Акыркы 60 жылдын аралыгында кыргыз окумуштуулары космос аппараттары үчүн бургулоо машиналарын түзүп, майда жандыктар үчүн эмдөө каражаттарын ачышып, адам канын жаныбарлардын канына алмаштыруу боюнча жашыруун иштеп чыгуулардын үстүндө иштешкен.
Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы (УИА) өлкөдө 60 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет. Өзүнүн мыкты жылдарында — Советтер союзу таркаганга чейин — ал каржылоонун жоктугу жана кызматкерлердин жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөргө туш болгон эмес.
Академиянын вице-президенти Алмаз Алдашев УИАнын изилдөөлөрү үчүн жылына ички дүң өндүрүмдүн 0,08 пайызы — 60 миң АКШ долларына жакын каражат бөлүнө тургандыгын айтты. Академиянын 1600 кишиден турган кызматкерлери үчүн бул болбогон сумма, ошондуктан жетекчиликке каржылоонун башка булактарын — эл аралык гранттарды же башка чегеримдерди издеп табууга туура келет.
Алдашев 60 жылдын аралыгында кыргыз окумуштуулары көп нерселерге жетишкендигин, бирок мактанууга боло турган ойлоп табуулар менен ачылыштардын көпчүлүгү Советтер союзу таркаганга чейин жасалгандыгын айтууда.
Космос станциялары үчүн бургулоо жабдуулары
Качан: 1976-жыл;
Ким тарабынан: Олег Алимов;
Пайдасы: Ай менен Венеранын тоотектерин изилдөө;
УИАнын академиги Олег Алимов 1976-жылы учурулган планеталар аралык «Луна-24» космос станциясы үчүн бургулоо машинасын конструкциялаган. Ал жабдуулардын жардамы менен окумуштууларга ай тоотектеринин үлгүлөрүн алууга мүмкүн болгон.
Кийинчерээк, Алимов Венерага учурулган «Венера-13» жана «Венера-14» космос аппараттары үчүн бургулоолорду түзгөн. Алар аталган планетанын бетин түстүү сүрөткө түшүргөн алгачкы станциялар болушкан.
Жашыруун кан алмаштыруулар
Качан: белгисиз;
Ким тарабынан: В. Яковлев;
Пайдасы: жаныбардын канын адамдын керектөөлөрү үчүн пайдалануу;
Жаныбарлардын модификацияланган канын адамга куюу үчүн пайдалануунун жолдорун издөө — УИАда жүргүзүлгөн жашыруун иштеп чыгуулардын бири, дейт Алдашев.
Анын айтымында, изилдөө аскердик мүнөзгө ээ болгон, бирок Советтер союзунун таркашынан жана андан кийинки каражаттын жетишсиздигинен улам аягына чейин чыгарылбай калган.
Сурьма тазалоо технологиясы
Качан: 1963-1968-жылдар;
Ким тарабынан: Мамыт Усубакунов;
Пайдасы: сурьма тазалоо прецессинде каражатты үнөмдөө;
Сурьманы тазалоонун жаңы ыкмасы УИАнын мүчө-корреспонденти Мамыт Усубакунов тарабынан 1960-жылдардын ортосунда ачылган. Ион алмашуу ыкмасына негизделген ал технология сурьма өндүрүүдө жылына 1 млн. совет рублин үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берчү.
«Кадамжай сурьма заводунда өндүрүшкө киргизилип, көптөгөн мезгилге чейин дүйнөдөгү эң таза ыкма катары эсептелип турган технология», — деди Алдашев.
Майда жандыктардын ылаңдарына каршы эмдөө каражаттары
Качан: 1947-1966-жылдар;
Ким тарабынан: Анна Волкова жана Цырен Хандуев;
Пайдасы: малдын саламаттыгын сактоо;
Микробиолог Анна Волкова менен Улуттук Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Цырен Хандуев — түрдүү убактарда малдын жугуштуу ылаңдарына каршы эмдөө каражаттарын иштеп чыгуу менен алектенген окумуштуулар. Кой-эчкилердин ылаңына байланышкан көйгөйлөр менен алгач Волкова алектенген — ал брадзотко каршы эмдөө каражатын ойлоп тапкан.
Брадзот — өтө тездик менен өтө турган жана бир нече мүнөттүн ичинде эле малды өлтүрө турган кой-эчкилердин ылаңы.
Академиянын мүчө-корреспонденти Цырен Хандуев Волкованын изилдөөсүн улантып, койлордун контагинозуна каршы күрөшүү үчүн эмдөө каражатын иштеп чыккан. Эмдөө каражаты өндүрүштүк даярдоо үчүн иштелип чыккан.
Эктим контагинозу — ооз көңдөйүнүн былжырлуу оболочкасында жана ооздун терилеринде коркунучтуу бүртүкчөлөрдүн топтолушу менен баштала турган жугуштуу ылаң.
Улуттук Илимдер академиясынын вице-президентинин айтымында, эктим контагинозуна каршы эмдөө каражаты Жаңы Зеландия, Франция жана Австрияда патенттелген. «Ал аталган ылаңга каршы мыкты эмдөө каражаттарынын бири болуп эсептелинген», — деди ал.
Урандын изотопторун тынчтык максатында пайдалануу
Качан: 1954-жыл;
Ким тарабынан: Павел Чалов;
Пайдасы: көлдөрдүн, дарыялардын жана көлмөлөрдүн жашын аныктоо, суу миграциясын изилдөө;
Физик Павел Чалов — Кыргызстандын тарыхында ачылыш жасаган жалгыз окумуштуу. Чалов өзүнүн илимий публикациясында урандын изотопторун көлдөр менен дарыялардын жашын аныктоо үчүн кантип пайдаланууга боло тургандыгын сүрөттөп берген.
«Ысык-Көл үчүн хлордун топтолушу боюнча аныкталган жаңылыштыктын айланасындагы (110 ± 40 миң жыл) жаш алынган. Бул Чу дарыясы узак убакыт бою Ысык-Көлгө куюп турган деген божомолдоолорду жокко чыгарат», — деп жазган Чалов өз эмгегинде.
Урматтуу окурмандар, эгер сиздерге кыргыз окумуштууларынын башка ойлоп табуулары белгилүү болсо, анда макаланын төмөнкү жагындагы пикир калтыруу бөлүмү аркылуу бизге билдирүүңүздөрдү өтүнөбүз, биз аны бул тизмеге кошобуз.