Депутат Жээнбеков бийликти оппозицияны куугунтуктоону токтотууга чакырды

Оппозициялык дептутат Равшан Жээнбеков парламент жыйынында бийлик Бакиев [мурунку президент Курманбек Бакиев] учурундагыдай каршылаштарын куугунтукка алып баштагандыгын билдирди.

Жээнбеков парламенттеги сөзүн белгисиз аялдар менен жаш жигиттер тарабынан үзгүлтүккө учураган оппозициянын Оштогу жолугушуусунан баштады.

«Парламенттин эки депутатын Ошко киргизбей жатышат. Бизге жөн гана өлкөнү өнүктүрүү боюнча концепциябызды айтууга да мүмкүнчүлүк беришкен жок. Атайын жалданган аялдар менен спорттук дене түзүлүштөгү жигиттерден турган топ. Ошто кайсыл жерге барбайлы бизди аңдып жүрүштү, аларды кичи автобус менен ташып жүрүштү», — деп жазган 24.kg маалымат агенттиги Жээнбековдун айткандарын.

Оппозициялык депутат бийлик Бакиев учурундагыдай өз каршылаштарын куугунтуктап жаткандыгын билдирди.

«Бул бизге 2007-жылда Түптө болгон окуяны эске салды, анда да оппозицияны көздөй жумуртка ыргытылган. Эми биз концепциябызды [Кыргызстанды өнүктүрүүнүн концепциясы] басып чыгарган улуттук китепкананын басмаканасына басым жасоолор башталды. Бийлик ал кичинекей китепчеден эмнеге мынча коркуп жатат?» — деп суроо салды Жээнбеков.

Анын пикиринде, бийликте дайыма кандайдыр бир оппозиция болушу керек.

«Оппозицияда болгону 5-6 эле активдүү саясатчылар калды. Оппозицияны жайына коюууга мүмкүн эмеспи? Кайсыл жерде бийлик болсо, ошол жерде оппозиция болушу керек. Өтө күчтүү болбосо да керек», — деди парламент депутаты.

Оппозиция куугунтуктарга кабылып жаткандыгы тууралуу Жээнбековдун бул билдирүүсүнө карата азырынча бийлик эч кандай реакция жасай элек.

Үзгүлтүккө учураган жолугушуу

Оппозициянын жолугушуусу Ош шаарында 26-сентябрда өткөн — анда оппозициялык депутаттар Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдырахманов Кыргызстандын өнүгүүсү боюнча өз концепциялары тууралуу айтып берүүнү каалашкан.

Бирок жолугушуу баштала эле жатып эле үзгүлтүккө учураган — белгисиз аялдар менен жаш жигиттер депутаттарды көздөй жумурткаларды ыргытышып, жыйынды аны токтотууга аргасыз кылышкан.

Өзүн Оштун жашоочусу Марипа Осмоналиева деп тааныштырган нааразы болгондордун биринин айтымында, алар митингдерсиз, тынч жашагылары келип жаткандыгы тууралуу билдирүү үчүн оппозициянын жолугушуусуна келишкен.

«Азыр булар оппозиция деген атты жамынып алып, жаштарды уюштуруп, анан тополоң уюштурабыз деп жатат окшойт. Мен деле анча түшүнгөн жокмун, жөн эле уктум. Биз жөн гана ынтымакты каалаган аялдарбы», — деп жазган «Азаттык» радиосу Осмоналиеванын айткандарын.

Жээнбековдун өзү анда жолугушуунун үзгүлтүккө учуратылышы — президент Алмазбек Атамбаевдин бийликти күч менен кармап тургусу келгендигинин белгилеринин бир экенин билдирген.

«Кадимкидей жолугушуулардан коркуп, ага тоскоолдук кылып жатканы эки нерсе менен байланыштуу. Биринчиден, президент Атамбаевдин бийликти күч менен кармап туруу аракети. Экинчиден, аябагандай агрессивдүү, бардыгын күч менен чечем деген Мелис Турганбаевди ички иштер министри кылып дайындап койду. Ушул киши келгенден кийин Ички иштер министрлигинде бирөөлөрдү себепсиз камап салмай, кысмакка алуу, коркутуу, бут тосуу, тоскоолдук кылуу сыяктуу саясат жүрө баштады», — деген ал.