Кыргызстан ББга киргенден кийин мыйзамдар кандай болуп өзгөрөт: Техникалык кароо кайтып келип, бажы төлөмдөрү өзгөрөт

Парламент Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча мыйзам долбоорлордун биринчи пакетин карады. Kloop.kgнин редакциясы биримдикке киргенден кийин кайсыл мыйзамдардын алмаша тургандыгын түшүндүргөн материалдардын сериясын чыгарып баштады.

Кыргызстандын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн алгачкы пакети 16 документтен турат — жалпысынан Бажы биримдигинин критерийлерине ылайык келтирүү үчүн өлкө бийлиги 40ка чукул мыйзам долбоорун кабыл алуусу керек.

Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, Кыргызстан Бажы биримдигине 2015-жылдын башталышына чейин кирүү ниетинде. Бул процесс Кыргызстандын биримдикке киришинин пайдалуу жактары жана терс кесепеттери тууралуу көптөгөн талашып-тартышуулар менен коштолууда.

Kloop.kgнин редакциясы лицензиялоо, маңзаты, жол коопсуздугу жана бажы тарифтери тармагына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү алгачкы төрт документти талдоого алды.

3288150201_4913ce4c9a_oЛицензиялоо тармагындагы өзгөрүүлөр

Жаңы киргизилчү тартиптер:

  • Лицензиянын жаңы түрү — өзгөчө;

Өзгөчө лицензия — бул макулдашуунун предметин күн мурунтан сүйлөшүлгөн чекте пайдаланууга өзгөчө укук берчү лицензия. Аны менен катар өзгөчө лицензияны берип жаткан тарап андай лицензияны үчүнчү тарапка бербейт.

Төмөндөгүлөргө лицензия алуу керек болот:

  • курал-жарактар менен аскер техникаларын, ошондой эле аскердик максаттарга багытталган бардык продукцияларды импортто жана экспорттого;
  • Бажы биримдигинин өлкөлөрү тарабынан тыюу салынган же чектелген спецификалык товарларды импорттоо, экспортто жана чек арадан ташып өткөрүүгө;

Төмөндөгүлөргө уруксат алуунун кереги жок болот:

  • экинчи жолу пайдалануу максатында мурда пайдаланылган унаа дөңгөлөктөрүн алып келүүгө;
  • маданий баалуулуктарды ташуу укугуна;
  • жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин, алардын бөлүктөрүн Кыргызстанга ташып келүү же анын аймагынын сыртына алып чыгууга;
  • жашыруун маалымат алууга арналган атайын техникалык каражаттарды ташып келүү, Кыргызстандын аймагынын сыртына чыгаруу, иштеп чыгуу, өндүрүү, сатуу, сатып алуу, сактоо жана бир жерден экинчи жерге ташууга;
  • шифрдөө каражаттарын, шифрдөө үчүн программалардын пакетин жана шифрдөө каражаттары үчүн нормативдик-техникалык документацияларды Кыргызстандын аймагына алып кирүүгө жана алып чыгууга;

Лицензия менен уруксат берүүдөгү чектөөлөр:

  • маңзаты, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду өлкөгө алып кирүү, алып чыгуу жана иштеп чыгууга байланышкан ишмердүүлүктөргө чектөөлөр киргизилет;

Парламенттик комитеттердин комментарийлери:

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет өзгөртүүлөрдү жалпысынан эч кандай каршылыктарсыз эле кабыл алды. Алгачкы комментарий мыйзамдын текстинде өзгөчө деген лицензиянын жаңы формасынын кайсыл жерде жайгашышы керектиги боюнча болду.

«Бирок «өзгөчө лицензия» термини лицензиянын формасын эмес, а анын лицензия алуучу адамга тиешелүү укуктардын жыйындысын аныктоодогу мазмунун түшүндүрөт деп эсептейбиз», — деп жазылган комитеттин корутундусунда.

Парламенттик комитет экинчи комментарийи менен тышкы экономикалык соода түшүнүгү менен экспорт жана импорт түшүнүктөрүн так байланыштырууну өтүндү.

