакытка токтоп калган.
Мунайдын орточо жылдык баасы — 1 баррелине 25 АКШ доллары.
2003-жыл — Ирактагы согуш
Дүйнөлүк USA Today маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, 2003-жылдын башында мунайга болгон баалардын өсүшү 19 пайызды түзгөн.
Дүйнөлүк рынокко венесуэлалык мунайдын кайтып келгенине карабастан күйүүчү майдын баасы өсүүсүн уланткан. Себеп — АКШ башында турган НАТОнун коалициялык аскер күчтөрү баштаган Ирактагы согуш.
БУУнун Саддам Хуссейндин режимине каршы киргизген санкциялары алынгандан кийин Ирак дүйнөлүк рынокко башкы мунай жеткирүүчүлөрдүн бири болуп турган — санкциялар Ирактын Кувейтти аннекция кылуу аракетинен кийин 1990-жылы киргизилип, 1998-жылы алынган.
Мунайдын орточо жылдык баасы — 1 баррелине 28,9-30 АКШ доллары.
2004-жыл — мунай иштетүүгө өндүрүш квотасынын өсүшү, Ирактагы согуш жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы экономикалык өсүш.
Анткен менен 2003-жылы НАТОнун Ирактагы аскерий өнөктүгүнүн кесепеттеринин таасири дүйнөлүк мунай сатуу рыногуна анчалык деле катуу таасирин тийгизген эмес.
Мунайдын баасы чынында 2004-жылы кескин жогорулап, 1 баррели үчүн рекорддук 41,17 долларга чейин жеткен.
«Кара алтынга» болгон баалардын өсүү динамикасына Кытай, Түштүк Корея, Тайланд, Камбоджа, Вьетнам, Малайзия сыяктуу азия өлкөлөрүнүн экономикалык өсүүлөрү да өз таасирин тийгизип турган.
Орусиянын мурунку отун жана энергетика министринин орун басары Андрей Конопляник 2004-жылы жазгандай, ОПЕК мунай өндүрүүгө болгон квотаны суткасына 30 млн. баррелге чейин көбөйткөн.
«Уюм мунай өндүрүүнү көбөйтүү дүйнөлүк бааларды кайрадан ОПЕКтин баа коридорунун алкагына — 1 баррели үчүн 22-28 долларга жеткирүүгө жардам берет деп үмүттөнүүдө. Бирок бул эксперттер тарабынан баалардын жаңы өсүүлөрү тууралуу алдын ала айтууларына тоскоол болбой эле. Алсак, Жапониянын Жаратылыш ресурстары жана энергия агенттиги мунайдын баасы бир баррелине 86 долларга чейин жогорушы мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт, бул глобалдык экономикалык каатчылыкка алып келиши мүмкүн».
Ушул жылдан тарта «мунайга болгон жогорку баалардын доору» башталган.
Мунайдын орточо жылдык баасы — 1 баррелине 37,7 АКШ доллары.
2005-жыл — Катрин бороону, Ирактагы согуш
Ирак дагы деле НАТО менен согушун улантууда. АКШнын түштүк штаттарында катуу бороон болот. Түштүк-Чыгыш Азия күндөн күнгө көбүрөөк мунай талап кылууда. Мунайга болгон баалар бир жылдын ичинде 60 долларга чейин өстү, бул рынокко болгон суроо-талаптын реалдуу өсүшү жана сунуштун төмөндөшүнүн таасири эмес, а чынында психологиялык таасир болуп калды.
Бирок, Би-би-синин мурунку вице-президенти Уильям Рис-Могдун айтымында, орточо жылдык статистикада суроо-талап 2004-жылдагыдай кескин өсүүсүн токтоткон.
«Мунайдын баасынын төрт жылдын ичинде туруктуу өсүүсү суроо-талаптын жылына болгону 2ден ашык пайызга өсүшү менен байланыштуу болгон, ошол эле маалда сунуш жайыраак өскөн: 2004-жылдагы 4,1 пайыздан кийин 2005-жылы ал болгону 1,25 пайызга, а 2006-жылы — 0,5 пайызга өскөн».
Аны менен катар Конопляник жазгандай, бир катар мунай экспорттогон өлкөлөр ОПЕК тарабынан белгиленген мунай өндүрүүнүн квоталарынан жана дүйнө боюнча ресурстардын акырындык менен азаюусунан улам канча бир убакыттан кийин мунай импорттоочуларга айланган.
«10 жыл мурун эле мунай экспорттоп келген Кытай 2003-жылы мунай импорттоо боюнча дүйнөдө экинчи орунга чыкты. Өткөн жылы Улуу Британияга биринчи жолу мунай менен газ импорттоого туура келди. Өз кезегинде Норвегия да өзүнүн мунай өндүрүү мүмкүнчүлүктөрүнүн чокусуна жетти. Жазында мунай импорттоочулардын катарына Индонезия да кошулду», — деп жазган Конопляник.
