Депутат атайын кызматтан АКШнын мамдепартаментинин иш-чарасын текшерүүсүн өтүндү

Парламентарий Ирина Карамушкина атайын кызматтагылардан «Демократия коомдоштугу» жана АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан Бишкекте уюштурулган TechCamp технологиялык иш-чараны текшерүүлөрүн өтүндү.

КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина TechCamp иш-чарасында алдыдагы нааразычылык акцияларына негиз даярдап жатышат деп шектенүүдө.

«Бул уюм [TechCamp] баарына белгилүү. Интернетте ал тууралуу маалымат көп. Алар жаштардын ушундай эле жолугушууларын Киевдеги «Майдан» менен Донецктин алдында өткөрүшкөн. Биздин атайын кызматтагылардын бул абалды эмнеге көзөмөлдөбөй жаткандыктары мага түшүнүксүз. Биздин өлкөдө эч ким азыр Украинада болуп жаткандай жарандык согушту каалабайт», — деди Карамушкина Kloop.kgге берген маегинде.

Парламентарий уюштуруучулар жаш активисттерди «коомдо теңдешсиздик ортонуу» үчүн даярдап жатат деп шектенүүдө.

«Биз мындайды башыбыздан өткөргөнбүз, ошондуктан биздин дүйнөбүз өтө назик. Бирок дагы деле бизди пайдалануулары мүмкүн. [...] Өлкөнүн жарандарынын бири-бири менен тирешип, өз ара түшүнүшпөй турганы кимдир бирөө үчүн пайдалуу. Ачык иштеп жаткан эл аралык уюмдар эч нерсе жашырбастан эле өздөрүнүн иш-чараларына дайыма мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүн чакырышат», — деп эсептейт Карамушкина.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Kloop.kgнин редакциясына жазган катында депутаттын шектенүүлөрү боюнча түшүндүрмө берген жок, бирок TechCampтын эмне экендигин түшүндүрдү.

«TechCamp — өз жамааттарын коргоодо жана жарандардык коомдун демократиядагы негиз болуучу ролун түшүнүүдө жарандык коомчулуктун активдүүлүгүн арттыруу максатында АКШнын Демократия коомдоштугу жана Мамлекеттик департаменти тарабынан уюштурулган семинарлар менен жыйындардын сериясы», — деп жазылган элчиликтин катында.

Элчиликтин билдирүүсүнө ылайык, АКШнын бийлиги өлкөнүн өкмөтү сыяктуу эле Кыргызстандагы демократиянын өнүгүүсүн колдойт — элчиликтин өкүлү мисал катары Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин жарандык коомчулукту колдоо боюнча Нью-Йоркто өткөн иш-чарага катышкандыгын жазган.

«TechCamp жарандык коомчулуктун активисттерин демократиялык башкаруудагы көйгөйлөргө, өкмөт менен жарандык коомчулуктун ортосундагы карым-катнашка жана мамлекеттик башкаруудагы ачыктуулукка байланышкан окутуулар, техникалык каражаттар жана эксперттик баалар менен камсыз кылат», — деп жазылган катта.

Жумуштагы жаңы технологиялар

Иш-чаранын катышуучусу Айбек Самаков TechCampта алар Кыргызстандын өкмөтү менен жарандык коомчулуктун ортосундагы байланышты жакшыртуу үчүн заманбап технологияларды колдонуу маселелерин карап, үйрөнө тургандыктарын айтты.

Аны менен катар Самаков жарандык коомчулук дегенде кеп бейөкмөт уюмдар жөнүндө гана эмес, өлкөнүн жалпы жарандары жөнүндө болуп жаткандыгын белгиледи.

«Эгер алар иш-чарага өзүлөрү келишип, угуп, көрүп, жок дегенде программасын окуп, андан кийин анын негизинде билдирүү жасашса алар тараптан [Ирина Карамушкина тараптан] жакшы жана бардык жагынан ойлонулган кадам болмок. Мага белгилүү болгондой, Карамушкина бул жерде болгон эмес», — деди TechCampтын катышуучусу.

TechCampтын башка катышуучусу Акылай Каримова бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүктөрү эми «Украина ураанынын алдында жаманатты» боло тургандыгын айтып кыжырдануусун билдирди.

«Чындыгында биз жарандык коомчулук жана жамаатыбыздын өнүгүшүндө жаңы технологияларды пайдалануу жолдорун карап жатабыз. Мен жаштар менен иштейм, андыктан алардын жаңы технологиялардын жардамы менен чечимдердин кабыл алынышына жана өз уюмдарынын өнүгүшүнө катышуулары үчүн жаштарды кантип активдештирүү керектигин билүү мен үчүн маанилүү», — деп кошумчалады ал.