«Кыргыз Республикасындагы лицензиялоо жана уруксат берүү системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоор боюнча документтердин толук пакети

8116279888_60794f6e83_kМаңзаттары жөнүндөгү мыйзам тармагындагы өзгөрүүлөр

Мыйзамдагы жаңы өзгөртүүлөр:

  • маңзаттары жөнүндөгү мыйзам Кыргызстан катышуучусу болгон эл аралык келишимдер менен көзөмөлдөнүп калды;
  • берилген лицензиялар менен уруксаттар жөнүндөгү маалыматтар чектелген жеткиликтүүлүктөгү маалыматтар болуп калышат;
  • маңзаттарын өлкөгө алып кирүү, алып чыгуу жана ташуу «Лицензиялоо жана уруксат берүү системасы жөнүндөгү» мыйзам менен көзөмөлдөнөт;

Жаңы документтер:

  • жеке тараптар эгер маңзаттарын, психотроптук заттарды же прекурсорлорду дарылык максатында Бажы биримдигинин аймагы боюнча ташый турган болушса аны ырастай турган медициналык документтерге ээ болуулары керек;
  • баңгизаттарды ташуу Кыргызстандын бийлиги тарабынан берилген лицензия же уруксат бар болгон кезде гана жүзөгө ашат;

Праламенттик комитеттердин комментарийлери:

Экономикалык жана фиксалдык саясат боюнча комитет менен Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети киргизилген өзгөртүүлөрдү каршылыксыз кабыл алышып, мыйзам долбоорун Социалдык саясат боюнча комитетке жөнөттү.

Социалдык саясат боюнча комитет өзгөртүүлөрдү каршылыксыз эле жактырды.

«Баңгизаты, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргызстандын мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылсын». Көртсөтүлгөн мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилсин жана анын биринчи окууда кабыл алынышы сунушталсын», — деп жазылган корутундуда.

«Баңгизаты, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндөгү» мыйзам долбоору боюнча документтердин толук пакети

E7860-Korday-entering-KZБажы төлөмдөрү тармагындагы өзгөрүүлөр

Импорттоо жана экспорттоодогу бажы төлөмдөрүн бекитүү тармагындагы тарифтик саясат өлкөнүн тигил же бул товарларды алып кирүүгө болгон бааларды белгилөөсүнө уруксат берет.

Тарифтер тармагында Кыргызстан төмөндөгүлөрдү аныктоосун токтотот:

  • бажы төлөмдөрүнүн бир түрү — өзгөчөсү — Бажы биримдигинин мыйзамдары жана Евразиялык экономикалык комиссиянын чечими боюнча аныкталып калат;
  • товарларды алып келүүдөгү бажы төлөмдөрүнүн чени Бажы биримдигинин Бирдиктүү бажы тарифи менен аныкталат;
  • бажы төлөмдөрү боюнча өзгөчө жеңилдиктер эл аралык макулдашуулардын негизинде берилет;
  • товарларды импорттоо жана экспорттоодогу бажы тарифтеринин бардык түрлөрүн аныктоо үчүн өкмөткө төлөмдөрдүн чени боюнча парламенттин макулдугу керек эмес;

Бажыдагы өзгөчө жеңилдиктер:

  • алынып келинген товарларга болгон бажы төлөмдөрү товарды өндүргөн өлкөгө жараша белгиленет — өзгөчө жеңилдиктерди берүү зарылчылыгы да ушуга көз каранды болот;
  • чет жактан алынып келинген товарларга карата белгилүү бир мөөнөткө төмөнкү чендерди белгилей турган тарифтик квоталар белгилениши мүмкүн, бирок квотадан ашкандан кийин Бажы биримдигинин Бирдиктүү тарифи кайтып келет;
  • квоталар менен товарларды алып кирүү лицензиялардын негизинде ишке ашат;
  • буга чейин тарифтик жеңилдиктер Кыргызстандын Бажы кодекси менен белгиленип келген, бирок өлкө Бажы биримдигине киргенден кийин жеңилдиктер уюмдун Бажы кодекси менен белгиленип калат;

Мыйзамда кайсылар жок болот:

  • Кыргызстандын бажы тарифи Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдүн рыногун үчүнчү өлкөлөрдүн товарларынан коргой турган Бирдиктүү бажы тарифи менен алмаштырылат;
  • Бажы биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн алынып келинген товарлар үчүн «көбүрөөк колдоо көрсөтүү режими» жок болот — алар үчүн Бажы биримдигинин Бирдиктүү бажы тарифи белгиленет;
  • Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмундагы мүчөлүгүнө байланышкан бардык тартиптер жок болот: тариф саясаты, жеңилдиктердин жана өзгөчө жеңилдиктерди берилиши — мунун бардыгы өлкө бийлиги жана Бажы биримдигинин мыйзамдары тарабынан көзөмөлдөнөт;

Парламенттик комитеттердин комментарийлери:

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет өзгөртүүлөрдү каршылыксыз эле кабыл алды.

