Бишкектик студент кыз «Miss Internet KG 2014» наамын алды

Улуттук университеттин студенти Айдай Добулбекова жыл сайын өтүүчү «Miss Internet KG 2014» сулуулук сынагынын жеңүүчүсү болду. сынактын финалы 9-октябрда Бишкекте өттү.

«Miss Internet KG 2014» наамынан сырткары Айдай Анталияга барууга эки кишилик жолдомо алды.3120.11.1409110186

Биринчи вице-мисс наамын Борбор Азиядагы Америка университетининин студенти Акылай Сооронбаева алды.3161.10.1408948120

Экинчи вице-мисс Айсулуу Оморова болду.3129.5.1407823491

Miss Internet KG сынагы 2007-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ага каалоочулардын бардыгы катыша алышат — быйыл интернет-добуш берүү аркылуу 10 финалист тандалып алынган.

Уюштуруучулардын билдиришинче, талапкерлер сырткы көрүнүшү жана суулугу боюнча гана эмес, профессиясы жана окуудагы жетишкендиктери боюнча да бааланат. А сынактын өзү болсо Кыргызстандын жаштарынын жакшы образын өлкөнүн ичинде, ошондой эле чет элдик коомчулуктун алдында көтөрөт.