Бийлик газга болгон тарифтерди 20 пайызга арзандатты

Үстүбүздөгү жылдын октябрынан тарта калк үчүн жаратылыш газынын баасы 20 пайызга — 1 куб метри 16,33 сомдон 12,39 сомго чейин арзандады. Тарифтерди арзандатуу өлкөнүн түштүгүндөгү газ каатчылыгы жана «Газпромдун» көгүлтүр отун жеткирүү боюнча убадаларынын фонунда орун алды.

Баалар үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта Кыргызстандын бардык аймактары үчүн арзандатылды.

Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин маалыматы боюнча, газ орусиялык «Газпром» ишканасынын алдындагы «Газпром Кыргызстан» компаниясы тарабынан жеткирилет.

Газга болгон тарифтерди кайрадан эсептөө ай сайын жүргүзүлүп турат.

«Директордун 2014-жылдын 3-октябрындагы «Калк үчүн жаратылыш газына болгон тарифтер жөнүндөгү» №27 буйругу менен 2014-жылдын 1-октябрынан тарта «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы тарабынан калкка берилип жаткан жаратылыш газынын 1 куб метрине 12,93 сом баасы белгиленди», — деп жазылган тарифтерди арзандатуу жөнүндөгү чечимде.

Түштүктөгү газ каатчылыгы

Азырынча баалардын төмөндөшүн өлкөнүн түндүк облустарынын жашоочулары гана сезе алышат, анткени Кыргызстандын түштүгүнө газ жеткирүү менен Өзбекстандын «УзТрансГаз» компаниясы алектенет.

Өкмөт өлкөдө көгүлтүр отунду бөлүштүрүү жана ташып жеткирүүгө жооптуу болгон мамлекеттик «Кыргызгаз» ишканасын Орусиянын мамлекеттик мунай-газ корпорациясына саткандан кийин Өзбекстан Кыргызстандын түштүк облустарына газ берүүсүн токтоткон болчу.

Анда Ташкент Кыргызстанга газ жеткирүү боюнча келишимди узартуудан баш тарткан.

Түштүктөгү газ каатчылыгы жарандык активисттер менен өлкөнүн ал бөлүгүндө жашаган адамдардын бир нече жолку нааразычылыктарын жараткан. Июндун башында Ошто көгүлтүр отундун жоктугуна нааразы болгон активисттер «ТезекПром» акциясын өткөрүшкөн.

Жылуулук берүү сезону: Кыргызстан кышка «таш доорунда» даярданууда

Анда активисттер парламент депутаттарын эшикке чыгып, бир каптан тезек алып кетүүгө чакырышкан. Бирок акция 20 мүнөткө да созулган эмес, милиция аларды кармап баштаган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Эгемендүүлүк күнүнө карата 31-августта сүйлөгөн куттуктоо сөзүндө газ каатчылыгы 2016-жылга чейин созулаарын айткан.

Өлкө башчысынын айтымында, көйгөйдүн чечилүү ыктымалдыгы «ал убакка чейин өлкөнүн түштүгүн үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо» болушу мүмкүн. Ал иштерге 20 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү жеңилдетилген насыя берген орусиялык «Газпром» көмөктөшөт.

Атамбаевдин айткандарына ылайык, эки жыл ичинде Кыргызстандын бийлиги менен «Газпромдун» өкүлдөрү республиканын түштүгүн газ менен камсыз кылуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча иштелип жаткан эки долбоордун — өлкөнүн түндүгүнөн түштүгүнө газ түтүгүн куруу же Баткен облусунда көмүрдөн газ өндүрүү боюнча завод куруу —  бирин тандап алышат.

«Энергетика министрлиги ал каражатты максаттуу түрдө, Ош шаары жана башка калктуу аймактардын электр энергиясы менен камсыз кылынышын жакшыртуу жана газдын ордуна электр энергиясын же башка альтернативдүү электр менен камсыздоону ишке киргизүү үчүн гана пайдаланышы зарыл. Муну өкмөт катуу көзөмөлгө алуусу керек», — деп билдирген анда президент.

Азыркы учурда өлкөнүн түштүгүндө 60 миң абонент газсыз калууда.