«Бажы тарифтери жөнүндөгү» мыйзам боюнча документтердин толук пакети

vefa-16Жол кыймылы жөнүндөгү мыйзам тармагындагы өзгөрүүлөр

Алынат (учурда талкууда):

  • Жолдун сапатсыз курулушу, оңдолушу жана реконструкцияланышы үчүн долбоордун аткаруучусунун жеке жоопкерчилиги жазылган 10-берене;
  • Жолдорду оңдоо жана пайдаланууда жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талаптар регламентацияланган 11-берене;
  • транспорт каражаттарын, анын тетиктерин, бөлүктөрүн жана жабдууларын даярдоодогу же сатуудагы коопсуздуктар боюнча талаптар жазылган 14-берене;
  • транспорттук каражаттарды пайдалануунун негиздери жана тартиптери жөнүндөгү 18-берене;

Төмөнкү транспорт каражаттарына техникалык кароо киргизилет:

  • коммерциялык ташуучуларга (такси жана кичи автобустарга);
  • кадимки, атайын жана кооптуу жүктөрдү ташуучуларга;
  • медициналык тез жардам унааларына;
  • өрт өчүрүү унааларына;
  • автокрандарга, самосвалдарга, эвакуаторлорго, жыгач, цемент жана таштанды ташуучу унааларга;
  • максималдуу узундуктагы жүк ташыган унаа каражаттарына;
  • айыл чарба жана токой чарбасындагы тракторлорго;
  • өзү жүрүүчү атайын технологиялык унааларга;
  • түшкөн акчалар менен баалуу жүктөрдү ташуучу транспорттук каражаттарга;
  • юридикалык тараптардын транспорттук каражаттарына;

Техникалык кароодон өтүүнүн тездиги:

— жүргүнчүлөрдү, кооптуу жана атайын жүктөрдү ташуучулар — жылына эки жолудан өтүшөт;
— юридикалык жактардын балансында турган таксилер, жүргүнчү ташуучу жана жүк ташуучу, ошондой эле атайын жана адистештирилген унаа каражаттары чыккан жылдары боюнча төмөндөгүдөй тартипте өтүшөт:

  • 3 жылга чейинкилер — өтүүгө тийиштүү эмес;
  • 3 жылдан 7 жылга чейинкилер — эки жылда бир;
  • 7 жылдан ашкандар — жыл сайын өтүшөт;

Техникалык кароо киргизиле турган транспорттук каражаттардан башкасынын баары тең техникалык кароону өз каалоолору менен өтүшөт.

Техникалык кароодон өткөрүү укугу:

  • Техникалык кароодон адистештирилген диагностикалык борборлор өткөрүшөт;
  • Техникалык тейлөө станциялары (СТО) техникалык кароодон өткөрүү укугуна ээ эмес;

Парламенттик комитеттердин комментарийлери:

Экономикалык жана фиксалдык саясат боюнча комитет өзгөртүүлөрдү кашылыксыз кабыл алды.

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет өзгөртүүлөрдө 10чу, 11чи, 14чү жана 18-беренелердин алынбашы керектигин айтып, өзгөртүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууга жөнөттү.

«Унаа жолдору инвестицияларды тартуу менен курулуп, оңдолуп, ошондой эле жаңы жолдордун курлушу менен калк жашаган түрдүү конуштардагы жолдорду оңдоо пландалып жаткан азыркы мезгилде «Жол кыймылы жөнүндөгү» мыйзамдын 10чу жана 11-беренелеринде жазылган атайын нормалар өтө маанилүү жана керектүү», — деп жазылган комитеттин корутундусунда.

«Кыргыз Республикасынын жол кыймылы жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча документтердин толук пакети.