Тажикстандын борборунда азырынча оппозициянын митинги болгон жок

Дүйшөмбүнүн борборунда бүгүн оппозициянын эч кандай митинги болгон жок, деп билдирди Дусти аянтынан түз алып көрсөтүп жаткан «Азия-Плюс» агенттиги. Жаңылыктар-порталы бирок аянтта милиция «активдешкендигин» билдирүүдө.

Оппозициялык «Группа 24» кыймылынын митинги 10-октябрь күнү жума намазынан кийин Дүйшөмбүнүн борборунда өтүшү керек болчу. Бирок «Азия-Плюс» агенттигинин трансляциясы менен билдирүүлөрүнө ылайык, азырынча эч кандай митинг болгон жок.

«Көчөлөрдө укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн автивдешүүсү байкалды. Дүйшөмбүнүн борбордук мечитиндеги бүгүнкү жума намазы күч түзүмдөрүнүн күчөтүлгөн көзөмөлүндө өттү», — деп жазган агенттик.

Кыймылдын Facebook түйүнүндөгү тобуна ылайык, митинг оппозиция тарабынан жарандардын укуктары менен эркиндиктерин бузуп жатат деп айыпталып аткан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго каршы багытталган.

«Эмомали Рахмондун чиновниктерине, офицерлерине жана генералдарына кайрылуу. Эгер митингде күнөөсүз бир адамдын каны төгүлө турган болсо биздин жеңишибизден кийин (а биз жеңебиз, анткени биздики туура) бардык күнөөлүү чиновниктер, офицерлер, генералдар же Эмомали Рахмондун туугандары биздин сот менен соттолосуңар», — деп жазган топтун администратору Сарафрози Оламафруз.

Тажикстандын бийлиги Дүйшөмбүдө митинг боло тургандыгы жөнүндөгү маалыматка сайттар менен социалдык түйүндөрдү тосмолоп, милицияны оппозициянын аракеттерине карата даярдоо менен реакциясын билдирди.

Тажикстандын интернет колдонуучулары «ВКонтакте», Facebook социалдык түйүндөрү, Mail.ru почта сервиси жана башка бир катар маалымат агенттиктери сыяктуу 200гө чукул сайтка кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырашкан.

«Азия-Плюстун»маалыматы боюнча, тажик интернет таркатуучуларына интернет-порталдарга кирүү мүмкүнчүлүктөрүн чектөө талабы менен кат келген.

«Сыягы кээ бир интернет таркатуучуларда сайттардын тизмеси ар кандай болгон окшойт: текшерүү көрсөткөндөй, эгер бир интернет таркатуучуда бир сайт тосмолонгон болсо, башка таркатуучуда ал сайт ачык болууда», — деп жазган «Азия-Плюс».

Тажикстандын Байланыш кызматынын өкүлү «Азаттык» радиосунун тажик кызматына берген маегинде сайттардын тосмолонгондугу жөнүндөгү маалыматтарды четке каккан:  «Facebook түйүнүнүн Тажикстанда тосмолонушу жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбейт. Тажикстанда 5-октябрь дем алыш күн болчу, сайттарды тосмолоого эч кимде укук жок болгон», — деп билдирген мекеменин төрага орун басары Рафикджон Шакиров.