«Роснефть» Бишкек май куюу станцияларынын түйүнүн сатып алды

Орусиянын «Роснефть» мунай-газ корпорациясы Бишкек мунай компаниясынын (БМК) акцияларынын 100 пайызын сатып алды.

Орусиянын ири мунай компаниясынын расмий сайтындагы билдирүүгө ылайык, тараптар 2014-жылдын 1-октябрында БМКнын акцияларынын 100 пайызын сатып алуу боюнча биротоло макулдашылган.

Азырынча кыргыз мунай компаниясынын канчага сатылгандыгы айтылбай элек.

БМКнын кабыл алуу бөлүмүнөн азырынча компаниянын «Роснефть» ишканасына сатылгандыгы боюнча түшүндүрмө бербей тургандыктарын айтышты.

Кыргыз мунай компаниясынын сатылышы «Роснефтинин» башчысы Игорь Сечин менен БМКнын башкы директору Александр Ниязов тарабынан 2014-жылдын февралында кол коюлган алкактык макулдашуу боюнча ишке ашкан.

Тараптар келишимди күчүнө киргизүү үчүн Кыргызстандын антимонополдук органдарынын макулдугун күтүп жатышкан болчу.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Экономика министрлиги менен Монополияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттик жеткиликсиз болууда.

2014-жылдын февралында «Роснефть» Бишкектин четиндеги «Манас» аба майданын сатып алуу боюнча Кыргызстандын өкмөтү менен меморандумга кол койгон. Бирок оппозициянын 2014-жылдын апрелиндеги нааразычылыктарынын фонунда макулдашуу жокко чыгарылган.

«Роснефть» — Кыргызстандын күйүүчү май рыногуна келген алгачкы орусиялык мунай-газ корпорация эмес. 2007-жылы Орусиянын «Газпром нефть» компаниясы «НК Альянс» май куюучу станциялардын түйүнүн сатып алган, учурда ал Кыргызстандагы ири мунай компаниясы болуп саналат.

БМКнын сатылышы Кыргызстанда бензинге болгон баалардын үзгүлтүксүз өсүп жатышынын форунда орун алды — жыл башынан бери күйүүчү майдын баасы 25 пайызга көтөрүлгөн.

Дагы окуу: Инфографика: Кыргызстанда акыркы 12 жылдагы бензин баасынын өсүшү

Бишкек мунай компаниясы 2008-жылы негизделген. Компания Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча май куюучу жайлардын 23 түйүнүн башкарат.

Компаниянын сайтындагы маалымат боюнча, БМКнын май куюу жайларына күйүүчү майлар мунайды кайра иштетүүчү Орск («Русснефти» ишканасына таандык), Салават («Татнефть») жана Нижнекамск («Газпром нефть») заводдорунан алынып келинет.

«Роснефть» — мунай чыгаруу жана анын запасы боюнча дүйнөдөгү ири компаниялардын бири болуп эсептелинет. «Форбс» журналынын орус басылмасынын маалыматы боюнча, компания күнүнө 4,5 миллион баррель мунай чыгарат.