Эгер Кыргызстанда «көз карандысыз соттор» болсо Максим Бакиев өткөрүлүп берилиши мүмкүн

Эгер Кыргызстанда «көз карандысыз соттор, сот адилеттиги болуп, адам укуктары сактала турган болсо» Улуу Британия Максим Бакиевди өткөрүп берүүгө даяр, деди Улуу Британиянын мамлекеттик министри лорд Эдвард Фолкс.

Улуу Британиянын жарандык сот адилеттиги жана укуктук саясат иштери боюнча мамлекеттик юстиция министри лорд Эдвард Фолкс Бириккен Королдуктун чечимине таасир эте турган бир нече себептен улам Максим Бакиевдин качан өткөрүлүп бериле тургандыгынын так мөөнөтүн айтып бере албастыгын билдирди.

«Биздин өкмөт өткөрүп берүү боюнча кимдир бирөө менен сүйлөшүүнүн алдында тигил же бул адамды өткөрүп бере турган өлкөдөгү сот адилеттигинин деңгээлин баалап чыгат. Андан сырткары сот системасынын көз карандуулугунун деңээли менен бардык аспектилер боюнча адам укуктарынын сакталышы бааланат», — деди Фолкс.

Кыргызстанда Максим Бакиев — өлкөдөн качып кеткен президент Курманбек Бакиевдин уулу — коррупцияга, мамлекетке зыян алып келүүгө жана бир нече кызматтык кылмышка күнөөлүү деп табылып, сыртынан 25 жылга кесилген.

Фолкстун айтымында, эгер Улуу Британиянын бийлигинде «бир гана аспект боюнча күмөн саноолор бар болсо», алар өткөрүп берүү боюнча кызматташууга макул болбой коюулары мүмкүн. Аны менен катар ал Кыргызстанда сот системасын реформалоо менен демократиянын өнүгүүсү тармагында «прогресстин» байкалгандыгын кошумчалады.

«Сот системасын реформалоо жана анын көз карандуулугун камсыз кылуу маселеси — татаал жана комплекстүү маселе, ал Кыргызстандан чоң аракеттерди талап кылат. Басма сөздүн эркиндигине болгон кандай гана коркунуч болбосун мени тынчсыздандырат, мен жалган билдирүү таратуу боюнча жакында кабыл алынган өзгөртүүлөрдөн анын белгилүү бир белгилерин көрдүм окшойт», — деди ал.

Кыргыз парламентинин депутаттары 2014-жылдын жазында Кылмыш кодексинин 329-беренесине («көзкөрүнөө жалган билдирүү») киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл алган — эми маалымат каражаттарында же эл алдында кимдир бирөөнүн кылмыш кылгандыгы тууралуу жалган билдирүү таратууга болбойт.

Ошондой эле Фолкс кыргыз парламентинин депутаттарынын «чет элдик агент» жана «гей-пропагандага» тыюу салуу демилгелеринен тынчсызданып жатканын айтты, бирок ал мыйзам долбоорлору боюнча түшүндүрмө берген жок.

Кыргызстандын бийлиги Максим Бакиевдин иши боюнча «кош стандарттуулугу» үчүн Улуу Британияны бир нече жолу айыптаган: биринчи жолу мындай билдирүү 2013-жылдын ортосунда президент Алмазбек Атамбаев тарабынан, экинчи жолу үстүбүздөгү жылдын май айында Тышкы иштер министрлиги тарабынан жасалган.

«Улуу Британия Муаммар Каддафи менен Башар Асаддын уулдарын баш калкалаттыбы? Бул жерде Кыргызстанга карата эмнеге кош стандарттар? Британ бийлиги Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүнө жардам берүүнү каалап жаткандыктарын айтышууда. Бирок бул жалган. Силер бизди тоноп кеткен адамды баш калкалаттыңар. Уурдалган ал каражатты биз таза шайлоо өткөрүү үчүн пайдалансак болмок», — деп жазган британиялык «Гардиан» гезити Атамбаевдин айткандарын.

Максим Бакиев ким?

Максим Бакиев – Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин кичүү уулу.

Атасы өлкө башчысы кезинде ал Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти жетектеп турган.

2010-жылдын 7-апрелдеги мамлекеттик төңкөрүш болуп, Курманбек Бакиев бийликтен кеткенден кийин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Максим Бакиевге карата кылмыш ишин козгогон. Анда ал кызмат абалынан пайдаланып кылмышка катышкан, мамлекеттик насыяны максатсыз пайдаланып, мыйзамсыз алынган акча каражаттын легалдаштырган жана мыйзамсыз курал сактаган деп айыпталган.

2010-жылдын май айында ал Интерполдун изи боюнча эл аралык издөөгө жарыяланган — 2010-жылдын 14-июнунда ал Улуу Британиянын «Фарнборо» аба майданына ижарага алган жеке учак менен келип конгондо британ чек ара агенттиги тарабынан кармалган.

Кийинчерээк ал өмүрү үчүн чочулап Улуу Британиядан саясий башпаанек сурап кайрылган соң, ага ал өлкөнүн аймагында убактылуу жашап турууга уруксат берилген.

2013-жылдын мартында Бишкектин Биринчи май райондук соту мурунку президенттин уулуна карата үй-мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.— сот аны «Түндүк электр» ишканасын сатуу менен мамлекетке 133 миллион долларлык мүлктүк зыян келтирген, ошондой эле «коррупцияга» жана «кылмышка катышууга» күнөөлүү деп тапкан.

Америка Максимди АКШнын мыйзамдары менен тыюу салынган инсайдерлик маалыматтардын негизинде каржы келишимдерди түзгөн деп айыптаган. Бирок ага карата АКШда козголгон иш 2013-жылдын май айында токтотулган.