Депутат Бакыт Төрөбаевдин мыйзам долбоору өлкө аймагын коргоо үчүн чек арадагы жашоочуларды куралдандырууну сунуштоодо. Парламентарий бул идеянын оң жактарын көрүп жатканы менен коопсуздук боюнча комитет мыйзам долбоорун сынга алууда.
«Ыйгарым укуктуу чек арачылар жөнүндөгү» талаштуу мыйзам долбоору бүгүн, 29-сентябрда парламенттин коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде талкууланууда – мыйзам чыгаруучу идея чек араны коргоо үчүн атайын кызмат киргизүүнү сунуштайт.
Төрөбаев тарабынан жазылган негиздеме маалымкатка ылайык, чек арачылардын жетишсиздигинен улам жергиликтүү жашоочуларды чек араны коргоого тартуу зарыл.
«Мыйзам долбоорунда жарандарды акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик чек араны кайтарууга тартуу, Мамлекеттик чек ара кызматынын карамагындагы күчтөрдү, каражаттарды жана финансылык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууну оптималдаштыруу үчүн шарттарды түзүү каралган», — деп жазылган маалымкатта.
Төрөбаевдин пикиринде, ыйгарым укуктуу чек арачыларды киргизүү чек араны кайтаруудагы чыгымдарды азайтууга жардам берет – анын эсептөөсү боюнча, ыйгарым укуктуу чек арачыга бир жылга 80 миңге сомго чукул каражат кетет, бул катардагы чек арачыга жумшалган каражаттан 23 миң сомго аз.
«Бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы республикалык бюджеттен кошумча акчанын бөлүнүшүн талап кылбайт, ошондой эле социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерди жаратпайт», — деп жазган депутат.
Сын-пикирлердин фонунда кабыл алынышы күтүлүүдө
Депутат, комитет башчысынын орун басары Ирина Карамушкина чек ара маселелерин чечүү үчүн калкты куралдандыруунун «максатсыз» экенин айтып, мыйзам долбоорун кабыл албоону талап кылды.
«Куралдандыруу боюнча сизди кайрадан угуу керек, бул мыйзам менен сиз ыйгарым укуктуу чек арачыларга мамлекеттик чек араны ыкчам коргоо боюнча аскердик маселелерди аткарууну жүктөп жатасыз, эгер курал бере турган болсоңуздар кандай жол менен жоопко тартасыздар», — деп жазган АКИпресс агенттиги Карамушкинанын айткандарын.
Буга чейин коргоо жана коопсуздук комитети Төрөбаевдин учурда кабыл алынып, кол коюуга президентке жөнөтүлүшү үчүн акыркы үчүнчү окууну күтүп жаткан мыйзам долбоорун эки жолу кабыл албай койгон.
Парламент комитети өзүнүн 19-майдагы корутундусунда жергиликтүү калкты ок атуучу куралдар менен куралдандыруу учурдагы «Куралдар жөнүндөгү» мыйзамга каршы келээрин жазган.
Карамушкина тарабынан кол коюлган корутундуга ылайык, эгер ыйгарым укуктуу чек арачылар мыйзамсыз же кылмыштуу иштерге бара турган болсо мыйзам долбоору өлкөнүн имиджин бузуусу мүмкүн.
«Жогорку же аскердик билими жок жана ыйгарым укуктуу чек арачы кызматына атайын даярдыктан өтпөгөн жарандын мамлекеттик бийлик өкүлү катары келиши алардын мыйзамсыз миграцияга же аткезчилик менен баңгизатын ташууга байланышкан кесепеттерге алып келиши мүмкүн», — деп жазган коргонуу комитети.
Ыйгарым укуктуу чек арачы
Мыйзам долбооруна ылайык, аскердик же альтернативдүү кызмат өтөгөн, Кыргызстандын чек ара мыйзамдарын жана чек аранын кайсыл жерлер аркылуу өтөөрүн билген адам ыйгарым укуктуу чек арачы боло алат.
Ыйгарым укуктуу чек арачы куралды алып жүрүп, аны кимдир бирөөгө карата колдонуп, документтерди, унаа каражаттарды текшерип, мамлекеттик чек араны бузгандарды кармап, мыйзам бузуучулар менен күрөшүү боюнча алдын алуу иш-чараларын өткөрө алат.
«Ыйгарым укуктуу чек арачы мамлекеттик чек араны бузган адамга карата келтирген моралдык, физикалык же мүлктүк зыяндар үчүн жоопкерчилик тартпайт […]», — деп жазылган мыйзам долбоорунда.
Аны менен катар ыйгарым укуктуу чек арачынын талаптарынан баш тартып же ага баш ийбегендер жоопкерчиликке тартылышат.
Ыйгарым укуктуу чек арачы богусу келген жаран Мамлекеттик чек ара кызматынан форма, курал-жарак жана айлык маяна алат.
Мыйзам долбоору Тажикстан менен болгон чек арадагы мезгилдүү мүнөзгө айланган чырлашуулардын фонунда каралууда.
Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанстандын аймактары Фергана өрөөнүн бириктирип, өлкөлөр ортосунда татаал чек ара системасын түзүп турат. Ошондой эле өлкөлөрдүн бири-биринин аймактарында анклавдары да жайгашкан.
Өлкөлөр ортосундагы чек аранын кыйла бөлүгүнүн дагы деле делимитацияланбагандыгынан улам жергиликтүү жашоочулардын, кээ бирде чек арачылардын ортосунда да тез-тез жаңжалдар чыгып келет.
Акыркы жылдардагы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эң катуу кагылышуу 2014-жылдын январында болгон. Анда эки өлкөнүн чек арачылары Ворух анклавын айланып өтүүчү жолдун кайсыл аймактарда курулушу керектиги боюнча талашып-тартышуулардан улам бири-бирине ок атууга чейин барышкан.