Адабият боюнча Нобел сыйлыгын француз жазуучусу Патрик Модиано алды

Стокгольмдо эң престиждүү адабият сыйлыгынын лауреатын аташты. Нобел сыйлыгы менен болжолдуу түрдө бир жарым миллион доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлык француз жазуучусу Патрик Модианого ыйгарылды.

Шведция Академиясынын сыйлыкка карата айтылган комментарийинде сыйлык «адамдарды терең ойго салган тагдырларды, оккупациядагы турмуштарды сүрөттөп жазгандыгы үчүн» ыйгарылгандыгы жазылган.

Сыйлык тапшырууга жооптуу катчы Петер Энглунд маалымат жыйынында Патрик Модианону башка француз жазуучусу Марсел Прустка салыштырды. Ошондой эле ал Модиано Франциянын өзүндө абдан белгилүү экенин, бирок аны өлкө сыртында аз окуй тургандыктарын айтты. Бүгүнкү күнгө карата жазуучунун беш чыгармасы орус тилине расмий которулган.

Патрик Модиано 1945-жылы Парижден алыс эмес жерде туулган. Биринчи жолу анын чыгармалары 1968-жылы басылып чыгып, дароо эле окурмандар менен сынчылардын көңүлүн бурган. Романдардан сырткары ал балдарга арналган чыгармалар менен сценарийлерди жазган.

Анын чыгармаларынын көбү автобиографиялык жана Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы Францияны оккупациялоо темасына байланыштуу. Аны менен катар Модианонун өзү романдарындагы оккупация менен чыныгы кыркынчы жылдардагы окуялардын айырмасы чоң экенин белгилейт. Анын романдарындагы башкы темалар — эстелик менен убакыт, унуткаруу жана күнөө сезими.

Быйыл сыйлыктын номинанттарынын арасынан Харуки Мураками менен кениялык жазуучу Нуги Ва Тхионгону бөлүп карап жатышкан. Өткөн жылы адабият категориясында канадалык жазуучу, кыска жазуу жанрынын чебери Элис Монро лауреат болгон.

2014-жылкы Нобел сыйлыктарын тапшыруу жумалыгы уланууда. Буга чейин Шведция Академиясы тарабынан физика, химия жана медицина боюнча лауреаттар жарыяланган. Жакында Академия «бүткүл дүйнөгө тынчтык орнотууга көмөктөшүү» категорясы боюнча сыйлык ээсинин атын атайт.

Автор: Азамат Өмүралиев