Видео: Бишкекте курмандыкка чалынуучу малды кантип тандоо керек

Курман айттын алдында Kloop.kgнин кабарчылары мал базарда болушуп, курмандыкка чалынуучу мал-жандыктардын баасы канча экенин, кайсыл жактардан алынып келинээрин жана мусулмандардын башкы майрамы үчүн малды кантип туура тандап алуу керектигин билип келишти.

Алдыдагы дем алыш күндөрү — 4чү жана 5-октябрда — Кыргызстандын мусулмандары Курман айт майрамын майрамдаганы жатышат.

Курман айт — мусулман дүйнөсүндө эң чоң майрам катары эсептелинген майрам.

Амур эки жылдан бери Кеминден алынып келинген койлорду сатат. Ал негизинен сатууга койлорду тоо этектериндеги айылдардан алып келе тургандыгын айтты. Бирок майрамдын алдында сатып алуучуларга койдун кайсыл жерде өскөндүгү эмес, а анын жашы менен саламаттыгы маанилүү болот.

«Башкысы, ал бир жаштан өйдө болуп, оорулуу эмес — кулактары ордунда, эки көзү көргөн, тиштери ордунда жана аксак болбошу керек», — дейт Амур.

Ал былтыркыга караганда быйыл баалар төмөн экенин айтты — жайдын кургакчыл болгондугунан улам малга тоют аз болуп, союуга сатып жатышат.

«Азыр меники бир жарым, эки жаштагылар. 8000 жана 8500 сомдон. Бирок баалар койдун канча килограммдан таза эт бере тургандыгына, майлуу же эттүү экендигине да көз каранды болот. Адамдардай эле ар бир кой ар башкача болот», — деп тамашалады сатуучу.

Базарда койдун баасы тукумуна, жашына жана салмагына жараша ар түрдүү болот.

Мисалы, жаш кочкорлор 20 миң сомдон башталат. Алардын салмагы 140 килограммга чейин жетиши мүмкүн.

Тууй элек ургаачы жаш койлор — «козулар» — 15 миң сомдон жогору турат. Алардын салмагы 25 килограммдан өйдө болот.

10 килограммга чейинки асыл тукумдуу койлор союуга өтө сейрек өтөт — аларды жаңы тукум алуу үчүн пайдаланышат.

Шухрат койлорду Нарын облусунун бийик тоолуу жайытындагы кой короосунан алып келет. Жалаң интернет аркылуу сатат — быйыл майрам алдында сатыкка алып чыккан малынын баары «бир жумада эле өтүп кеткен».

«Ооба, майрамга карата сатып алышат. Оорулу эмес, мүйүздөрү бүтүн, көздөрү чалыр эмес, аксак эмес, тың тургандарын тандап алуу керек», — деди ал.

Шухрат койлорун салмагына жараша 6500 сомдон 12 миң сомго чейинки баада саткандыгын айтты.

Ал эттин даамы койдун өскөн жерине жараша айырмаланат деп эсептейт.

«Тоодо туз бар, а бул жерде (Бишкектин айланасында) тузду өзүлөрү берүүлөрү керек болот. Мен койлорду Кочкордун тоо этектериндеги кой короолордон алып келем. Алар жайлоодо жайы бою болушат да төмөн жакка ноябрларда түшүшөт, жаштары андан эртерээк түшүшөт», — деди ал.

Үй жандыктарын саткан Исматтын айтымында, Курман айттын алдында койлорго болгон баалар жогорулайт.

«Жаратканга жакындоо»

Курмандык деген сөздүн мааниси «жакын болуу, Жаратканга жакындоо» -дегенди түшүндүрөт.

Мусулмандар кой гана эмес, уй, эчки жана төөлөрдү да курмандыкка чалышат. Бирок Кыргызстанда салттуу түрдө кой союушат.

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы өз кайрылуусунда курмандыкка чалынуучу мал-жандыктардын кандай болуулары керектиги жөнүндө маалымат берген.

Курмандыкка союла турган кой-эчки 1 жашка толгон болушу керек.

«Кой-эчки 1 жаш болушу абзел. Эгер 8 айлык козу 1 жашка чыккан токтудай тулку бою ири жана семиз болсо, аны курмандыкка чалууга уруксат берилет», — деп жазылган Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын расмий кайрылуусунда.

Курмандыкка чалына турган мал тынч болуп, чочуган абалда болбошу керек.

«Курмандык малды союла турган жерине жулкуп-улкубай алып баруу кажет», — деп кеңеш берет Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы.

Айт намазы окулган жерлерде курмандык Айт намазынан мурда союлбашы керек. Курмандыкты айттын үчүнчү күнү күн батканга чейин чалууга мүмкүн.

Курмандык чалганда жандыкты союп, кан агызуу керек. Болбосо, курмандык чалуу ибадаты аткарылбаган болуп эсептелет.