«Вечерний Бишкек» басылманы «рейдерлик басып алуунун» артында Атамбаевдин кеңешчиси турат деп шектенүүдө

Президент Алмазбек Атамбаевдин маалыматтык саясат боюнча кеңешчиси Фарид Ниязов Кыргызстандагы популярдуу гезиттердин бири — «Вечерний Бишкекти» «рейдерлик басып алуунун» артында турушу мүмкүн, деп божомолдоодо басылманын редакциясы.

«Вечерний Бишкек» басылмасынын каржы борбору болуп эсептелген «Рубикон» фирмасынын акцияларынын жарымы Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Атамбаевдин жакын санаалаштарына байланышкан басылманын мурунку негиздөөчүлөрү Александр жана Галина Рябушкиндерге берилген.

Редакция муну «рейдерлик басып алуу» деп атап, Биринчи май райондук сотунун артында президенттин маалыматтык саясат боюнча кеңешчиси Фарид Ниязов турат деп шек саноодо.

«Вечерний Бишкек» мындай шектенүүлөрүн өзүнүн сот органдарындагы булактарына жана жогорку кызматтардагы анонимдүү чиновниктердин божомолдоолору менен негиздөөдө — алардын маалыматтары боюнча, Ниязов ишти Рябушкиндин пайдасына чечип берүү өтүнүчү менен сотко кайрылган.

«Президенттин кеңешчисинин Алмазбек Атамбаевдин жеке өзү менен байланышы бар болгондугун эске алуу менен судья «тапшырманы» өлкө башчысынын өзү берген экен деп ойлоп, акылга сыйбаган жана Кыргызстандын мыйзамдарын бузган чечим чыгарса керек», — деп жазган басылма.

Редакция «рейдерлик басып алууну» президент Атамбаевдин өзү менен байланыштырбай эле, бирок анын жакын санаалаштары «кирешелүү медиа-бизнести колго алууну» каалап жатат деп божомолдоодо.

«[...] жарнамалык фирманын кирешеси президенттин өзүнө кызыксыз, бирок мамлекеттин ийгиликсиз маалыматтык саясатынын жана раймий бийликти сындоолордун күчөшүнүн фонунда ири маалымат ресурсун көзөмөлгө алуу мүмкүндүгү сыяктуу эле аны «жандап жүргөн адамдарды» кызыктырышы мүмкүн», — деп жазган басылма.

Басылманын маалыматы боюнча, Ниязов экс-президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адиль Тойгонбаевдин алдында иштеген журналисттерди чогултууда — Тойгонбаев «Вечерний Бишкекти» дээрлик ушундай эле жол менен 2000-жылы «басып алган».

«Ал адамдардан турган топ «Вечерний Бишкекте» иштей турган жаңы команданы даярдап жаткандыгы белгилүү болду. Алардын арасында мурда редакциядан кетирилген Александр Никсдорф жана Акаев бийликтен кеткенден кийин гезиттин башкы редакторунун орун басарлыгынан кеткен Сергей Степановдор бар болуп чыкты», — деп жазган «Вечерний Бишкек».

Басылма Ниязовдон сырткары «рейдерлик басып алуунун» артында Акаевдин мурунку басма сөз катчысы Камил Баялинов менен «Коммерсант» гезитинин Кыргызстандагы баяндамачысы, экс-депутат Кабай Карабеков турушу ыктымалдыгын жазган.

Гезиттин маалыматы боюнча, Карабеков«Вечерний Бишкектин» башкы редакторунун ордун ээлейт имиш.

Түшүндүрмө алуу үчүн Фарид Ниязовдун өзү жеткиликсиз болууда.

Буга чейин Ниязов «Вечерний Бишкекке» берген маегинде «Рубикондун» акцияларынын 50 пайызын берүү жөнүндөгү сотун чечими Кыргызстандагы маалымат чөйрөсүн начарлата тургандыгын билдирип, басылманын шектенүүлөрүн «негизсиз» жана «чагымчыл максатта жасалган» деп атаган.

«Соттун иштин жайын тез эле түшүнүп, бир тараптын пайдасына чечим чыгаргандыгына ишенүү кыйын. Эгер бул чын болсо, анда ал профессионалдуулуктун жетишсиздигинен гана деп үмүттөнөм. Президент Алмазбек Атамбаев дайыма ЖМКлардын да, жеке бизнестин да кызыкчылыктарын жактап келген», — деген анда Ниязов.

«Жапайы ойчабыт»

Александр Никсдорф Kloop.kgге берген маегинде «Вечерний Бишкекте» иштей тургандыгы жөнүндө биринчи жолу учуп жатканын айтты — учурда ал «башка долбоорлор» менен алектенүүдө.

«Мени менен акыркы беш жыл ичинде«Вечёрка» тууралуу эч ким, эч нерсе жөнүндө сүйлөшкөн эмес. [...] Тактап айтканда, бул мен үчүн жаңылык. Ал эмес ушактардын деңгээлинде да уккан эмесмин, жөн гана кимдир бирөөнүн жапайы ойчабыты иштеп кеткендир», — деди Никсдорф.

Басылма тарабынан «рейдерлик басып алууга» шектелип жаткан «Вечерний Бишкектин» мурунку негиздөөчүлөрүнүн бири Александр Рябушкин Kloop.kgге берген маегинде гезиттин билдирүүсү боюнча кийинчерээк түшүндүрмө бере тургандыгын айтты.

«Мен басма сөз жыйынын өткөрөйүн дегем. Бирок азырынча анын кажети деле жок», —деди ал.

«Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасынын башкы редактору Дина Маслованын айтымында, басылма Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими боюнча жогорку баскычтагы сотторго даттанат.

Буга чейин Маслова Kloop.kgнин редактору менен онлайн-жазышуусунда «Рубикондун» акцияларынын 50 пайызын жоготуу басылманын жалпы каржылык туруктуулугуна терс таасирин тийгизе тургандыгын билдирген.

Сүрөт Tushtuk.kg сайтынан алынды