«Оскар» сыйлыгы үчүн күрөштө Кыргызстандын атынан «Курманжан Датка» көрсөтүлөт

Мамлекеттин буйрутмасы менен тартылган «Курманжан Датка» тасмасы престиждүү «Оскар» кино сыйлыгынын шорт-листине кирүү үчүн ат салышат.

Variety билдиргендей, режиссер Садык Шер-Нияз тарабынан тартылган «Курманжан Датка» тарыхый тасмасы Кыргызстандын атынан «Чет тилдеги мыкты тасма» категориясына номинант болууга талапкерлердин тизмесине киргизилди.

«Курманжан Датка» — бюджети 1,5 миллион АКШ долларын түзгөн эгемен Кыргызстандын кинематографиясынын тарыхындагы эң кымбат тасма. Премьерасы 31-августта, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө болгон. Тасма басымдуу түрдө басма сөз каражаттары менен коомчулуктун жакшы бааларына ээ болду. Тасма бүгүнкү күндө да көрсөтүлүп жатат.

Киносынчы Азамат Өмүралиевден комментарий:

«Чет тилдеги мыкты тасма» категориясы үчүн Оскардын комитетинде өздөрүнүн атайын эрежелери бар. Теория жүзүндө шорт-листке — «Оскар» сыйлыгынын номинанттарынын беш талапкерден турган тизмесине —  кирүү үчүн ат салышууга билдирмени каалаган өлкө бере алат. Бирок бир мамлекет бир гана билдирме жөнөтө алат. Ошентип, бул жаңылык төмөндөгүнү түшүндүрөт: Кыргызстандан «Курманжан Датка» тасмасын жөнөтүү чечимине келишкен.

Бул деген тасма автоматтык түрдө сыйлыктын номинанты болуп калат дегенди түшүндүрбөйт. Эми тасма кийинки жылдын 15-январында жарыялана турган көксөгөн шорт-листке кирүү үчүн ондогон башка тасмалар менен ат салышат.

Бирок тасманын мүмкүнчүлүктөрү анча чоң эмес. Быйыл Түркия Канн кинофестивалынын баш байгесин жеңип алган «Кышкы чээн» тасмасын жөнөттү. Бельгиядан Канн фестивалында катышып, бирок тилекке каршы сыйлыксыз калган «Эки күн, бир түн» тасмасы сунушталды — анткен менен бул өз ишинин чеберлери болгон бир тууган Дардендердин тасмасынын кадыр-баркын эч бир жоготпойт. Орусиядан болсо көптөгөн талашып-тартышуулардан кийин «Левиафан» тасмасын жөнөтмөй болушту — бирок Канн фестивалында сценарийи үчүн сыйлыкка ээ болгон ал тасмадан да күмөн санап жатышат. «Афиша» менен «Ведомостиге» жазган абройлуу киносынчы Антон Долин тасманын бардык артыкчылыктарына карабастан анын мүмкүнчүлүктөрү өтө чоң эмес экенин билдирген. Анын айтымында,  «сунуштала турган ондогон тасмалардын арасынан академиктер жөн гана өздөрү үчүн кызыктуураагын тандап алышат». Бул болгондо да өтө таланттуу режиссёр Андрей Звягинцев тарабынан тартылган тасма жөнүндө.

«Курманжан Даткага» жогоруда саналып өткөн тасмалар менен гана ат салышууга туура келбейт. Билдирмелер чындыгында эле өтө көп. Албетте, 15-январда «Курманжан Датканын» ал тизменин катарында болуп калуу ыктымалдыгы бар. Бирок, эгер объективдүү боло турган болсок, ал ыктымалдуулук өтө эле аз».