Тажикстанда социалдык түйүндөр менен «Википедия» тосмолонду

Тажикстандын бийлиги бир нече социалдык түйүндөрдү, «Википедия» интернет-энциклопедиясын жана дагы 200гө чукул сайтты тосмолоп салды. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүлөрү боюнча, бийлик оппозициянын митингке чыгуу чакырыктарынын фонунда ушундай кадамга барган.

Тажикстандын интернет колдонуучулары «ВКонтакте», Facebook социалдык түйүндөрү, Mail.ru почта сервиси жана башка бир катар маалымат агенттиктери сыяктуу 200гө чукул сайтка кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырашты, деп жазууда «Азия-Плюс» тажик басылмасы.

Жаңылыктар порталынын маалыматы боюнча, тажик интернет таркатуучуларына интернет-порталдарга кирүү мүмкүнчүлүктөрүн чектөө талабы менен кат келген.

«Сыягы кээ бир интернет таркатуучуларда сайттардын тизмеси ар кандай болгон окшойт: текшерүү көрсөткөндөй, эгер бир интернет таркатуучуда бир сайт тосмолонгон болсо, башка таркатуучуда ал сайт ачык болууда», — деп жазган «Азия-Плюс».

Тажикстандын түндүгүндө жайгашкан Согди облусу дээрлик толугу менен интернетсиз калды — «Азия-Плюстун» маалыматы боюнча, бир катар жергиликтүү мобилдик операторлор мобилдик интернеттин жоктугун «аларга көз каранды болбогон себептер» менен түшүндүрүп жатышат.

Тажикстандын Байланыш кызматынын өкүлү «Азаттык» радиосунун тажик кызматына берген маегинде сайттардын тосмолонгондугу тууралуу айтылган маалыматтарды четке каккан: «Facebook түйүнүнүн Тажикстанда тосмолонушу жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбейт. Тажикстанда 5-октябрь дем алыш күн болчу, сайттарды тосмолоого эч кимде укук жок болгон», — деп билдирген мекеменин төрага орун басары Рафикджон Шакиров.

Тажикстандын интернет таркатуучуларынын бирлигинин башчысы Асомиддин Атоев «Азия-Плюска» берген маегинде тосмолоонун артында Байланыш кызматы турушу мүмкүндүгүн жана сайттарды колдонууга киргизилген чектөөлөргө оппозициялык «Группа 24түн» 10-октябрга белгиленген митинги себеп болгон болушу ыктымалдыгын божомолдоп айткан.

«Албетте, андай чакырыктарга карата чаралар көрүлүшү керек. Бирок байланышты көзөмөлдөөчүлөр — бул мамлекеттик бийлик өкүлдөрү, дал ошондуктан Байланыш кызматы мыйзамдан сырткары аракеттенип келген «Группа 24төн» айырмаланып, мыйзамдын чегинде аракет көрүүсү керек. Байланышты көзөчөлдөөчүлөрдүн башка ыйгарым укуктары бар жана көзөмөлдөөчү колдонуучулардын укуктарын бузуу менен адамдардын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргобой гана койбостон, тескерисинче, ал кызыкчылыктарга коркунуч жаратууда», — деген Атоев.

Оппозициялык «Группа 24» кыймылы социалдык түйүндөр аркылуу тажикстандыктарды Дүйшөмбү шаарына 10-октябрь күнү жума намазынан кийинки убакытка пландалган митингке чакырган.

Кыймылдын Facebook түйүнүндөгү тобуна ылайык, митинг оппозиция тарабынан жарандардын укуктары менен эркиндиктерин бузуп жатат деп айыпталып аткан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго каршы багытталган.