Атамбаев энергетика министрин алмаштыруу боюнча пикирин билдирди

Президент Алмазбек Атамбаев энергетика министринин ордунда мекеменин учурдагы башчысы Осмонбек Артыкбаевди эмес, «энергетика тармагынан өсүп чыккан профессионалдуу менеджерди» көргүсү келгендигин билдирди. Өлкө башчысы бул билдирүүсүн Кыргызстан кышында дуушар болушу мүмкүн болгон энергетикалык каатчылыктын фонунда жасады.

Атамбаевдин билдирүүсү президенттин сайтында 9-октябрь күнү күндүз пайда болду – өлкө башчысы анда өкмөттү «пассивдүү позициясы», «кышка карата даярдык маселелерин терең иштеп чыкпагандыгы» жана «жоопкерчиликти мойунга алуудан корккондугу» үчүн сынга алган.

«Ошол эле учурда кыштан кыйналбай чыгуу үчүн жетишпей жаткан 2 млрд. 400 млн кВт саат электр энергиясын чиновниктердин өнөр жайдын жана калктын эсебинен — алардын электрин өчүрүү аркылуу чечүү тууралуу кадамын терең жаңылыштык деп эсептейм!» — деп жазылган билдирүүдө.

Президенттин айтымында, энергетика министринин ордуна «энергетика тармагынан өсүп чыккан, тармактын бардык көйгөйлөрү менен маселелерин терең билген профессионалдуу менеджер керек».

«Энергетиканы башкаруу тармагында айрым кадрдык чечимдерди кабыл алууга убакыт келип жетти. Осмонбек Артыкбаевди таза, аракетчил жетекчи катары билем, бирок бүгүнкү кырдаалда энергетика жана өнөр жай министринин кызматында энергетика тармагынан өсүп чыккан, тармактын бардык көйгөйлөрү менен маселелерин терең билген профессионалдуу менеджер керек», — деди Атамбаев.

Энергетика министрлигинен Kloop.kgге азырынча бул боюнча түшүндүрмө берүүгө даяр эмес экендиктерин, бирок жооптуу билдирүү даярдай тургандыктарын билдиришти.

«Кабарлар» маалымат порталы Атамбаевдин билдирүүсүнөн кийин Артыкбаев кесиптештери менен коштошуп, кызматынан кетүүгө даярданып жатканын билдирди.

«Ал дарегине айтылган айыптоолордун негиздүү экендигин мойнуна алып, тармакты энергетик башкарышы керектиги тууралуу президенттин билдирүүсү менен макул болду», — деп жазган «Кабарлар».

Бирок Энергетика министрлигинен Артыкбаевдин кеткендиги тууралуу маалыматты ырасташкан жок.

«Электр энергиясын коңшулардан сатып алуу»

Атамбаевдин билдирүүсүнүн калган бөлүгү энергетикалык каатчылыктан чыгуу жолдоруна арналган.

Президенттин айтымында, ал өкмөткө электр энергиясынын кошумча көлөмдөрүн коңшу өлкөлөрдөн сатып алуу маселесин иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

«Кыргызстандыктардын көпчүлүгү электр жарыгы, жылуулук, телевидение жана башка тиричилик шарттарысыз отурганча, импорттук электр энергиясына төлөөгө даяр экенин билем. Ошондуктан өкмөт тарифтик саясатты кайрадан карап чыгып, оңдоп-түзөөлөрдү киргизүүгө милдеттүү», — деди Атамбаев.

Бирок өлкө башчысынын билдирүүсүнөн тарифтик саясаттагы кайсыл оңдоп-түзөөлөр — тарифтерди жогорулатуу же төмөндөтүү тууралуу кеп болуп жаткандыгы так түшүнүксүз болууда.

Ошондой эле президент каатчылыктан чыгуунун жана энергетика тармагынын өнүгүүсү үчүн бир нече узак мөөнөттүү жолдорду атаган:

— гидроэлектрстанцияларын гана эмес, жылуулук станцияларын да куруу;
— өлкөнүн түштүгүндө өз газыбызды өндүрүү боюнча заводду долборлоо жана куруу боюнча жумушту тездетүү;
— тарифтик саясатты элге түшүнүктүү кылуу;
— тарифтерди реалдуу талаптарга шайкеш келтирүү;
— коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү;