Турганбаев ИИМ башчысы болду

Депутаттар Мелис Турганбаевдин ИИМ башчысы болуп дайындалышын бир добуштан колдошту. Эксперттер анын дайындалышын нааразычылык маанайлар күч алган каатчылыктын фонунда нааразычылыктарды токтотуу аракеттери менен байланыштырып жатышат.

Парламент жыйынына катышып жаткан 88 депутаттын баары тең Турганбаевдин ички иштер министри кызматына дайындалышын жактырышты.

Медет Төлөгөнов: Турганбаев ИИМдин башына нааразычылыктарды токтотуу үчүн келди

Турганбаев анын талапкерлиги талкууланып жатканда криминал төбөлү катары эсептелген жана АКШнын бийлиги тарабынан изделип жаткан Камчы Көлбаев боюнча «териштирүү» жүргүзө тургандыгын убадалады.

«Көлбаев боюнча жакында териштирүү жүргүзөбүз. Аны мен бошоткон эмесмин, сот бошоткон жана анын конституциялык укуктары бар. Биз аларды чектей албайбыз», — деп жазган АКИпресс агенттиги Турганбаевдин айткандарын.

Ошондой эле ал ИИМдин түзүмдөрүн каржылоо маселесин козгоду. Айтымында, күч түзүмдөрүн каржылоонун төмөндүгү милициянын беделине таасирин тийгизип, көйгөйлөрдү жаратат.

«Белгилей кетиш керек, көйгөйлөрдүн көбү каржылоонун төмөндүгүнө байланыштуу. Бүгүнкү күндө ал керектөөнүн болгону 48 гана пайызын түзөт. Тийиштүү көлөмдөгү каржылоосуз реформаларды жасоо кыйын», — деп жазган 24.kg агенттиги Турганбаевдин айткандарын.

Турганбаев ИИМ башчылыгына мекеменин мурунку башчысы Абылда Суранчиев үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында өз каалоосу менен кызматтан кеткенден кийин дайындалды. Буга чейин ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген.

Турганбаевдин дарегине карата сын-пикирлер оппозициялык активисттердин акциялары милиция тарабынан кууп таратылгандан кийин көбөйө баштаган. Депутаттар аны жарандардын тынчтык жыйындарга болгон укуктарын бузуп жатат деп айыпташкан, бирок ал кезде министрдин милдетин аткарып жаткан Турганбаев кээ бирде митингдер «жарандардын укуктарын буза» тургандыгын билдирген.

Турганбаев — нааразычылыктарды токтотуу үчүн

Турганбаевдин ИИМ башчылыгына келиши коомчулуктагы нааразычылык маанайларды токтотуп, укук коргоо органдарынын системасында кадрдык тазалоолордун башталышы менен байланыштырылууда.

Саясат таануучу Медет Төлөгөнов Kloop.kgге берген маегинде Турганбаевдин дайындалышы — бул энергетикалык каатчылыктын жана коомдогу нааразычылык маанайдын өсүп жаткандыгынын фонунда учурдагы бийликтин логикалуу кадамы экенин айтты.

«Биринчиден, өлкөдөгү нааразычылыктын дэңгээлин милициянын жардамы менен токтотуу зарылдыгы келип жетти, экинчиден — Турганбаев милициянын өзүнүн аракеттерин жакшы көзөмөлдөй ала турган адам», — деп эсептейт саясат таануучу.

Турганбаев ички иштер министринин орун басары болуп дайындалгандан бери милициянын бир нече ири чиновниктери кармалышкан.

Жол эрежесин бузган Бишкектин жашоочусу Назгүл Чодронованын артынан уюштурулган куугун тартылган видео жарыялангандан кийин Турганбаевдин кыргыз интернет чөйрөсүндөгү белгилүүлүгү арткан.

Ал видеодо Чодронова Жол кайгуул кызматынын инспекторлорун «Мелис байкеге» айта тургандыгы менен коркуткан. Бирок Турганбаев кийинчерээк Чодронова менен тааныш эмес экенин билдирген.