Учкун: Айылдын 78 жаштагы жашоочусу жоголгон улагын «Твиттер» аркылуу тапты

Нарын облусунун Учкун айылында жашаган 78 жаштагы Салиа апа «Твиттерге» улагы жоголгондугу тууралуу билдирүү жазган. Бир нече күндөн кийин ага телефон чалып, улагы табылгандыгын айтышкан.

Нарын облусунун Учкун айлынын жашоочулары жергиликтүү жамааттык мультимедия борбору тарабынан иштетилген @uchkunmedia жалпы твиттер-эккаунтуна СМС аркылуу твиттер-жөнөтмөгө жазылышкан.

Айылдын 78 жаштагы жашоочусу Салиа апа борборго барып, улагы жоголгондугу тууралуу «Твиттерге» билдирүү жазып коюуларын өтүнгөн:

«Үч күндөн бери бир кара ургаачы улак жок. Жонунда жашыл сыр узата тартылган. 0702273651, Салиа апа», — деп жазылган билдирүүдө.

Бир нече күндөн кийин ага телефон чалышып, жоголгон улагы табылгандыгын айтышкан.

«Эми «Твиттер» мен үчүн чоң иш жасады», — деген ал жергиликтүү журналисттер менен болгон маегинде.

Айыл башчысы Касымакун Мамырбаевдин айтымында, «Твиттер» айылда маалымат алмашуу үчүн пайдаланылат.

«Твиттер» айыл тургундарын өз убагында чогултуп, маанилүү маалматты бардыгына жеткирүүгө жардам берет», — деди ал.

Учкун айылындагы жамааттык мультимедия борборунун координатору Ырыскелди Сыдыков СМС аркылуу твиттер-жөнөтмөгө калктуу конуштун ар кайсы аймагынан 250 киши жазылуу экендигин айтты.

«Биздин твиттер-жөнөтмөбүз айылдын 80 пайызына жеткиликтүү. Жалпысынан Учкунда 2500гө чукул киши жашайт», — деди ал.

Садыковдун айтымында, бул айыл жашоочулары малдарын твиттер-эккаунту аркылуу тапкан биринчи учур эмес — ал эккаунт ачылгандан бери анын жардамы менен 100гө жакын жоголгон мал табылгандыгын айтты.

Материал жергиликтүү журналисттер Алмаз Эшбаев менен Гүлжигит Төлөбек уулунун макаласынын негизинде жазылды.

Кыргыз айылдарында Жамааттык мультимедия борборлорун түзүү боюнча долбоор ЮНЕСКОнун Алматыдагы колдоосунун алдында Kloop Media коомдук корунун техникалык жана чыгармачыл колдоосу менен Европа биримдиги жана БУУнун Кыргызстанда ак ниеттүү башкарууга көмөктөшүү боюнча биргелешкен долбоорунун алкагында ишке ашууда.