Видео-колонка: Каатчылык фонунда парламент электр энергиясын үнөмдөбөй эле

Kloop.kgнин кабарчысы Владимир Цай жыйындардын ортосунда парламенттин кызматкерлери башкы залдагы электр жарыгын өчүрбөгөндүктөрүнө көңүл бурган. Болгондо да мындай көрүнүш алдыда электр каатчылыгы боло тургандыгы жөнүндөгү сөздөрдүн фонунда орун алууда.

Парламенттин 8-октябрдагы жыйынында төмөндөгүдөй көрүнүшкө күбө болдум: депутаттардын бардыгы тең түштөнүүгө кетишти, зал бош калды, а жарык болсо күйгөн бойдон калды. Мен санап чыктым, залды жарык кылып турган асмашамдарда 60 ваттан болжол менен 1000 лампа бар, бул капталдагы асмашамдар менен күйүп турган компьютерлерди эсептебегенде.

Бир сааттык түштөнүү маалында 60 киловаттан ашык электр энергиясы сарпталат экен.

Менин үйүмдө бийлик өчүрөбүз деген үч фазалуу электр камсыздоо системасы орнотулган. Мага окшогон үч фазалуу камсыздоо системаларынын ээлерин электр энергиясынын ашыкча сарпталышынын башкы күнөөкөрлөрү деп атап жатышат, бирок жеке мен убактысында төлөп, электр энергиясын үнөмдөйм.

Катуу айтсам кечиргиле, бирок мени жинди катары көрүп жатышкандай сезим калтырууда. Бийликтин өзү буга таптакыр көңүл бурбай туруп эмне себептен элдин электр энергиясын үнөмдөөсүн талап кылып жатканы мен үчүн түшүнүксүз бойдон калууда.

Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн.