ЖКК башчысы: Депутаттар KG сериясындагы номурларды досторуна берип жатышат

Жол кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаев KG сериясындагы мамлекеттик номурлар депутаттардын «тааныштары, туугандары жана балдарына» тарап кетип жаткандыгын билдирди. Парламентарийлердин өзүлөрү андан да «маанилүүрөөк» иштердин бар экендигин билдиришти.

Исаев бул тууралуу 8-октябрда «Азаттык» радиосуна берген маегинде билдирген — анын айтымында, депутаттар өзүлөрүнүн KG номурларын туугандарына же тааныштарына берип жатышат, өз кезегинде алар кийин жол кырсыктарына себеп болушууда.

«Депутаттар башкаларды сындагандан мурда өздөрү тартипти сакташы керек. Анткени аларга берилген KG номурларды депутаттардын достору, жакындары тагынып жүрөт. Мен муну парламентте да айтып бере алам», — деп жазган «Азаттык» Исаевдин айткандарын.

Жол кайгуул кызматынын башчысы бир нече күн мурун «Комсомольская правда» гезитине берген маегинде жол көзөмөлдөө инспекторлору кээ бирде документтерин көрсөткөн KG номурлуу эреже бузгандарды кое бере тургандыктарын мойнуна алган.

Бирок ал инспекторлор принципиалдуу болушуп, унаасына кандай мамлекеттик номурдун тагылгандыгына карабастан эреже бузгандардын бардыгына айып сала тургандыктарын убадалаган.

«Бир нече күн мурун эле документтерин текшерүү үчүн төрт сандан турган KG номурлуу унааны жеке өзүм токтоттум. Көпчүлүк учурларда андай номурлар менен парламент депутаттарынын туугандары же тааныштары жүрүшөт — Жол кайгуул кызматынын инспекторлору аларды текшербейт деп ойлошот. Текшергенде да кандай текшеришет!» — деп жазган гезит Исаевдин айткандарын.

Видео: Мамлекеттик 0043 KG номурлуу «Тойота Камри» жол чырактын кызыл күйүп турганына карабастан каршы тилкеге чыгып өтүп кетүүдө

Депутаттар тарабынан эреже бузуулар болуп жаткандыгы тууралуу Исаевдин басма сөз беттеринде пайда болгон акыркы билдирүүлөрү парламентте талкуу жаратты — депутат Өмүрбек Абдырахманов Жол кайгуул кызматынын башчысын KG номурларды эл өкүлдөрүнүн туугандары менен «ойноштору» пайдаланып жүргөндүктөрү боюнча түшүндүрмө берүүсүн өтүндү.

Бирок анын сөзүн депутаттарды «ыңгайсыз абалга» калтыра турган маселелерди көтөрүү үчүн Исаевди парламентке чакыруунун кереги жок экенин билдирген парламентарий Ирина Карамушкина бөлдү.

«Бизде анын бул айткандарынан да маанилүүрөөк көйгөйлөрүбүз көп. Бизде балдарды зордуктап атышат, жылына 400 баланы зордукташкан, балдарга кордук көрсөтүп жаткан көйгөйлөр бар, биз мугалимдердин айлыктарын көтөрө албай атабыз, анан бул жакка МАИ башчысын чакырып, анын эмне айтканын талкуулайт экенбиз да. Айтса айткандыр, азамат», — деп жазган АКИпресс агенттиги депутаттын айткандарын.

Карамушкинанын өзү эки жыл мурун ага бекитилген мамлекеттик номур тагылган унаанын катышуусундагы жол кырсыгына байланышкан чатакка кабылган. Анда 24.kg маалымат агенттиги кырсык болгон маалда парламентарий унаанын ичинде болгондугун жазган. Карамушкинанын өзү бул маалыматтарды четке кагууда.

KG сериясындагы мамлекеттик номурлуу унаалар көп эле учурларда жол эрежелеринин бузулушу тартылган видеолордун башкы каармандары болуп калышат.

Видео: 0058 KG мамлекеттик номурлуу «Тойота Камри» унаасы каршы тилке менен кетип бара жатат

Колдонуучулар жол эрежелери бузулган учурлар тартылган видеолорду жайгаштырган drive2.kg сайтынын статистикасына ылайык, акыркы 10 айдын ичинде кеминде KG сериясындагы мамлекеттик номурлуу унаалар эреже бузган 7 учур кездешкен.