Мунайдын орточо жылдык баасы — 1 баррелине 53,6 АКШ доллары.
2006-жыл — Иранга каршы санкциялар, Экинчи Ливан согушу жана Боливияда мунайды улутташтыруу
Ирак менен Ооганстанда согуш уланууда, а дүйнөлүк маалымат каражаттары Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы мамилелердин начарлоосунун фонунда пайда болуп жаткан Иран менен согуштун башталышы ыктымалдыгы тууралуу божомолдоолорду жаза башташты.
Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад уран байытуунун калыбына келтирилгендиги жөнүндө жар салды, өз кезегинде бул АКШ, Улуу Британия, Орусия, Франция, Кытай жана Германиядан турган «алтылык» тараптан нааразычылык жараткан.
Ирандан башка Жакынкы Чыгышта тынчсыздануулардын дагы бир булагы бар болгон — ал Экинчи ливан согушу. Израиль армиясы менен Ливандын түштүк аймактарын көзөмөлдөп турган радикалдуу «Хезболла» шийит тобунун ортосундагы кагылышуулардын жүрүшүндөгү 34 күнгө созулган согуштук аракеттер дүйнөлүк рынокту катуу тынчсыздандырды, мындан улам мунайдын 1 баррелине болгон баалар 79 АКШ долларына чейин өскөн.
Андан сырткары Боливиянын президенти Эво Моралес өлкөдөгү бардык мунай кендеринин улутташтырылгандыгы жөнүндө билдирди.
Мунайдын орточо жылдык баасы — 1 баррелине 79-80 АКШ доллары.
2007-жыл — ОПЕК мунайга болгон бааларды кармап турууга аракет кылууда.
Алгач 2006-жылдын ноябрында мунай өндүрүүнү кыскартып, 2007-жылдын февралында кайрадан мурунку квотага кайткан ОПЕКтин бааларды кармап туруу саясатынан улам жылдын башында мунайдын баасы бир аз төмөндөгөн.
Анткен менен бул жылдын аягында 1 баррели 90 долларга чейин жеткен мунайдын баасын кармап тура алган жок.
Мунайдын орточо жылдык баасы — 1 баррелине 90 АКШ доллары.
2008-жыл — дүйнөлүк экономикалык каатчылык
Азыркыга чейин анча-мынча уланып жаткан эл аралык экономикалык каатчылык башталган жыл 1929-1939-жылдары АКШ менен Батыш Европа өлкөлөрүндө орун алган Улуу депрессиядан кийинки ири каатчылык болду.
Бирок 2008-жылдын июлуна чейин 1 баррель мунайдын баасы бардык болгон рекорддордон ашып түшөт. Баалардын өсүшүнүн хронологиясы:
14.04.2008-жыл — 1 баррелине 110$
29.04.2008-жыл — 1 баррелине 120$
21.05.2008-жыл — 1 баррелине 130$
28.06.2008-жыл — 1 баррелине 140$
Мунай рыногунда спекулятивдик капиталды жараткан 2007-жылдагы ипотекалык каатчылыктан улам баалар болуп көрбөгөндөй бир жарым эсеге өсөт, өз кезегинде ал доллардын алсыздануусуна алып келген.
2008-жылдын 3-июлунда 1 баррель мунайдын баасы 145 долларга жеткен — ал көрсөткүч азырынча «кара алтын» сатуунун тарыхындагы рекорддук көрсөткүч.
Дүйнөлүк экономикалык каатчылыктын фонундагы кийинки жарым жылда мунайдын баасы кескин түрдө 40 долларга чейин төмөндөйт.
Биз мунайдын 1 баррелинин орточо жылдык баасын эсептебей эле коелу деп чечтик, анткени бир жылдын ичинде мунай алгач бир эсеге кымбаттап, андан соң дээрлик төрт эсеге арзандаган.
2009-жыл — экономикалык каатчылыктын кесепеттери
Мунайдын баасы жыл бою акырындык менен 80 доллар көрсөткүчүнө кайтып келе баштаган.
Мамлекеттер дүйнөлүк экономикалык каатчылыктын кесепеттери менен күрөшүп, дүйнөнүн дээрлик бардык өнүккөн экономикасына таасирин тийгизген рецессияларга каршы турууга аракет кылышкан.
Мунайдын жылдык орточо баасы — 1 баррелине 60 доллар.
2010-жыл — Кыргызстанда бийлик алмашуу, Мексика булуңуна мунайдын куюлушу, «араб жазынын» башталышы
Муну Кыргызстандагы мунай баасына дүйнөлүк процесстердин таасири тийбеген жалгыз мисал деп айтсак болот.
2010-жылдын апрелинде мамлекеттик төңкөрүш болуп, анын жыйынтыгында президент Курманбек Бакиев бийликтен кетет.
2010-жылдын майынан тарта күйүүчү майга болгон баалардын кескин өсүүсү башталат — дээрлик 10 сомго чейин.
07.04.10 | 30,30 сом |
17.04.10 | 31,30 сом |
21.04.10 | 31,30 сом |
24.04.10 | 31,80 сом |
28.04.10 | 32,30 сом |
28.05.10 | 36,00 сом |
28.06.10 | 37,00 сом |
31.07.10 | 37,30 сом |
27.08.10 | 37,70 сом |
28.09.10 | 38,00 сом |
30.10.10 | 38,80 сом |
30.11.10 | 39,70 сом |
31.12.10 | 39,70 сом |
Ал ортодо Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштагы нааразычылык маанайлардын өсүшүнүн, ошондой эле Мексика булуңуна мунайдын куюлушунун фонунда дүйнөдө да мунайдын баасы жогорулаган.
Мунайдын жылдык орточо баасы — 1 баррели 84-85 доллар.
2011-жыл — «араб жазы», АКШ менен Европа биримдигинде дефолт коркунучу
2011-жылдын башталышы менен «араб жазынын» фонунда мунайга болгон баалар кескин өсөт.
Тунис, Египет жана Ливиядагы революциялар мунай менен соода кылуу рыногунда тынчызданууларды жаратат.
Андан сырткары бул жылы Европа менен АКШда дефолт коркунучу болгон — акыркы беш жылдын ичинде мунайдын 1 баррелинин 100 доллардан ашышына дал ушул башкы себептердин бири болгон.
Бирок жылдын соңунда баалар кайрадан 90 АКШ долларына чейин түшкөн, анткени Египет менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү дүйнөлүк рынокко үзгүлтүксүз мунай жеткирүүнү камсыз кылышкан.
Мунайдын орточо жылдык баасы — 1 баррели 90 АКШ доллары.
2012-жыл — Иранга каршы мунай эмбаргосу
Мунайдын баасы 1 баррели үчүн 90 доллар көрсөткүчүндө көп кармалып турган жок.
2012-жылдын башында Европа биримдиги дүйнөлүк коомчулуктун нааразычылыктарына карабастан уран байытууну улантып келген Иранга каршы санкцияларды киргизген — андан улам Тегеран батыш рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.
Алгач бул сырьенун 1 баррелинин 128 долларга чейин өсүүсүнө алып келген. Бирок көп өтпөй эле, Греция мамлекеттик каражатты үнөмдөө максатында бюджеттик чыгымдарды азайтуу боюнча чаралардын пакетин кабыл алгандан кийин мунайдын баасы 1 баррели үчүн 111 долларга чейин төмөндөгөн.
Мунайдын орточо жылдык баасы — 1 баррелине 113-114 доллар.
2013-жыл — Египеттеги аскердик төңкөрүш, Иран менен болгон мамиленин нормалдашуусу
2013-жылдын биринчи жарымындагы мунайдын кымбатташы аскерлер тарабынан Мохаммед Мурси бийликтен кеткен Египеттеги туруксуздуктан улам келип чыккан. Алгач бийликке келген аскерлер тарабынан Түштүк-Чыгыш Азия жана Жакынкы Чыгыштан АКШны көздөй мунай танкерлери өтчү Суэцкий каналынын жабылаар-жабылбасы белгисиз болгон.
Бул жылдагы эң жогорку — бир баррели үчүн 110 доллар көрсөткүчүнө АКШнын Конгресси бюджетти кабыл албай коюп, анын жыйынтыгында өкмөт эки апта бою эч аракетсиз отуруп калганда жеткен.
Анткен менен көп өтпөй Ирандын жаңы президенти Хасан Рухани байытылган уран өндүрүүнү азайтууга макул болуп, батыш өлкөлөрү ислам өлкөсүнө каршы киргизилген санкцияларды алып салууга макулдугун бергенден кийин баалар төмөндөп баштаган.
Мунайдын орточо жылдык баасы — 1 баррелине 100 доллар.
2014-жыл — Украинадагы каатчылык жана Ирак менен Левантанын ислам мамлекети коркунучу
Мунайга болгон баалардын быйылкы кескин өсүүсү Украинадагы каатчылыкка жана Ирактын түндүгү менен Сириянын чыгыш бөлүктөрүндөгү Ирак жана Левантанын ислам мамлекетиндеги көйгөйлөргө байланыштуу.
2014-жылдын сентябры — орусиялык мунай-газ корпорацияларына каршы киргизилген санкциялар.
Европа биримдиги менен АКШнын санкцияларынын жаңы (үчүнчү) пакети Орусиянын мунай-газ тармагына да багытталды, өз кезегинде ал Кыргызстанда күйүүчү майга болгон 5 пайызга өсүшүнө алып келди.
Санкцияларга Орусиянын ири мунай-газ корпорациялары болуп эсептелген «Роснефть», «Газпромнефть» жана «Лукойл» ишканалары да кабылышкан.